Айбат » Бала бакчанын имаратын бошотпой жаткан мекемелердин аты аталды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бала бакчанын имаратын бошотпой жаткан мекемелердин аты аталды

Эльвира СариеваПарламенттин Билим берүү, илим жана жаштар саясаты комитетинде Билим берүү министри  бир катар мамлекеттик органдар бала бакчалардын имаратын бошотпой жатканын билдирди.

“Учурда 467 имаратты ар кайсы мамлекеттик мекемелер бошотпой келет. Маалымат катары айта кетсем, УКМК 2 имаратта, Салык кызматы – 6, Мамлекеттик курулуш – 2, Тышкы иштер министрлиги – 2, Саламаттыкты сактоо министрлиги 7 имаратты бүгүнкү күнгө чейин бошотпой келет. Буларды бошотуу тууралуу соттун чечими жок. Бирок, мамлекеттик орган болгондон кийин өздөрү эле чечип койсо болмок. Анткени бул бала бакчалардын тизмеси Мамлекеттик мүлк фондусунда бар да”, – деди ал.

Мындан сырткары, Э.Сариева бул жылы да бала бакчалардын санын көбөйтүү боюнча бир катар аракеттер болорун кошумчалады.

Айбат гезити №132




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru