Айбат » Кыргызстанга чагым салгысы келген М.Жемилевди кучактап сүрөткө түшкөн Р.Жээнбеков

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кыргызстанга чагым салгысы келген М.Жемилевди кучактап сүрөткө түшкөн Р.Жээнбеков

Жемилев жана ЖээнбековКрым татарларынын Межлисинин мурдагы төрагасы Мустафа Жемилев жана анын кеңешчиси Рустем Умеровдун 2-июнда эл аралык «Манас» аэропортунан жарым саатка кармалып турушу айрым оппозициячыл маанайдагы саясатчылардын чырагына май тамызды. М.Жемилев бул окуяны өтө көркөмдөгөн билдирүүсүн таратты. Буга карата Тышкы иштер министрлиги Украинага атайын нота жиберип, ага карата чара колдонуу талабын койду. Ошол эле маалда БОКтун мурдагы төрагасы Равшан Жээнбеков Жемилев менен кучакташып сүрөткө түшүп, өзүнүн мамлекети үчүн күйбөй тургандыгын дагы бир жолу ырастады.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркуловдун «Азаттык» радиосуна курган маегине караганда, Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүүгө эч кимдин акысы жоктугу айтылган. «Нотада Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүүгө эч кимдин акысы жок экени айтылган. Достук мамиледеги бир өлкөнүн мамлекеттик ишмери, парламентинин мүчөсү башка өлкөнүн эгемендигине баа бериши эл аралык дипломатиянын эрежелерине туура келбейт. Ошондуктан өз позициябызды билдирүүнү чечтик» дейт ал.

Ал эми Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиевдин билдиришинче, бул окуяны саясатташтыруунун кажети жок. Анын айтымында, бул жерде техникалык жагдайлар түшүнбөстүккө алып келген. «Бул жерде эч кандай саясий буйрук болгон эмес. Ички иштер министрлиги деле кандайдыр бир так эместиктин айынан ал аэропортто 30 мүнөт кармалып калганын түшүндүрдү. Үч саат эмес. Бирок аны саясатташтырып, Москванын буйругу менен кармалды дегенге эч кандай негиз жок. Жемилев мырза Европа парламенттик ассамблеясынын мүчөсү катары Жогорку Кеңештин вице-спикеринин чакыруусу менен келген. Анын өзүбүз чакырып алып, өзүбүз кармамак белек?» деп баса белгилейт К.Иманалиев.

Мына ушундай Кыргызстандын эгемендигине шек келтирген, чуу салган Мустафа Жемилевди Равшан Жээнбеков атайын коноктоп, аны менен кыналыша түшкөн сүрөтүн «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялап, өзүн өзү жарнамалаганына күйбөгөн жериң күл болот да. БОКту жетектеген кезинде кошуна өлкөлөрдүн башчыларына кайрылып бир тилинен жаңылган Равшан Бабырбекович «атын чыкпаса жер өрттө» сыңарындай, эптеп эле бийликке келиш үчүн Жемилев сындуу биздин өлкөнү, элибизди маскаралаган адамдар менен достошуудан дагы кайра кайтпай калгандан сообу деги?

Айбат гезити №131




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru