Айбат » Бакиевдерге таянып, Темир Сариевди жемелеген Абыкулова колго түштү…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бакиевдерге таянып, Темир Сариевди жемелеген Абыкулова колго түштү…

Акаев качкандагы март ыңкылабынын биринчи күнү марадерлук, талап-тоноочулук сыяктуу баш аламандыктар менен эсте калган болсо, бир аз убакыттар өтпөй жер басып алуучулук деген оору түмөн журтту каптады. Көзү көрүп, кулагы уккандын баары жер берилип жатыптыр деген кабар угушуп шаардын чеке-белин көздөй агылышты. Ал тургай, шаарда жашагандар айылдагы тууган-туушкандарын чакырышып, «бул жакта жер берилип жатат, бекер жатпай келип жер алгыла» деген каңшаар маалыматтар айыл-айылда малын багып, жерин айдап тынч жаткан малчы, дыйкандын баарынын көңүлүн борборго тартты. Илгери 19-кылымдагы Кокон хандыгына жаңы хан келип, жаңы заман алып келгендей көрүнүштү кабылдаган карапайым эгеменчил коомчулук ал кезде Бакиев жаңы президент болуп келип, жерлерди чөнтөгүнөн чыгарып таратып берип жаткандай ага кайра-кайра алкыштарын айтып жатышты.

Жер

Эл чогулуп, ар кай жерге ар түрдүү коомдор ачыла баштады. Кыскасы, ээн жаткан талаа согуш майданындагыдай эле пытырап жатып калды. Ар кай жерде чатыр, вагондор. Кызыл жип байланып, таш менен кере карышталып өлчөнгөн талаалар, тепселген буудай, арпа, жүгөрү. Деги койчу, тынч жаткан Сары-Өзөндүн кең талаасы ошентип апаат күн түшкөндөй бир заматта чаңы асманга сапырылды. Туура эмес жүргүзүлгөн саясаттан улам эл коом-коомго бөлүнүп, топ-топ болуп ар кай жерде жашоо өткөрүп жатышты. Ал ортодо талаш-тартыштын айынан ынтымак кетип, коом менен коом согушкан күндөр да баштан өттү. Чүйдүн эли биздин үлүш жерлер тепсендиде калды деп, чатыр, вагондорду өрттөп тоголотуп, жер басып алуучуларды зыркыратып кубалаганга аргасыз болушту.

Бирок болбоду. Саясат ошондой жүргүзүлдү. Жаныш Бакиев, Адыл Бакиев, Үсөн Сыдыков сыяктуу шылуундар коомчулукту «баскыла, жанчкыла» дешип, ого бетер үгүттөп турушту. Алардын түндүк-түштүк элин эки бөлөк айырмалап караган саясатын жан адам элес алган жок. Үсөн Сыдыков аксакалдын Бакиевдерге берген кеңеши боюнча элге жер берип жакшылык кылып, коомчулукту биротоло колго алып, электорат топтоо саясаты эле. Ал электорат көбүнчө Ош, Жалал-Абад аймактарынан келет деп пландалган болчу. Ал ортодо жер саткан ортомчу шылуундар пайда болду. Ошентип эл экиге бөлүндү: алданган карапайымдар, анан алдамчы шылуундар болуп. Ошондой шылуундардын бири гезитибизде сөз кыла турган Чынара Абыкулова аттуу инсан. Бул жаран элди алдап бир участокту экиден, үчтөн адамга сатып жүргөндүгү үчүн учурда убактылуу кармоочу жайга камалды. Учурда орган кызматкерлеринин карамагында. Жогоруда биз сөз кылган Бакиевдердин жер басып алуучулук саясатында «Асыл ой» деген коомго жетекчилик кылып, анын курамындагы элди пайдаланып, коомго чечилген жерлерди жеке менчигине айландырып, жүргөн. Ал эми басылып алынган жерлерди өзү менен бирге жүргөн тарапташтарына ээ кылбай, өзү билгениндей сатып жок кылып турган. «Асыл ойчулардын» айтымына караганда, Чынара Абыкулова (азыркы фамильясы Турушбекова) убагында Адыл Бакиев менен коюн-колтук алышкан жакшы тааныштар болгон. Ал тургай, Жаныш Бакиевдин буйрутмасы менен жер басып алуу учурунда тоскоолдук көрсөткөн Сокулук эли менен болгон ызы-чууда Темир Сариевди күнөөлөп басма сөз жыйынын өткөзүп, гезиттерге азыркы премьерди болушунча боктогон. Абыкулованын айтымы боюнча, Сариев «Сокулуктун жерин Оштуктар басып алып жатат»-деп элди көкүтүп, уруш чыгарган имиш. Ал эми Сариевдин ал учурда антип элди экиге бөлбөгөнү, тескерисинче жер бөлүштүрүү саясатынын туура эмес жүргүзүлүп жаткандагы Бакиевчил бийликти сындап айткандары телеге тарткан видео архивдерде сакталып калган. Чынара Абыкулова бир канча жер участокторун алдамчылык менен саткан деген кинэ коюлуп убактылуу кармоочу жайга камалганы менен, ден-соолугуна байланыштуу делинип учурда ооруканада жатат. Бирок, «колуң менен кылганды – моюнуң менен тарт» дегендей, эми мыйзамга ылайык канча жер саткандыгы тууралуу маалыматтар басма сөз беттеринен байма-бай чагылдырылып турмакчы.

 

Анара Кененбаева, «Асыл ой» коомунун мүчөсү, жабырлануучу:

- Жер маселеси боюнча чырлашып жүргөн экенсиздер. Көйгөйдү башынан баштасаңыз?

– 2009-жылы жай айларында жер маселеси менен чуркап жүрүп, Чынара Абыкулова деген аял менен таанышып калдым. “Асыл Ой” деген коомдук уюмдун төрайымы  экен. Менде жерлер бар, үйдүнбү же машинанынбы, айтор баалуу нерсе барымтага коюп, алсаң болот дегенинен ага ишенип, сиңдим жолдошу менен кеңешип, үйүн койдук. 1 гектарга акча төксөң 17 участок болуп калат дегенинен мен да кишилерге айтып, жерге барсак, жашыл китебин көргөзүп, мына жакында кызыл китебин алабыз, мамлекетке акча төгүш керек деди. Кийинчерээк гектарын 15 миң долларга чыгарды. 15 миң 800 доллар төгүпмүн. 17 участок берем деп жүрүп, 11 участок берген, анын алтоосун кайра башка бирөөгө (Чолпон, Динара деген аялдарга) сатып ийиптир. Азыр биз алар менен талашып, айлабыз куруганда Чынара Абыкулованын үстүнөн арыздандык. Сокулук РОВДсы карап атат. Бирок, баласы бул апамдын жери деп, арыз жазгандардын айрымдарына жерби же башка нерсе убада кылып атышканбы, алдашып тосмо арыз жаздырып аткандыгын туюп атабыз.

- Чынара Абыкулова ал жерлерди кайдан алыптыр?

– Ч. Абыкулова, азыр фамилиясын Турушбекова деп өзгөртүп алган. 2005-жылы элге кошоп эле жер алам деп, “Ак Ордо” коомуна келип кошулат. Коомдун ал кездеги жетекчиси качып кетип, андан кийинкиси да түзүк иштебегендиктен, юридикалык сабаты бар дешип ушул Ч. Абыкулованы төрайым кылып шайлашат. Анан орто жолдо ал кезде оппозицияда жүргөн Темир Сариевди жамандап жүрүп Акмат Бакиевге жолугат. Ошентип, жер алмай болушат.  Абыкулова “Асыл Ой” коомуна келип, 20 гектар жер алуу үчүн сүйлөштүк дейт дагы, 103 гектар жерди А. Бакиевдин6көрсөтмөсү  аркылуу алат, көрсө ага да убагында  акча төгүп жүргөн экен. Эң кызыгы, жерди коомдун атынан алат дагы, менин наамымда тура берсин десе коомдун мүчөлөрү ага ишенип, макул болуп коюшат. 103 гектар алганын кийин анын үстүнөн арыз түшкөндө билинип олтурбайбы. Кыскасы, уюмга кирген 700 адамдын укугу тебеленди да калды. Ленин РОВДсына кайрылганбыз, ал жерде Абыкулованын келини иштейт экен, Чынараны ооруканага жаткыза коюп, ишти токтотуп койду. Бир топ жерге арыздар түшкөн. Мисалы бул киши 9 гектарды бирөөнө сатса, ошол эле жерди башка бирөөнө да саткан. Баягыл 9 гектар жер 25 гектар болуп кеткен. Бир участокту 2-3 дөн кишиге сатып ийет. Мындай мисалдар толтура.  Азыр эми иш Сокулук РОВДсына түштү. Иш акыйкат каралаар деп күтүп турабыз.

- Сиңдиңиздин үйүн барымтага коюпсуз. Минтип чатакташып жүрсөңөр ал үйдүн тагдыры не болду?

– Ал үйдүн да документтерин Ч. Абыкулова жасатып туруп сатып ийген. Ошол аялдын айынан туугандарга да жаманатты болдум.

 

Роза Нузуралиева, жабырлануучу:

Мен Чынара Абыгулова менен Динара Аманжанова деген айылдашым (Военно Антоновкада жашайбыз) аркылуу жер алгам. Биз 4 гектар деп, гектарын 12 миң доллардан сүйлөшкөнбүз. Барсам менин жерим 4 эмес бир гектарга да чыкпай калды. Акчасын төлөп баштагам. Өзүм Сокулуктун Новопавловка айылындагы Нурлан базарында базарком болуп иштейм. Мурда колхозчулардан үлүш жерлерин сатып алып, аны тронсформация кылып, элге берчүмүн. Анан эле булардын жери арзан чыгып калгандыктан алайын деп, орто жолдо калдым. Бул жерди 4 гектарды мага саткандан кийин башка адамдарга да сатып ийиптир. Бир жерге 4-5 киши барып калып, талаш жаралгандыктан, Сокулуктун РОВДсына жамааттык негизде арыз менен кайрылып каматтырганбыз. Эмне себеп менен билбейм, кайра чыгып кетти. Ал эми райондук тергөөчүлөрү менин чыгымымды 1 млн. 630 миң сом деп жазып берген. Президентке чейин кайрылдык. Акыры бул адам кылган ишин мойну менен тартыш керек да. Чүй облустук ИИБ сы менен Сокулук РОВДСЫ ишти калыс карай баштагандыктан аларды да, бизди да жаманатты кылууга өттү.

 

Токтобүбү Торгоева, «Асыл ой» коомунун мүчөсү, жабырлануучу:

Мен Ч. Абыгуловадан 5 гектар жер рассрочкага алгам. Исаева Бактыгүл деген аялга бересе экен. Ал Абыгулованын жүзүн ачып баштаганда менден 5000 доллар алып, карызын жапкан. Ал мен аркылуу карызын жаап алгандан кийин менин жер алганымды жокко чыгарып, четке түртүп салды. Анысы аз келгенсип, жер сатты, автоунаа алды, үй салды деп жаманатты кылууда. Кайсыл жерди берсең, кайра бүтүн алчы айланайын дедим, айлам кетип. Кыскасы, жеткен шылуун неме экен.

 

Асыл Укуев, «Асыл ой» коомунун мүчөсү, жабырлануучу:

– Ч. Абыгуловадан алты участок рассрочкага алгам. Ишеним кат жазып берип, жерди өзү барып көргөзүп берген. Анын эки участогуна мен фундамент куйдуруп койсом, анын үстүнөн башка бирөөгө сатып ийиптир. Азыр ал жерлерге забор курулуп калыптыр. 1500 доллар колуна бергем, фундаментке канча акча кетти. Азыр эми укук коргоо органдарынан эле акыйкаттык күтүп олтурабыз.

Айтмакчы, Р. Отунбаеванын (Убактылуу Өкмөт) учурунда биз сөз кылып жаткан Ак Ордо 3дүн 519-520-контуру «Асыл ой» коомуна чечилсин деген токтом чыккан деген да маалыматтар айтылып жүрөт.

Кыяз Турдумамбетов

Айбат гезити №131




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru