Айбат » ЭкоНарын – экологиялык таза азыктардын Нарында болуп өткөн биринчи фестивалы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » ЭкоНарын – экологиялык таза азыктардын Нарында болуп өткөн биринчи фестивалы

Кыргыз элинин, жеринин, табиятынын эң таза азыктарынын фестиваль-көргөзмөсү чарба буюмдары жана кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш жана кыргыз салтын чагылдырган сынак-сценкалары менен коштолуп, “Эко баштык”, “Көркөм сүрөт”, “Кыргыз бийи” жана видео роликтердин сынагы болуп өттү.

Сценка

Нарын шаарынын “Теңир-Тоо” борбордук аянтында болуп өткөн бул фестивалды жергиликтүү жаш активист Мирбек Асаналиев жана Улан Үсөйүндүн демилгесин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Кайыпов Аманбай колдоого алып, фестивалдын жүрүшүнө 160 миң сом жана сынактардын байге фондуна 64 миң сом каражатын бөлүп берген.

Нарын, Теңир-Тоо аянты

Аянтка облустун ар бир району боз үз тигип, жергиликтүү жашоочулар жана конокторго сый-урматын, каада-салтын, эт-азыктарын, тамак-ашын, деги эле улуттук колоритте майрамдык маанай тартуулап, фестиваль эң мыкты деңгээлде өттү.

 

Фестивалдын алкагында болуп өткөн “Кыргыз бийи” сынагында биринчи орунду Кочкор районунун бийчилери алса, экинчини – Жумгал району, үчүнчү орунду – Ак-Талаадан келген бийчилер алды.

Улуттук каада-салтты чагылдырган фольклордук чыгарма боюнча сынакта Нарын району “Кыргыз көчүн” чагылдырып биринчи орунду алса, экинчи орунду Нарын шаары жана Кочкор району тең бөлүштү. Ал эми үчүнчү орунду “Тушоо кесүү” сценкасы менен Ак-Тала району алды.

Улуттук тамак-ашУлуттук тамак-аш сынагында биринчи орунду Ат-Башы району, экинчини – Ак-Талаа, үчүнчүнү – Нарын шаары алды.

“Эко баштык” сынагынын жеңүүчүлөрү: биринчи орун – Нарын шаары, экинчи орун – Нарын району, үчүнчү орун – Кочкор району.

Улуттук оюн сынагында биринчи орун – Нарын району, экинчи орун – Ат-Башы району, үчүнчү орун – Кочкор району.

Мода көргөзмөсү: биринчи орун – Ак-Талаа, экинчи орун – Нарын, үчүнчү орунду Кочкор району алды.

СүрөтСүрөт көргөзмөсү: биринчи орун – Жыргалбек уулу Ысманбет, экинчи орун – Ишенаалы уулу Ырысбек, үчүнчү орунду Таалайбек уулу Бекназар алды.

Видео тасманы Нарын шаарындагы жаштар ордосу жана Нарын шаардык №8 орто мектебинин окуучулары көргөздү.

Ал эми эң мыкты өндүрүүчү район Нарын району (Жан-Булак күнөсканасы), экинчи орунду Кочкор району (гречка өндүрүү) жана Жумгал району (Эмел суусу) тең бөлүшүп алса, Нарын району (Миң-Даба дары чөптөрү) үчүнчү орунга ээ болду.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык жана кошумча кызыктыруучу белектер берилди.

 

Фестиваль Кытайдан келген ырчы-бийчилердин жана Гульзада Рыскулованын, Минюра Рахимжанованын концерти менен аяктады.

 

“Кыргыз бийи” сынагында өзүнүн жалындуу бийи менен биринчи орунду алган “Сезим” тобун фестивалга жетектеп келген Кочкор районун Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын тарбия завучу Касымалиева Айнура эже менен кыскача маек курдук:

- “Сезим” тобу кайсы жылы түзүлгөн?

– 1998-жылы түзүлүп, дароо эле бир-топ сынактарга катышып, бир-топ ийгиликтерге жете алды. Мактангандай болбоюн, бирок барган жерибизден байгелүү келебиз. Кудай буйруса мындан ары да темпибизден жазбай, ийгиликтерге жетишебиз деп толук ишенем, себеби мектеп-гимназияда таланттуу окуучулар көп, жана ар жылы ич-ара кастингде бул бийчилер тобуна мыкты бийчилер келип, кошулуп турат.

Сезим бий тобу

- Бул топко кирүү үчүн талаптар кандай?

– Башкысы биздин мектептин окуучулары жана албетте бийге шыгы бар, кызыгуусу арбын кыз-жигиттер кирет. Биз өзүбүз да башталгыч класстардын окуучуларын байкап, таланттууларын топко чакырып, бүтүрүүчү класстын бийчилеринин ордун толуктап турабыз. Ал эми мектепти бүтүп кеткен бийчилер, жогорку окуу жайда же башка бий топторго киргенде эч тоскоолсуз улантып кетишет, себеби фундамент жакшы да.

 

 

Сезим бий тобу 2Улуш эле “Сезим” тобунун бийчиси Алтынай Буканчиева:

- Быйыл мектепти бүтүп жатыптырсыз, ийгилик каалап, жеңишиңиз менен куттуктайм! Канчадан бери бийлейсиз жана келечекте бийди улантасызбы?

– Рахмат. Ооба, буйруса мектепти ийгиликтүү бүтүрүп алсам, жогорку окуу жайга тапшырам жана Алина Мырзабекова жетектеген Бишкектеги “Каухар” бий тобунда бийлейм деп жатам. Ал эми “Сезим” тобунда 6-классымдан бери бийлейм.

- Биринчи орунга ээ болгон “Жалындуу бийди” канчадан бери бийлеп келесиңер?

– Негизи бул бийди бат эле даярдаганбыз, 2-3 күндүн ичинде. Себеби топтогу кыздардын бардыгы таланттуу жана бийге кызыгуусу арбын. Биринчи жолу бул бийди май айынын башында эл алдына бийлеп чыкканбыз.

 

 

Бий сынагында үчүнчү орунга ээ болгон Ак-Талаа районунун “Кыял” бийчилер тобунун бийчиси Эсенгелди кызы Нуриза менен да маек курдук:

- Байгелүү орунга ээ кылган бий тууралуу айтып берсеңиз?

– Бул бийдин аты “Кыз оюн” жана 4-класстан баштап 11-класска чейин мектеп окуучуларынан 18 бийчи бийлейт. Жетекчиси Садыкбаева Бакыт.

Кыял бий тобу

- Фестиваль жана сынак кандай өттү?

– Жалпысынан абдан жакшы, майрамдык маанайда өттү, кубанычтамын жана талантыбызды татыктуу баалагандарга ыраазымын.

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №131



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru