Айбат » Өмүрбек Текебаев, ЖК депутаты, “Ата мекен” фракциясынын лидери: “Исхак Пирматов эркек болсо мандатын тапшырып кетсин!”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өмүрбек Текебаев, ЖК депутаты, “Ата мекен” фракциясынын лидери: “Исхак Пирматов эркек болсо мандатын тапшырып кетсин!”

ТекебаевПарламенттин кечээги отурумунда “ата мекенчи” Өмүрбек Текебаев эзелки “абысыны” Исхак Пирматовду депутаттык мандатын тапшыруу сунушун айтты. Биз төмөндө Текебаевдин айтканын толук келтиребиз:

– Урматтуу депутаттар, 93-жылы ушул залда Силаев, Биринчи май айылынын акими, Табалдиев, Физприбордун генералдык директору, биз мандатыбызды тапшырдык деп сөз сүйлөп, стенограммага түшүп калып, алардын мандатын ушул залда биз алып койгонбуз. Стенограммага түшкөн сөз – бул документ. 2011-жылы мына ушул трибунадан Исхак Пирматов чыгып, менин иниме, мага каршы жалаа жапкан сөздөрдү сүйлөп, менин сөзүм жалган болсо, мен мандатымды тапшырам, мен жигитмин деп айтты эле. 4 жыл мурун сотко бергем, сотто ары качып, бери качып жүрүп былтыр сентябрда анын айткан сөздөрү жалган деген соттун чечими чыгарды. Шаардык сотко кайрылды. Жогорку сотко кайрылды. Ошентип бул эпопея быйыл бүттү. Сот айтканынын баары жалган, “Фабула” деген гезитке 55 миң тираж менен сөзүн жокко чыгарып, кечирим сурасын деген чечим чыгарды.  Эми башка кеп. Мен бул боюнча сот аткаруучуга кайрылып, Исхак Пирматовду зордоп, күч колдонуу жолу менен 55 миң “Фабулага” заказ бердиртебиз. Кеп башкада. Ал мына ушул трибунадан, мен мандатымды тапшырам деген. Мен стенограмма менен соттун күчүнө кирген чечимин төрагага берип койсом дейм. Борбордук шайлоо комитетине жөнөтсө, алар Пирматовдун өз каалоосу менен мандатын тапшырды деп стенограммадагы сөзүн эске алып, ошондой чечим чыгарыш керек деп эсептейм. Эгерде Исхак Пирматов жигитмин деп, жаңы келгенде ушул жерден ант берип, айткан жайы бар экен. Жигит болсо Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин күтпөстөн мандатын таштап кетсин. Анын ким экенин, кандай иш кылгандыгын Генералдык прокуратура далилдеди. Жан соога деп ар бир депутатка келип, мени салып бербегиле деп жүрүп кутулуп калды. 5 жыл дем алыш, 5 жылга кутулду иммунитет. Бирок мандат бүтөт, мандат бүткөндөн кийин абийир алдында, эл алдында, сот алдында жооп бериш керек. Чындыкты эч убакта жашыра албайсың.

Айбат гезити №131



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru