Айбат » Кечиккен бактым ойго салды…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Турмуш » Кечиккен бактым ойго салды…

МодельКыз бала болгондон кийин турмушка убагында чыгып эрте эле орун алып калганы жакшы экен. А мен болсо бул нерсеге анча маани бербей бир гана карьера деп жүрүп, бир топ убактымды өткөзүп жибериптирмин. Ошол кезде мен үчүн биринчи орунда карьера болчу. Көрсө, аял заты үчүн башкы нерсе бул-үй бүлө тураарын кеч түшүндүм. Бул убакка чейин турмуш куруу   тууралуу көп эле сунуштар болсо да эмнегедир көп ойлонбоптурмун. Отуз жаш курагымда сүйүүгө кабылып бирок, андан да бактысыз болуп калдым.

 

Эмне эле мени үйдөгүлөр уруша беришет?

Билимдүү үй-бүлөдө чоңоюп, мектепте жакшы окудум. Атам да, апамда кесиби боюнча сый-урматка ээ болгон мыкты дарыгерлер. Үйдүн улуу кызымын. Өзүмдөн кичүү үч сиңдим, бир иним бар. Үйдүн улуусу болгонго жумуштун көбүн өзүм жасап, сиңдилеримди эркелетип чоңойттум. Анан бир нерсе туура эмес болуп калса эле  апам менен атам мага асылат да калат. Көрсө мен ошондо эле, “эмнеге мени мынча жаман көрүшөт” деп ойлоп калчы экенмин. Анан өзүмдү жоопкерчиликтүү сезип, кыштын кычыраган   күндөрүндө Ош базарына барып алып, калемсап, дептер сатып иштегенимди апам билип калып абдан урушчу. Же акча жетпейт деп мени жемелегенин да койчу эмес.  Ошентип 11-классты аяктап, жогорку окуу жайга тапшырып калдым. Окшош күндөр өтө берди. Башкалардан бир топ сулуу болсом да абдан тартынчаак кыз элем. Төртүнчү курска келгенде гана Бишкекке келген чет элдик коноктор менен иштеше баштадым. Атайын компаниялар менен сүйлөшүп, тааныштарым көбөйүп калган эле. Ошондо гана ачылып, жакшы кийинип, сулуулук салондоруна бат-бат бара баштадым. Бешинчи курсту аяктап жатканда, эң кооз көйнөктү кийип, эң сулуу болуп балдардын баары мага гана көңүл бурганы жакшы эсимде. Ал күндөрдөн баштап депутаттын балдарына чейин колумду сурагандар болду. Болгону өзүм ыңгайын таап, алардын бирин да кармап кала алган жокмун. Ал кезде дайыма ушундай сулуу болуп жүрө берем деп ойлосом керек.

Убакыт өткөн сайын үйгө батпай, өз апам, сиңдилерим менен тил табыша албай кыйналып кеттим. Тапкан акчамды өзүмө эмес аларга коротчу болдум. Бир аз жакшы кийим алып алсам эле, мага таарынып калчу апам. “Андан көрө үйгө азык алып келсең эмне болмок” деп, кир жуулбай, үй жыйналбай калса да мени күнөөлөп баштачы. Мен мурдагы кичинекей кыз эмес элем. Эми өзүмдү өзүм багып, кенен басып калгам. Туура эмес сүйлөшсө, үйдөгүлөрдүн жообун кайтарып айтышып, акыры такыр тил табыша албай калдык. Жадап кетип, өз үйүм болсо да башка жакка батирге чыгып алдым, кулагым тынч, көңүлүм ток болуп бир аз жеңилдеп калгансыдым. Ошондо деле аларга колумдан келген жардамымды берип жүрдүм.

 

Алгачкы сүйүүм

Арадан убакыт өтө берди.  Кыздар менен сейилдеп жүрүп балдар менен таанышып калып Аслан  деген баланы абдан жактырып калганым эсимде. Ошондо гана эң биринчи жолу ушул ыйык сезимдерге ээ болгонумду сездим. Экөөбүздүн жылдыздарыбыз келишип калгандай болгону менен ал экөөбүз ар кандай себептерден улам ажырашып калдык. Жүрөгүмө чоң үмүттү жандырып  койгон табышмактуу жигитти кийин беш жыл күттүм. Башка балдар менен жүрсөм да аны издей берчүмүн. Акыры ага жолугам, ушул кичинекей Бишкектен кантип кезигишпей калалы деп күтүп, издеп жүрө бердим. Ортодо канча балдар сүйүүсүн арнап, колумду сурап, эмне гана кылышкан жок. Баары бир жүрөгүм аларга орун бербей койду. Мен өз ата-энем менен тил табыша албай көп ойлоноор элем. Жаңы үйдөн бөлүнүп алганда ойго көп батып, көзүмдүн айланасында бырыштар пайда болгонун байкасам да көңүл бурбай жүрө бериптирмин. Эртеден кечке жумуш болуп, өзүмдү караганга деле убакыт болбосо керек.  Өзүм мектепте англис тилинен сабак берчүмүн, кайра сабактан чыгып алып, балдарымдын үйүнө барып кошумча сабак өтүп, айтор, баскан турганыма кенен эле акча тапчумун. Ошондо эле кенен жашаш кыйын болчу. Ошол күндөрдүн биринде бир баламдын үйүнөн чыгып келе жатсам баягы мен канча жылдан бери күткөн Асланым  турат жылмайып мени карап.  Көргөн көзүмө ишенбей сүйүнүп кеткеним, ал тургай жыргап алганым да жакшы эсимде. Көрсө ал мени көрүп калып, күтүп туруптур. Экөөбүз учурашып болуп, анын машинасына түшүп алып, кафелердин бирине барып кечке сүйлөшүп олтурдук. Андан кийин эки жолу жолугушуп, мени үйүнө конокко чакырып калды. Үйүнө барып, чай ичип олтурсак апасы кирип келип, мени жаман көздөрү менен карап бөлөк бөлмөгө кирип кетти. Аслан үйдүн жалгыз баласы, апасынан башка эч кимиси жок экенин жакшы билет элем. Анан экөөбүз тең ыңгайсыз абалда калып, ал такси чакырып мени салып жиберди. Мен аны ушунча жылдан бери күтүп, издеп жүрбөдүм беле. Эмне үчүн апасы мени кабыл алган жок? Көп ойлор кеткени менен, жүрөгүм дале жылып турду. Ошол менен Аслан мага чалганын токтотту. Анан өзүм чала баштадым. Ошол күндөрдүн биринде телефонду абдан назик үнү менен жаш кыз алгандай болду. Асланды сурасам, “сиз кимсиз?” деп мага кызыгып калды. Мен дагы анын ким экенин сурасам, анын аялы болоорун камырабай айтып берди. Кызганып да койгон жок. Анан үйүндө жалгыз экен. Жүрөгүм ооруп, абдан кыйналып кеттим. “Аслан мага бул жөнүндө айткан жок эле, кечирип кой” десем, “кечирим сурабай эле коюңуз, апам мага баарын айтып берди, ал биринчи жолу мындай кылган жок” деп үнү кырылдап кетти. Мен дагы эптеп өзүмө келип, “кандайча?” деп сурап калсам, аябай буулугуп калыптыр, тааныбаган эле мага арманын айтып салды. Көрсө ал Асландын апасынын жакын курбусунун кызы  Асландан он жаш кичүү экен. Башында көрүп абдан жактырып, апасынын да каалоосун аткаргысы келип дароо үйлөнгөнү менен бара-бара чүрөктөрдүн көңүлүндө жүргөн Аслан жаш аялы менен тил табыша албай, акыркы күндөрү үйгө ачык эле кыздарды алып келе баштаптыр. Мүмкүн аялынан ошентип кутулгусу келген чыгаар. Анан аялы да, апасы да көгөрүп, ага өчөшүп көңүл бурбай коюшат экен. Бирок, акыркы күндөрү такыр чыдай албай калганын айтып ыйлап алды. Байкуштун боюнда да бар экен.  Ага боорум ооруганы менен баары бир аны унута албай кийин аны сулуу чүрөк менен көрүп калып,  Аслан мени менен тааныш эместей көрмөксөнгө салып басып кеткенде гана үмүтүм үзүлдү. Андан кийин дагы эки жыл кантип  өткөнүн байкабай калдым. Артымдан калбай ээрчип, кымбат белектерди берип, жүрөгүн арнап жүргөн узун бойлуу, жылдыздуу Тилекти эмнегедир такыр сүйө албай койдум.

 

Ал мени кызганганына сүйүнүп жүрө бериптирмин

Башында эле Тилектин жогорку билими бар болгону менен жумушу жок экенин, ичкилик менен да достошоорун жакшы билгем. Бирок өзүн абдан тыкан алып жүрчү. Ичсе деле аны ичкен адам деп эч ким ойлочу эмес. Ушул эле жетишпеген эки сапаты болгону менен, абдан бала кыял, романтик болчу. Экөөбүз бактылуу күндөрдү өткөрө баштадык. Башында көп маани бербей жүргөн болсом, акыры мен ансыз жашай албасымды  түшүндүм. Жашым өтүп бара жатканынан картайып кете элегимде үйлөнбөсөк да сүйүктүүмдөн төрөп алгым келди. Мүмкүн мага үйлөнөт чыгаар деп да ойлондум.  .

Убакыттын өтүшү менен Тилек мени мурункудан да катуу сүйүп, жанына чыгарбай калды. Сүйүүбүз, ыйык сезимдербиз мурункудан да күчөп, арылгыс болуп калганымды сездим. Ошентип сүйүшүп жүрүп арадан бир жыл кантип өткөнүн билбей калдык. Ал дагы деле жумушка кирген жок. Кээде гана досторуна жардам кылып, акча таба калган жери болбосо ал акчаларынын деле четин көрчү эмесмин. Алса өзү кийинип,  ден- соолугуна кам көрчү. Мен батирде жалгыз тургандыктан акыркы күндөрү чогуу жашап калганбыз.Ичкен жегени менден болуп, баары бекер. Ага деле мейли дедим. Жаш баладай аны сүйүп, көрүнгөндөн мени кызганганына сүйүнүп жүрө бердим. Мына ушундай күндөрдүн биринде биздин бактыбызга балта чабылды. Айтайын дегеним күтпөгөн жерден мага бир кыз чалып  “Тилекти жайына кой анын баласы бар экенин билбейсиңби, мен аялы болом” деп дагы көп сөздөрдү айтты.  Анда Тилек бир жака кеткен болчу. Мен эмне кылаарымды билбей, бул сөзгө ишенээримди же, ишенбесимди билбей бир топко чейин башым маң болуп эле туруп калдым. Кечинде Тилектин келишин аябай күтүп жаттым. “эгерде ал келип ооба, чын ал менин аялым” десе мен эмне болом, дагы ушинтип экинчи сүйүүмөн айрылып каламбы ансыз мен кантип жашайм” деген эле ойлор такыр кетпей койду. Ошентип, Тилек дагы келип калды. Ал келгенде сөздү эмнеден баштаарымды билбей турдум. Тилек муну байкап калдыбы айтор “сага эмне болду эмнеге кыжаалат болуп жатасың оюң башкада го” деди. Мына ушул учурдан пайдаланып баарын айтып бердим. Ал болсо эч камырабастан “Ооба ал менин аялым үч жаштагы балам бар” Ал азыр Таласта турат бирок мен сенден дагы ал аялыман дагы кол үзгүм келбейт деп ойлуу отуруп калды. Тилек экөөбүз ажылдашып деле урушкан жокпуз. Мен дагы унчукпай отурдум. Эми мен эмне кылышым керек Тилектен да ажырагым келбейт, Бирок бирөөнүн бактысы менен бирөө жашай албайт да. Турмуш жолум ушинтип кеч башталса да бактысыз болуп калдым. Мага эмне жараткан сүйүүдөн бак айткан эмес. Ушундай ара жолдо калдым. Меникиндей тагдырды кыздардын бирине да каалабайм. Андыктан балдар менен сүйлөшкөндө олутту мамиле кылып ал жөнүндө жакшылап билип анан турмушка чыккыла деп айткым келет.

Аймончок Бердибаева

Айбат гезити №131




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru