Айбат » Укук коргоочулар бийликти мыйзамсыздыкка түртпөсө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Укук коргоочулар бийликти мыйзамсыздыкка түртпөсө

Төлөйкан ИсмаиловаКыргызстандын айрым укук коргоочулары БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун Кыргызстанга келгенин пайдаланып кайрылуу жолдошту. Алар баягы эле Азимжан Аскаровдун бошото албай алек. “Бир дүйнө Кыргызстан” аттуу укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова баштаган укук коргоочулар А.Аскаровдун саламаттыгына бир топтон бери эле жаны ачып келет. Бирок, бул укук коргоочуларын дал ошол Аскаровдун катышуусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдарды эч качан эстей элек. Азимжан “акелер” Сузакта башын алган жарандардын жакындарынын жарасын козгой берген болбойт го.

Негизи Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдары кайсы бир мыйзамсыз талапты коюп, мамлекет менен тирешүүнү адатка айлантып алды. Анткени, буга чейин Аскаровду Кыргызстандын бардык инстанциясындагы соттор күнөөлүү деп тапкан. Бул боюнча маселе президент Алмазбек Атамбаев Европага болгон сапарында да көтөрүлүп, өлкө башчысы соттун чечимине эч ким кийлигише албасын айткан эле. Буга болбой эле кайра кыргыз бийлигин мыйзамсыздыкка түртүп жаткан укук коргоочулардын аракетине таң каласың. Өздөрдү мыйзамды оозанып, соттор көз карандасыз болуш керек деп какшайт. Ал эми иш жүзүндө мынтип соттун ишине бийликти аралаштырууга аракет кылууда. Койсоңор боло “коргоочулар”…

Айбат гезити №132




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru