Айбат » Жайды салкын, кышты жылуу кылган кондиционер

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Hi-Tech » Жайды салкын, кышты жылуу кылган кондиционер

Заман талабына ылайык жашоо-шартты жакшыртуу максатында тиричилик технологияларынын нечен түрү кулач жайып, кеңири колдонулуп келет. Мындай учурларда имарат, магазин жана башка ушундай жайлар жайдын ысык аптасында салкын кылып, ал эми кышдын суугунда жылуу кылган кондиционерлерди орнотушат. Бирок, ошол бизди ысыктан, сууктан сактаган кондиционердин  келип чыгуу тарыхын жана анын  пайдасы менен зыяны  бар экенине барыбыз билбесек керек. Бүгүн силерге кондиционердин  тарыхын, пайдасын жана зыянын жөнүндө кеп кылууну чечтик.

жай-кыш

 

Кайда, качан?

Кондиционер – англис сөзү. «Аir» — «аба» жана «condition» — «абалы» дегенди билдирет. Кененирээк мааниде «бөлмөнүн ичиндеги абаны керектүү температурада кармап туруу» деп түшүнсөк болот.

КондиционерУчурдагы кондиционер түшүнүгү алгач 1815-жылы француз окумуштуусу Жанн Шабаннес «абаны кондиционерлөө» методун ишке ашыруу үчүн британиялык патентине ээ болгон мезгилден баштап пайда болгон. Бирок бул ишке ашкан эмес. Алгач кондиционер бөлмөнүн ичин муздатуу үчүн эмес, басмаканасынадагы  нымдуулукту азайтуу максатында 1902-жылы америкалык окумуштуу Уиллис Карриер тарабынан ойлонуп табылган. Биринчи ирет 1929-жылы гана америкалык «General Electrik» компаниясы тарабынан чыгарылган. «Ceneral Elektrik» компаниясы тарабынан кошулмасында адамдын ден соолугуна зыяны жок деп эсептелген аммиак колдонулуп алгачкы “сплит-систем” үлгүсүндөгү кондиционерлер чыгарылып, көчөлөргө орнотула баштаган. Бирок анын адам үчүн зыяндуу жагы көп болгон. Көп убакытка чейин абаны желдетүү жана кондиционерлөө технологиясынын үлгүлөрүн ойлоп табуу иши америкалык илимпоздорго гана тийиштүү болуп келсе, 50-60-жылдары япониялык окумуштуулар тарабынан башкача түрлөрү чыгарыла баштаган. 1958-жылы япониялык «Daikin» компаниясы тарабынан жылуулук сордургуч каражаты өндүрүлүп, имараттарга муздак жана жылуу абаны үйлөп туруу үчүн орнотула баштаган. 1981-жылы япониялык «Toshiba» компаниясы тарабынан кубаттуулугун көзөмөлдөй турган алгачкы сплит-системалык кондиционерлер чыгарылып, 1998-жылы ал дүйнөлүк базардын 95 пайызын камсыз кылган. Ошондон бери кондиционерлер улам өнүктүрүлүп, заманбап түрлөрү чыгып келет.

 

Тандоо, орнотуу жана колдонуу

Кондиционер алардын алдында  биринчи кезекте бөлмөңүздө анын жайгаша турган ордун тактап алганыңыз дурус. Бөлмөңүздө абанын тегиз тарашына, ысыкты же муздакты көрсөткүчүнүн эффективдүү иштешине жана ар түрдүү ооруларды алдын алуунун баары кондиционерди туура орнотуу жана тандоодон көз каранды. Кондиционерлерди орнотууда же монтаждоонун эрежелери  так болбой бузулса анда адамдын ден соолугуна тескери таасирин тийгизип өзүнүн зыянын тийгизиши мүмкүн. Үйлөрдө же  кеңселерде кондиционерди монтаждоо милдеттүү түрдө керебеттин же дивандын артында болуусу шарт. Анткени жашоочулар же кызматкерлер муздак аба агымынын күчтүү толкунуна кабылбашы керек. Ошол эле убакта кондиционердин ички бөлүгүн  шкафтын, эмеректин же башка нерселердин артына катып орнотууга бобойт. Мындай учурда бөлмөдө абанын туура эмес тарашына, минималдуу көрсөткүчтө иштешине жана сиздин электр энергиясына болгон чыгымыңыздын жогорулашына алып келет. Кондиционердин ички бөлүгүн орнотууда анын үстү жагы менен шыптын ортосу сөзсүз 10-15 см болушу керек.

Бөлмөнүн ичиндеги абанын температурасы сырттагы температурадан 5 гана градус айырмаланып турушу керек. Унааларда жана имараттарда кондиционерди керектүү температурага акырындык менен алып келүү маанилүү. Дароо катуу муздатып жиберген туура эмес. Анткени өтө ысып туруп бат муздоо ооруга чалдыктырат.

Кондиционердин абаны алмаштыруу функциясы болбогондуктан, убак-убагы менен бөлмөдөгү терезени ачып желдетип туруу керек. Бул учурда кондиционерди өчүрүп коёсуз.

Абанын тынымсыз айланып турушунан адамдын териси жана былжырлуу чел кабыгы мурундун, тамак кургайт. Ошондуктан кондиционерди узак убакыт колдонууда мурунду деңиз суусу же кадимки суу менен чайкап туруу пайдалуу. Демек, кондиционерди эрежелерге ылайык туура колдонсо, ысыкта бизге салкын аба тартуулап сергитип, ден-соолукка зыянын тийгизбейт

Кондиционерди туура эмес жерге орнотуу жана көрсөтүлгөн мерчемден жогору же төмөндөтүлгөн көрсөткүчтө колдонуу адамдын ден соолугуна оор залакасын тийгизиши мүмкүн.

Пайдасы, зыяны

Кондиционердин оң жана терс жактары боюнча эки ача кайчы пикирлер айтылып келет. Айрымдары ден соолукка зыян дешсе, кээ бирлери эч кандай зыяны жок экенин айтышат. Ал эми анын ден соолукка тийгизген таасири колдонуу эрежелерин сактоодон көз каранды боло тургандыгын эске алып коюу маанилүү.

Биринчи коркунуч бул сасык тумоо оорусуна чалдыгып калуу. Сырттан мээ кайнаткан ысыктан кондиционер бар жерге келгенде дене тез арада үшүп кетет. Мындай убакта сасык тумоо, ангина жана башка оорулардын туткунунда калышыңыз мүмкүн. Жөтөлүү же бир башка оорунун жеңил түрү байкалса медицина адистерине кайрылыңыз. Болбосо өпкөңүздү суук тийүүдөн сактап калуудан кечигип каласыз. Маал-маалы менен тазалап жана фильтрин алмаштырып туруу керек. Негизи эки жумада бир жолу фильтрди тазалап, үч айда бир жолу алмаштыруу шартталган. Абаны нормалдуу жана сапаттуу фильтрлөө үчүн өндүрүүчү фирманын көрсөтмөсү боюнча ар бир мезгилдин башталышында тейлөөчү адисти чакырып каратып турганыныз оң.

Абанын тынымсыз айланып турушунан адамдын териси жана былжырлуу чел кабыгы (мисалы, мурундун, тамактын) кургайт. Андыктан кондиционерди узак убакыт колдонууда мурунду деңиз суусу же кадимки суу менен чайкап туруу керек (бул былжырларды бир калыпта кармоо үчүн зарыл)  Кондиционерден чыккан аба адамдын бетине, бөйрөгүнө, белине багытталбаш керек. Тынымсыз согуп турган жел алгач сасык тумоодон баштап ар кандай оорунун башаты болуп чыга келет. Кондиционерди маал-маалы менен өчүрүп эс алдыруу керек. Аз температурада коюп күнү бою отура берген кайрадан сиздин ден-соолугуңузга зыян алып келет. Автоунааларда жана имараттарда кондиционерди керектүү температурага акырындык менен алып келүү талапка ылайык (Дароо катуу муздатып жибербөө керек. Анткени өтө ысып туруп бат муздоо ооруга чалдыктырат).

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №131




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru