Айбат » Хиджаб кийиш керекпи, же мектеп формасынбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Хиджаб кийиш керекпи, же мектеп формасынбы?

ХиджапАкыркы жылдарда Кыргызстанда дагы мектеп жашындагы кыздарын хиджаб кийүүгө мажбурлаган ата-энелер көбөйдү. Биз светтик өлкө болгондон кийин мектеп окуучулары кадимкидей эле мектеп формасы менен жүрүшү керек эле. Тилекке каршы диний багыттагы айрым саясатчылар, коомдук ишмерлер кыздардын хиджаб кийүүсүн колдоого алып келишет. Маселен, кече жакында эле «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу хиджаб кийген студенттерге тийишпегилечи дегендей кылган. Мына ушул багытта дагы бир эл өкүлү Эркингүл Иманкожоева мындай пикирин билдирди: «Кече жакында президент Алмазбек Атамбаев «биздин аялдар эч качан хиджаб кийген эмес, күйөөсү бар аялдар жоолук салынган» деп билдирген. Мен президент менен макулмун, биздин чоң апалар хиджаб кийген эмес. Эмнеге бүгүнкү күндө бул тема өтө катуу күчөп келет. Мектепте кыздар хиджаб кийиши керекпи, же жокпу деген суроо көтөрүлүүдө. 2-класста окуган окуучу кыз ишеним тууралуу бир нерсени түшүнөбү? Сиздер жөн гана кыздарды хиджаб кийүүгө мажбурлап кыйнап атасыздар. Алар жөн гана нормалдуу мектеп формасын кийишсин» деди ал.

Айбат гезити №131



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru