Айбат » Кыргыз-тажик чек арасы: Он чакырым тилке такталат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргыз-тажик чек арасы: Он чакырым тилке такталат

чекарачыКыргыз өкмөтү Тажикстан менен Кыргызстандын талаштуу жерлери саналган аймактардын он чакырымын тактоо боюнча документтер даярдалганын билдирүүдө.

Өкмөттүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровдун Би-Би-Сиге билдиришинче, даярдалган документтер жакынкы күндөрү Тажикстандын өкмөтүнө сунушталмакчы:

“Кыргызстандын эксперттик тобу Тажикстан менен талаштуу аймактардын он чакырымын тактоо боюнча долбоор даярдады. Булак агып өткөн, адамдын жетүүсү кыйын болгон райондогу бир гана участоктун айланасында талкуу болгон. Бирок маселе чечилди. Бул аймак бир чакырымды түзөт”.

Искандаров кошумчалагандай, Өзбекстан менен болгон чек араларды тактоо боюнча дагы жылыштар жакында байкалат.

Кыргызстан менен Өзбекстан, Тажикстан ортосундагы чек ара тилкелери СССР ыдыраган соңку жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери такталбай келет. Коңшу өлкөлөр маселени чечүү үчүн бир нече ирет жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү дагы жүргүзүп, бирок жылыштар байкалган эмес.

Анын ордуна Өзбек тарап чек ара коопсуздугун күчөтүп, көптөгөн аймактарга бир жактуу аңдарды казып жана тосмолорду орнотуп алган.

Чек араларды тактоодо Тажикстан жана Өзбекстан 1924-27-жылдардагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү маалындагы документтерге таянып, кыргыз тарап 1955-жылдагы паритеттик комиссиянын материалдарына жана 1961-жылы чыккан жарлыктын негизинде иш алып барып жатканын айтып келатат.

Айбат гезити №131



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru