Айбат » Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тууралуу документ ратификациялады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тууралуу документ ратификациялады

Россия, КыргызстанОрусиянын Федералдык кеңеши Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду боюнча өкмөт аралык макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу маалыматты 3-июнда Орусиянын “Парламентская газета” басылмасы басты. Аталган документке 2014-жылдын 24-ноябрында Бишкекте кол коюлуп, быйыл март айында орус өкмөтү аны жактырган. Бул документте фонддун уставы, негизги принциптер жана фонддун иштөө тартиптери камтылган.

Фонддун уставдык капиталы 500 млн. долларды түзөт. Анын алгачкы 100 миллион долларын Орусия өткөн жылы которгон. Улуттук банктын планы боюнча быйыл 250 млн. доллар көлөмүндө экинчи транштын келери күтүлүүдө. Ал эми кийинки жылы калган 150 млн. берилет деп пландалган.

Айбат гезити №131



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru