Айбат » Франклин Рузвельт, АКШнын 32-президенти – “Мен америкалыкмын” деген патриоттук сезимди тирилткен

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Франклин Рузвельт, АКШнын 32-президенти – “Мен америкалыкмын” деген патриоттук сезимди тирилткен

Франклин РузвельтАКШны “улуу депрессиядан” куткарып, ири держава болушуна эгебейсиз салым кошуп жана Американын тарыхындагы төрт жолу шайланган жалгыз президент, улуу реформатор болуп сакталып келе жатат. Ушу күнгө чейин  саясат таануучулар жана тарыхчылардын ортосунда Рузвельтке байланыштуу талаш тартыш жүрүп келет.  Бүгүн сиздерге улуу Америка президенти Франклин Рузвельт жөнүндө баяндамакчыбыз

 

Балалыгы

Франклин Рузвельт 1882-жылы 30-январда бардар үй-бүлөдө туулган . Атасы Жеймс Рузвельткөмүр жана темир жол компанияларынын акциясына ээ, таасирдүү адам болгон, энеси Сара Делано. Бала чагы Гайд-паркта өткөн, Нью-Йорк штатына караштуу Олбани шаарында .

 

Билими

1896-жылы ата-энеси Франклинди Бостонго жакын Гротондогу аристократтардын жеке мектебине берген. Ал бараары менен 3-класска отурган. Мектептин программасына : латын, грек , француз,немец тилдери жана тарых кирген. Франклин көптөгөн моралдык принциптерди өздөштүргөн . Алсак ачууга алдырбоо, билим, эмгек  жана чындык менен жүрүгөөүйрөнгөн .1900-1903-жылдары Гарвард университетинин студенти . Ал англис жана француз адабиятын, латын тилин, тарых, оратордук искусство, укук, экономика ж.б. курстарды тандап алган. Окуу мезгилинде студенттердин газетасы менен активдүү иштешкен жана анын башкы редактору болгон. « Буларга жардам берүү» фондунун мүчөсү. 1903 –жылы Гарвард университетинин бакалавр дипломун алып , кийинки жылы Колумбия университетинин юридика мектебине тапшырган .

 

Үй-бүлөсү

1905-жылы Элеонорага ( Франклиндин 5- муундагы таежеси,1901-1909-жылдардагы АКШнын президенти Теодор Рузвельтин жээни) үйлөнгөн. Франклин тууганына жеке симпатиясы болгон жана ак үйгө келип аны менен кеңешип турган. Кийин өзүнүн саясий тагдыры демократиялык партия менен болсо дагы Теодор менен достук мамилесин үзгөн эмес. Рузвельттин үй-бүлөсү 7 адамдан турган, аялы, кызы жана 4 уулу болгон. Алар Франклин менен башына түшкөн сыноосун, кайгы-капасын, жыргалчылыгын тең бөлүшкөн. Э.Рузвельт АКШнын тарыхында презденттин аялы гана эмес, чыгармачыл адам катары дагы белгилүү. Анын жанындагылардын айтымында, Элеонора күйөөсүнүн «көзү жана кулагы» болуп шайлоо компанияларына катышкан, демократиялык партиянын бүтүндүгүн бекемдөөгө жардам берген, Америкада  жана чет өлкөлөрдөөз макалалары, китептери менен конференцияларда чыгып сөз сүйлөгөн, аялдар кыймылдарын өнүктүрүүгөөз салымын кошкон. Ф.Рузвельт 1907-жылы юридикалык мектепти аяктаган, мамлекеттик экзаменди тапшырбагандыгы  үчүн  диплом албай калган.

 

Ишмердик жол жана шайлоо

1910-жылы анын саясаттык дебюттук жылы болгон. Саясаттагы  дебюту  ийгиликтүү  болуп, 1913-жылы президент В.Вильсон (демократ ) Ф.Рузвельтти аскер-деңиз флоту министиринин орун басары кылып дайындайт. 7 жылдан ашык 1-дүйнөлүк согуштун  алдында жана  жүрүшүндө АКШнын аскер-деңиз флотун чыңдоо менен алектенген.Берилген тапшырманы так аткарган жана көп штаттардын саясий чөйрөсү менен мамилесин үзгөн.1918-жылы узака созулган чет жерлердеги аскер базаларды жана согуштарды кыдыруусун аяктаган.Аскер чөйрөдө тез эле кадыр-барк топтоп, 2 жолу согушуп жаткан армияга жөнөтүүсүн суранган.1920-жылы АКШнын вице-прездентигине талапкерлигин койгон. Демократтардын активдүүлүгүнө карабай шайлоодо жеңилип калышкан.Алардын атаандаштары согуштан кийинки өндүрүштүн өнүгүшүнө кубанып жатышкан.Шайлоодон кийин Ф.Рузвельт Нью-Йорктогу ири финансылык корпорациялардын бирине вице-президент болуп орношкон. Биснес менен бирге эле коомдук иштерге катышып турган: Гарвард университетинин байкоо кеңешинин мүчөсү,аскер-деңиз клубунун президенти,Нью-Йорктогу бойскауттар клубунун төрагасы,«Вудро Вильсон » фондунун негиздөөчүсү,Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жардам берүү комитетинин мүчөсү, Американын географиялык коомунун кеңешинин мүчөсү ж.б. 1928-жылы Франклинди демократиялык партиянын лидерлери Нью-Йорк штанынын губернаторлугуна кандидатын коюуну сунуш кылышкан. Шайлоодо 25 миң ашык добуш менен жеңип чыккан. Анын каршылаштары республикачылар штаттарда жана конгрессте лидерлик орунду ээлеп турушкан. Рузвельт шайлоочулар менен түз сүйлөшүү методун колдонгон . Аялы менен бирдикте штаттарды кыдырып фермерлер, ишкана ээлери жана жумушчулары, мектептер, ооруканалар менен таанышкан. 1933-жылы  2-мөөнөткө 750 миң добуш ашык алып шайланган. Кызматка орношуп жатканда айткан сөздөрүнүн баары иш жүзүнө ашкан : «Мамлекеттин милдеттеринин бири өзүн ар кандай абалдардан улам бага албай калган адамдарга жардам бериш, бул баардык цивилизациялык мамлекеттерде таанылган, бирок аларга садака катарында эмес коомдук жумуштарды аткаргандан кийин гана жардамды беришибиз керек. Башкарууга жаңы адамдарды тартуу зарылчылыгы келип чыккан. Ал Колумбия жана Гарвард университетиндеги профессорлорго , юристерге, экономистерге, айыл-чарба адистерине кайрылып , алар Ф.Рузвельттин « мээ трестин» түзүшкөн.

 

Ден соолугу

1921-жылдын август айы Рузвельттин үй-бүлөсүжана жактоочулары үчүн трагедиялык мезгил болгон.Муздак сууга түшүп келгенден кийин буттары баспай калган, кийин врачтар ага шал(полиомелит) деген диагноз коюшкан.Жакындарынын айтымында физикалык көнүгүүлөрдү жасоо көп күчүн алган. Досторунан Джорджия штатында каралбай калган «Уорм –Спринг»(ысык ачкыч) аттуу курорт бар экенин угуп, ал жерге орулууларга курорт, өзүнө кичинекей үй курдурган.Көп машыгуулардын натыйжасында «ысык ачкыч» суусунда сүзгөндүүйрөнгөн, бирок басуу тилеги ишке ашпай калган. Жанындагыларга алсыздыгын билгизген эмес , ар дайым активдүү, сүйлөшүүгө даяр болуп, жумушта, жолугууларда оорусуна шылтоолоп жеңилдиктерди алган эмес. Биснес менен бирге эле коомдук иштерге катышып турган: Гарвард университетинин байкоо кеңешинин мүчөсү,аскер-деңиз клубунун президенти,Нью-Йорктогу бойскауттар клубунун төрагасы,«Вудро Вильсон » фондунун негиздөөчүсү,Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жардам берүү комитетинин мүчөсү, Американын географиялык коомунун кеңешинин мүчөсү ж.б.

Кара бейшемби

«Кара бейшемби» деп аталган 1929-ж.4-октябры акциянын баасынын төмөндөшүнө , 10 миллиарддык $ жоготууга алып келген. Ушундай абал чынжыр сыяктуу уланып кеткен.1932-жылы өндүрүштөгүөндүрүм 1929-жылдын 50% гана түзгөн.Сатып алуучулук мүмкүнчүлүктүн азайышы жана баалардын төмөндөшү фермерлерди 12 миллиард долларга карыз кылган.Миңдеген фермерлик чарбалар талкаланды жана жумушсуздук көбөйдү. Жумушчулардын жана ачка адамдардын маршы башталды . Депрессияны «Улуу» деп аташат,өлкө финансылык,экономикалык,социалдык алааматка жакындап калган.

 

Президент

1933-жылы АКШ президенттигине  Ф.Рузвельт шайланган,ага 22.8 миллион адам добуш берген(Г.Гувер 15.7 миллион добуш алган).Рузвельт АКШнын 32-президенти болгон.1933-жылы 15-февралда Флорида штатынын Майами шаарынын жашоочулары менен жолугуп жатканда теги италиялык Замара  аны аткан, бирок ок жанындагы Чикагонун мэри Чермака тийип, ал өлүм тапкан.Замара кармалганда Гуверди өлтүргүсү келгенин, бирок ал жок болуп ордуна Рузвельтти аткандыгын айткан. Замара өлүм жазасына тартылган, электрошок менен жаза аткарылган.1933-жылы 4-мартта суук жана күн бүркөк күнү кызматка келип , Капитолияда 100 миң америкалыктардын алдында сөз сүйлөгөн:«Ачык айтууга мезгил келди , өлкөнүн ушундай абалга келишине президент жана жумушун билбеген банкирлер күнөөлүү » деп эсептеген, эл аны колдогон.Рузвельт президенттиктин алгачкы 100 күнүндө эле кризистин сазына батып турган АКШны жандантуу үчүн бир катар зарыл программаларды камтыган “Жаңы багыт” планын иштеп чыгууга жетишкен. Алгач банк системасын калыбына келтирип, анан жумушсуздар менен ачкачылык чеңгелиндегилерге жардам берүүнү колго алган. Айыл-чарба менен өндүрүш тармагына көп көңүл бурган.

Рузвельт тышкы саясатты өтө аяр, сак жүргүзгөн. Экинчи дүйнөлүк согуштун чыгышы менен ал курал-жарак өндүрүүнү жана сатууну алдыңкы орунга коюп, Англия менен Францияга тымызын жардам бере баштаган. Тарыхчы жана аскер адамдарынын айтымында, 1941-жылдын 7-декабрында жапон учактары АКШнын Тынч океандагы Перл-Харбор аттуу аскер базасына кол салбаса, Рузвельттин тышкы саясаттагы ролу ушул темпте сакталып калмак. Маанилүү аскер базасынын кыйрашы менен ал армиясын согушка батыл киргизип, жеңишти тездеткен.

Франклин Делано Рузвельт 1945-жылы 12-апрелде көз жумган. Америка тарыхында ал биринчижолутөртжолушайланган президент жана “улуу реформатор” катары сакталып калган. Ушу күндөсаясаттаануучуларменентарыхчылардынортосундаРузвельткебайланыштуубүтпөгөнталаш-тартышжүрүпкелет. Айрым ойчулдардын пикиринетаянсак, Рузвельт АКШныэкономикалыккризистенкуткарууга так план иштепчыкканэмесэкен. Ичкитуюмдунжардамымененганаишалыпбарыптыр. Анындагыбирөзгөчөлүгүидеясынэлденжашырбаганыболгон. Жасайтурганишитууралуу такай маалымдап, ынандырып, дембериптурган. “Улуу депрессия” убагындаэлдинүзүлгөнүмүтүн ал ошентип “бийиксөздөр” менен кайра жандырган. “Мен америкалыкмын” дегенпатриоттуксезимдинтирилишинеушулпрезидент өбөлгөтүзгөн.Төртмөөнөтичинде ал ачка, алсыраганөлкөнүбутунатургузуп, ал тургайдүйнөлүкаренадачечүүчүролдуойногон “көзүрлүккө” жеткирген

 

 Франклин Рузвельтке таандык цитаталар

“Мен дүйнөдөгү эң акылдуу жигит эмесмин, бирок, акылдуу кызматкерлерди тандай биллем.”

“Бизкоркотурганбиргананерсе бар, ал өзүбүздүнкоркунучубуз.”

“Биздемократиянынбийикүлгүсүболушубузкерек.”

“Согушбулэкиөкмөтортосундагымамиленинорой, адамкерчиликсизыкмасы.”

“Чыныгыжекеэркиндиккеэкономикалыккоопсуздукжанакөзкарандысызжагдайдаганаээболобуз.”

“ Ачка жана жумушсуз адамдар диктатуранын кадрлары.”

“Эрежелер принциптен айырмаланып, такай эле ыйык боло бербейт.”

 Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №131




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru