Айбат » Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болсо да башка мамлекеттер менен соода алакасын өнүктүрө берет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болсо да башка мамлекеттер менен соода алакасын өнүктүрө берет

ЕвроАзиялык Экономикалык Союз, ЕАЭС, флагЕвразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) боюнча келишимде башка мамлекеттер менен болгон алака боюнча документ 2014-жылдын 29-майында кабыл алынган. Анда уюмга мүчө мамлекеттер үчүнчү өлкө менен да алакасын бекемдей ала турганы камтылган. Бул тууралуу ЕАЭБдин Эл аралык байланыш департаментинин орун басары, Кыргызстанды уюмга кошуу боюнча жумушчу топтун  жооптуу катчысы Федор Черницын “Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу: Тоскоолдуктар жана келечек” аттуу тегерек столдо билдирди.

Ал белгилегендей, 2015-жылдын 2-январында Армения уюмга толук кандуу мүчө болгон жана бул иштер 8-майда аяктаган.

“Биримдик экономикалык гана маселелер менен алектенип, саясаттан алыс. Уюмга кирген бардык мамлекеттер чечимдерди макулдашуу менен ишке ашырат. Кыргызстан андан эмне күтсө болот? Биздин ишенимибизде Кыргызстандын тышкы соода байланышы Казакстан, Белорусия, Орусия менен артат. Бул көрсөткүч эки эсеге артышы ыктымал. Андан сырткары, биримдикке кирген мамлекеттер менен алака жакшырып, биргелешкен ишканалар көбөйөт. Биринчи кезекте бул союз жабык уюм эмес. Кыргызстан уюмга мүчө болуп туруп деле башка мамлекеттер менен соодо-алакасын кеңейте алат. Биз биргелекте мындай иштерди жасасак да болот. Кыскасы ЕАЭБдин кызыкчылыгы ар бир мамлекеттин улуттук кызыкчылыгына төп келет”, – дейт ал.

Айбат гезити №131




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru