Айбат » Парламент да  “Вечеркага” “кой” деди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Парламент да  “Вечеркага” “кой” деди

ПАРЛАМЕНТПарламенттин Адам укугу, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети «Вечерний Бишкек» гезитинин кызматкерлеринин кайрылуусун кароону артка жылдырды. Чындыгында, аталган гезиттин маселеси да Жогорку Кеңештин бир топ эле убактын алчудай. Депутаттар да эс алууга тарап жатканда бир басылманын чарбалык иши менен убакытты кетирбейли деди окшойт.

Биздин маалыматыбыз боюнча «Вечерний Бишкектин» эмгек жамаатынын кайрылуусунда  2006-жылдын 13-мартында Свердлов райондук соту жана ошол эле жылдын 29-майында Бишкек шаардык соту 2000-жылдын 26-апрелинде «Рубикон» ЖЧКсы менен Рябушкин жана «Петровски корп.» мүлктөрдү сатуу-сатып алуу боюнча келишим түзгөнүн күчүндө деген чечим чыгарган деп айтылат. Ошондой эле депутаттарга кайрылган билдирүүдө  бири-бирине карама-каршы келген эки соттук акт бар экендиги, анын кайсынысын аткаруу керектигин аныктап берүү талабы коюлган экен. Андан сырткары «Вечерний Бишкектин» жамааты  Бакиевдер бийликте турганда  Рябушкинге тиешелүү 50 пайыздык үлүш Александр Кимге соттун чечими менен өткөнүн баяндаган.  Алар учурдагы соттордун чечимине каршы экенин айтууда. Бирок, сот органынын ишине парламент кийлигише албай турганы мыйзамда жазылып турат. Закондорду жакшы билген басылманын кожоюндары өз кызматкерлеринин артына туруп алып ушундай кадамдарды жасап жатканы ийгилик алып келбесе керек.

Кантсе да, Жогорку Кеңеш да “кой” деди окшойт. Алар караганда эмне. Же парламент сот болсо бир жөн. Мүмкүн А.Ким парламентте отурган айрым эски бийликтин тарапташтарынан жардам күтүп жаткандыр. Бирок, алар деле мыйзамды буза албайт да азыркы заманда.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №131



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru