Айбат » Ыйык Рамазан айыңар кут болсун! Календарь, 2015-жыл

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дин » Ыйык Рамазан айыңар кут болсун! Календарь, 2015-жыл

Марокко, Касабланка шаары, Хасан II мечети

Сүрөттү бассаңыз басып чыгарууга даяр календарь чыгат

Орозо (Рамазан) айы мусулмандар тутуучу ыйык ай болуп эсептелет, ал Ислам дининин беш негиздеринин бири. Орозо мезгилинде динге ишенүүчүлөр күн чыккандан батканга чейин оозуна тамак алышпай, суу да ичишпейт. Бул айда мусулмандар өз кемчиликтерин жеңип, тазарууга умтулушат. Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгынан билдиришкендей, Орозо 2015-жылы 18-июнда баштала турган болсо, ал, демек, 16-июлда аяктайт. 17-июль күнү болсо Орозо айты белгиленет. Ыйык орозо айында динге ишенүүчүлөр тамак-аш ичүүдөн, кудайга жакпаган иштерди жасоодон өзүн кармап, таңды күндүн чыгышына багышталган дубадан баштайт жана күндүзгү, кечки намаздарын жазбай окуйт. Орозо таң заардан тартып күн батканга чейин созулат. Орозо айынын узактыгы Ай календарына жараша 29 же 30 күн болот.

Рамазан Айдын күнү Аптанын күнү Ооз бекитүү убактысы Ооз ачуу убактысы
1 18-июнь Бейшемби 3:05 20:48
2 19-июнь Жума 3:05 20:48
3 20-июнь Ишемби 3:05 20:48
4 21-июнь Жекшемби 3:05 20:49
5 22-июнь Дүйшөмбү 3:05 20:49
6 23-июнь Шейшемби 3:06 20:49
7 24-июнь Шаршемби 3:06 20:49
8 25-июнь Бейшемби 3:06 20:49
9 26-июнь Жума 3:07 20:49
10 27-июнь Ишемби 3:08 20:49
11 28-июнь Жекшемби 3:08 20:49
12 29-июнь Дүйшөмбү 3:09 20:49
13 30-июнь Шейшемби 3:10 20:49
14 1-июль Шаршемби 3:10 20:49
15 2-июль Бейшемби 3:11 20:49
16 3-июль Жума 3:12 20:49
17 4-июль Ишемби 3:13 20:49
18 5-июль Жекшемби 3:14 20:48
19 6-июль Дүйшөмбү 3:15 20:48
20 7-июль Шейшемби 3:16 20:48
21 8-июль Шаршемби 3:18 20:47
22 9-июль Бейшемби 3:19 20:47
23 10-июль Жума 3:20 20:47
24 11-июль Ишемби 3:22 20:46
25 12-июль Жекшемби 3:23 20:46
26 13-июль Дүйшөмбү 3:24 20:45
27 14-июль Шейшемби 3:26 20:45
28 15-июль Шаршемби 3:27 20:44
29 16-июль Бейшемби 3:29 20:43
30 17-июль Жума 3:30 20:43

 

Эскертүү: Ооз бекитүү жана ачуу Бишкек убактысы менен берилди. Баткен +39мин. Жалал-Абад +28мин. Каракол -12мин. Нарын +7мин. Ош +27мин. Талас +13мин.

 

Ооз бекитүү дубасы: Навайту ан асуума савма шахри рамазаана минал фажри илал магриби, халисан лиллаахи таъаала

Мааниси: Алла Тааланын ыразычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынынын орозосун кармоого ниет кылдым

 

Ооз ачуу дубасы: Аллоохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва ъалайка таваккалту, ва ъалаа рызкика афтарту, фагфирлии маа коддамту ва маа аххарту

Мааниси: Алла Таалам, Өзүңө чындап ишендим, Өзүңө таяндым, Өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир

 

Орозо айынын 26сынан 27сине караган түн – Катыр түн

 

Эскертүү: айдын көрүнүшүнө карап, орозонун башталышы жана аякташы 1 күнгө айырмаланышы мүмкүн

 

Бектур Баймоңолов




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru