Айбат » Асылбек ТОКТОГУЛОВ, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы: “Мен паракорчу болсом бул иштин бетин ачпастан эле акчаны таап алып экиге тең бөлүп жаап-жашырып коймокмун…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Асылбек ТОКТОГУЛОВ, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы: “Мен паракорчу болсом бул иштин бетин ачпастан эле акчаны таап алып экиге тең бөлүп жаап-жашырып коймокмун…”

Асылбек ТоктогуловКыргызстан профсоюздар Федерациясынын  уюмунда болуп жаткан иштер жөнүндө толук эмес маалыматтар чыккандыгына байланыштуу бул санда профсоюздардын жалпы ишмердүүлүгү боюнча, анын ичинен укуктук жактан эмгекчилерге  кандай жардам, профсоюздун катардагы мүчөлөрү менен  кандай мамиле түзүлүп  жатканын боюнча коомчулукту маалымдайлы деп  Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы Асылбек Токтогулов менен маектештик.

- Эмгек коопсуздугун камсыздандыруу боюнча – жумуш берүүчүнүн милдети жана жоопкерчиликтери кандай? 

– Мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүз жана атайын институттун жардамысыз, өнөр жайдагы кырсыкты жана кесиптик ооруларды көзөмөлдөөчү-социалдык камсыздандыруу кызматкерлерисиз, иш берүүчү өз алдынча жогорку деңгээлде ишмердүүлүгүн алып кете албасын жашоо көрсөтүп турат. Эмгек коопсуздугун түзүүдө баардык зарыл болгон шарттар эң керектүү жана учур талабы, өндүрүштөгү кырсык жана кесиптик ооруларды социалдык жактан милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамы Россияда, Белоруссияда жана Казакстанда ийгиликтүү иштей баштады. Ошондуктан өндүрүштөгү кырсыкты жана кесиптик ооруларды социалдык жактан милдеттүү түрдө камсыздандыруу-азыркы учурдун мыйзам талабы.

- Сиз жетектеп баштагандан тарта кандай иштер аткарылып, профсоюзда кайсы иштер иш жүзүнө ашырылды?

– Тилекке каршы республикадагы минималдык  айлык акы абдан аз. Алган айлык акысы үй-бүлөсүн бакканга жетпейт. Андан сырткары, бюджеттик мекемелерде дагы айлык акы маселеси абдан орчундуу, көйгөйлүү бойдон турат. Кыргызстан профсоюздар Федерациясы Жогорку Кеңешке, Өкмөткө, министрликтерге маянанын өлчөмүн көтөрүү маселелерин демилгелеп, карапайым кызматкерлердин кызыкчылыктарын коргоп,  Өкмөттүн, каржы министрлигинин, билим жана илим министрлигинин колдоосу менен мугалимдердин, андан сырткары, гидромедцентрлерде иштеген кызматкерлердин, токойчулардыкы, сугатчылардын  айлык акысын күздөн баштап 50 пайызга көтөрттүргөнгө таасир эттик.

2012 жылы азыркы Эмгек Кодексти өзгөртөбүз деп чыкканда, өзгөрүү эмгекчилерге терс таасирин тийгизерин билип профсоюздар каршы чыгып, аны азыркы бойдон сактап калдык. Биздин демилгебиз менен, Эмгек Кодексине соңку 3 жылда 17 беренге өзгөртүү жана толуктоо киргиздик, алар: 3, 20, 26, 57, 59, 64, 65, 70, 79, 83, 106, 113, 130, 133, 151, 188, 205. Учурда боюнда бар айым кызматкерлердин жана декретке чыкканда бериле турган пособиянын өлчөмүн жогорулатуу демилгеси Өкмөткө сунуштадык. Эмгекчилердин кызыкчылыктарын коргоо жана укуктарын күчөтүү максатында Административдик, кылмыш жоопкерчилигин толуктоо, өзгөртүүлөр киргизилди. 3 жылдын ичинде 79 мыйзам долбоорлорун жана токтомдор профсоюздук экспертизадан өткөрдүк, ошол эле кезде эмгекке тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгарышына түз катыштык. Андан тышкары, 5000 ашуун мыйзам бузууларды аныктадык, алар – убагында айлыктын төлөнбөшү, мыйзамсыз жумуштан бошотуусу, эмгек коопсуздугун сакталбашы ж.б. 1044 жарандын эмгек укуктарын тургуздук,  140 киши мыйзамсыз жумуштан бошотулган үчүн кайра жумушуна тургуздук, 419 сот процесстерине катыштык, 419 сотторго доо арызын жөнөттүк, 24 465 консультация берилди анын ичине кат жүзүндө 3936, жер-жерлерде 6341 эмгек комиссиялары түзүлгөн.

Эмгекчилердин укуктарын коргондон тышкары, биз алардын ден-соолугун жана үй-бүлө мүчөлөрүнө эс алдыруу камын көрөбүз. Соңку 2 эле жылда Кыргызстан профсоюздар Федерациясы тарабынан санатория-курорттордо 26 933 эмгекчилер ден-соолуктарын чыңдады, профсоюздардын профилакторияларда 3875 адам эс алып, дарыланышты, 26 452 балдар жана өспүрүмдөр балдар лагерлеринде эс алышты.

Бул негизги иштерден тышкары, алдыбызда өткөрчү чоң иш-чараларыбыз бар.  2015-жыл биз үчүн өзгөчө жыл. Себеби быйыл Кыргызстанда профсоюздар кыймылынын түзүлгөнүнө 110 жыл болду. Ал эми Кыргызстан профсоюздар Федерациясын расмий түрдө жаралгандыгынын 90 жылдыгы белгиленгени турат. 1905-жылдары Сүлүктү шаарында, Кызыл-Кыяда шахтёрлордун биринчи профсоюздук  кыймылы башталган экен. 1925-жылы 31-мартта атайын 13 тармактык профсоюз биригип, республикада Кыргызстан профсоюздар Федерациясы жаралган. Ошондуктан быйыл атайын Кызыл-Кыя шаары, Баткен, Жалал-Абад облустарына барып шаар активдери, ардагерлери, жалпы профсоюз активдери менен жолугушуп, алдыда боло турган  110 жылдык кыймылынын башталышы жана профсоюз кыймылы жаралган 90 жылдыгына карата старт бердик. Муну  менен биз ар бир кызматкердин эмгекке болгон укугунун корголушуна жакшы шарт түзүүнү пландоодобуз. Быйыл Кыргызстан профсоюздар Федерациясында кезектеги съезди болот. Ошол съезддин алкагында мындан да ишмердүүлүгүбүздү жандандырабыз.

-  Коомчулукта профсоюзда чыр көп болуп атат деген сөздөр айтылып келет. Негизи бул боюнча толук маалымат  бере аласызбы, айтылып аткан сөздөрдүн канчалык деңгээлде чын?

– Жетекчи катары коомдун пикирин ар дайым баалайм. Биздин менчигибиз болгон «Көгүлтүр Ысык-Көл» курортубуз мындан эки жыл мурун абдан оор абалга түшүп калган. Ошондо профсоюздун мүчөлөрү менен бирдикте барып “Көгүлтүр Ысык-Көл” курортунан эки жарым гектардай жерди сатууну жамаат менен бирге чечип, анын акчасын ошол эс алуу жайдын абалын оңдоо иштерине кетиргенбиз. Мына ушунун тегерегинде ар кандай коррупциялык иштер бар деген сөздөр чыкты. Мунун баары карандай калп. Себеби ушул күнгө чейин укук коргоо органдары, эсеп палатасы келип текшеришкен. Ичип алган, жеп алган деген эч кандай факт жок. Бул жөн гана ошонун тегерегинде  айтылып жаткан ушак-айың сөздөр. Пайдаланылбай жаткан кээ бир кыймылсыз мүлктөрдү ишке салыш бүгүнкү күндө ишкерликтин жолу деп ойлойм. Тескерисинче, пайдаланылбай чирип жок болсо, анда профсоюздун кимге кереги бар эле? Анда дагы чирип ирип жатат деген сөздөр чыкмак. Биз ошолорду текке кетирбестен ылайыкташтырып “Көгүлтүр Ысык-Көл”, “Ала-Тоону” оңдоп-түзөп эмгекчилерге замандын талабына дал келген шарт түзүп койдук. Андан сырткары, Жалал-Абад, Ысык-Ата курортун киши тааныгыс кылып жасадык. Кыргызда жакшы сөз бар – «Көргүсү келбеген эч качан көрбөйт, уккусу келбеген эч качан укпайт» деген, ошондуктан элди карап отура бербей өзүбүзчө иш кыла беришибиз керек деп ойлойм.

- Акыркы учурда профсоюздун бюджетинен жоголгон ири суммадагы акча тастыкталса дагы артынан ар кандай сөздөр айтылып жүрөт, бул иш тууралуу айта кетсеңиз?

– Тилекке каршы акыркы учурда ММКларга менин ички оппоненттерим, башкача айтканда, өзүбүздүн эле Кеңештин мүчөлөрү көрө албастык кылып ар кандай чуулгандуу маалыматтарды таратууда. 2015-жылдын бюджети бекигенден кийин отчет маалында өзүбүздүн федерациябыздын бухгалтерлик бөлүмүндө, менде шектүү маселе жаралгандан улам маселе туулган. Ошонун негизинде өзүм изилдеп карап отуруп биздин бухгалтериядан ири өлчөмдөгү акча жетпей калгандыгын тастыктап чыккам. Так айтканда, 4 миллион 325 миң сом. Бул сумманы өзүм таап чыккандан кийин биринчи көргөн чарабыз кассирди алмаштырдым.   Башкы эсепчи келип түшкөн акчалардан өзүнө алып койгон дагы, ал акчаны башка бир жолдор менен жок кылып же болбосо жаап-жашырбастан ачык бойдон калган. Ачыкка чыккандан кийин ал өз мойнуна алып, ошол убакытта эле акт түзүп, кассадагы жоголгон акча менин мойнумда деген документтерди алгандан кийин ал киши ыйлап, бир айдын ичинде ошол сумманы ордуна коем дегенинен жетекчи катары мүмкүнчүлүк бердим. Бирок бир айдын ичинде ордуна кое алган жок. Бул ишти 4 бухгалтер, башкы эсепчи, кассир билген. Ошондуктан Кеңештин аксакал мүчөлөрүнө  кабарлаганымда, алар дагы бир жума берип көр, ордуна коюп коер дешкен эле. Муну соттотуп жибергенде маселе көп жылга кармалып калат деген кеңештерин беришкен. Ошол учурда текшерүү комиссиясы келип, баягы 4 миллион 325 миң сом башкы эсепчинин мойнундагы акчадан башка кошумча дагы 3 миллион 800 миңге жакын каражат жетишсиз деп  жатышат. Учурда Башкы прокуратуранын санкциясы менен башкы эсепчиге иш козголгон. Бул киши алгач акчасын өзүнүн моюнундагысын төлөшү керек. Ал эми текшерүүдөн кийинки чыккан маселени дагы ордуна коюп бергиле деп ИИМге кайрылуу жасадык. Ошол акчаны жеген башкы эсепчи биздин жыйында, атайын түзүлгөн комиссиянын алдында «бул ишти жетекчинин макулдугусуз өзүм жекече жасагам. Мен бул акчаны кайрып берем» деп өз милдетин алды. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ордуна кое албай жатат.  Ошондуктан бул маселе боюнча укук коргоо органдары иш жүргүзүп жатат. Мен ойлойм, бул иштин аягына укук коргоо органдары чекит коюп, эгер төрага күнөөлүү, түшкөн каражатка кол коюптур, катып, жоготконго шарт түзүптүр деген жыйынтык чыгарса, мен күнөөм катары мыйзам алдында жооп берем.

2012-2013 -жылдары текшерүү комиссиясы келип эмнегедир бир дагы ичип-жеп алган деген акт кагазы чыккан эмес. Демек, текшерүү комиссиясы бул ишке үстүртөдөн гана караган. Эгер мен паракорчу болсом бул иштин бетин ачпастан эле акчаны таап алып экиге тең бөлүп жаап-жашырып коймокмун. Бирок мен эч качан андай иштерге барбайм, тескерисинче өзүм мындай иш болгонун өзүм жарыялагам. Тилекке каршы, мындай иштерге жол бербөө үчүн күнөөлүүнү таап чыкканыма жанагы көрө албастыктарын жасап жаткан, чыгарып жаткан ушак сөздөрү болгону ушул. Бирок ушундай иштер болсо дагы профсоюздун негизги ишин андан ары өркүндөтүүгө, алдыга жылдырууга баардык аракетимди жүргүзө берем.

Сталбек Мамыралиев

Айбат гезити №131




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru