Айбат » Ариана Чолпонкадырова, «АВЕП» коомдук бирикмесинин өкүлү: «Карагат» долбоору үзүрлүү иштөөдө»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ариана Чолпонкадырова, «АВЕП» коомдук бирикмесинин өкүлү: «Карагат» долбоору үзүрлүү иштөөдө»

Ариана Чолпонкадырова- Ысык-Көл облусунун аймагында «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен «Карагат» долбоорунун жүзөгө ашып баштаганына бир топ убакыт болуп калды. Азыркы тапта аталган долбоор кандай иштеп атат?

– «Кумтөр» компаниясынын колдоосу алдында «Карагат» долбоорунун иштеп баштаганына быйыл үч жылдын жүзү болуп калды. Мына ушул убакыт аралыгында аталган долбоор Ысык-Көл облусунун аймагында ийгиликтүү иштерди жасай алды. Бул долбоор өзүнө беш компонентти камтыйт. Биринчиси – питомниктерди өнүктүрүү, фермерлерди окутуп-үйрөтүү, тамчылатып сугаруу ыкмасын үйрөтүү, кошулган баанын чынжырчасы жана продукцияларды сактоо. Мына ушул багыттарда иштер жасалып келет. «Кумтөрдүн» колдоосу менен балдар үйлөрүнө, балдар бакчаларына да барып, долбоордун негизинде иштерди жасап келдик. Долбоордогу иштерди жүзөгө ашыруу үчүн «Кумтөр» колдоого алган чакан кредиттик компаниялар бар. Андан фермерлер 3-4 жылга чейин 10 пайыздык үстөк менен кредит ала алышат. Фермерлерди окутуп үйрөтүүдө ар бир айылда өздөрүнүн демонстрациялык участоктору бар. Типтүү чарба жумуштарын дагы окутуп үйрөтүү иштери жүрүп атат. Айтор, бул долбоор Ысык-Көл облусунун аймагында жашаган тургундардын жашоо-шартын оңдоого зор салымын кошууда. Жумуш орундары камсыз болуп атат. Мурдагыдай чет мамлекеттерге жумуш издеп кеткендер азайды. Себеби алар өздөрүнүн эле айылында жашап, иштеп жетишээрлик деңгээлде акча каражатын таба алышат. Бул долбоор иштейм деп турган жаштар үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк.

- Долбоордун келечеги кандай болот деп ойлойсуз? Анын жардамы менен бүгүнкү күндө финансылык абалын оңдоп алгандар барбы?

– Долбоордун келечеги жакшы. Анын максаты жогоруда белгилеп кеткенимдей айыл адамдарынын турмуш-шартын жакшыртууга багытталган. Бүгүнкү күндө долбоордун арты менен өз алдыларынча теплицаларды иштетип, жетишээрлик деңгээлде акча каражаттарын таап аткандар бар. үй-бүлөсүн толук камсыз кылышууда. Мындайлар бүгүнкү күндө ондоп саналат. Мен алардын бирөөсүн эле мисал кылып кетейин. Бөкөнбаев айылынан Бакыт Зарлыков аттуу 30 жаштагы жигит бүгүнкү күндө өз алдынча теплица иштетип атат. «Кумтөрдүн» кредиттик компаниясынан 500 миң сом кредит алып ушул ишин баштаган. Буйруса жемишин алып атат.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №131



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru