Айбат » Марат Казакпаев, саясат таануучу: “Пан Ги Мундун Кыргызстан боюнча жакшы пикири биз үчүн өтө маанилүү”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Марат Казакпаев, саясат таануучу: “Пан Ги Мундун Кыргызстан боюнча жакшы пикири биз үчүн өтө маанилүү”

Казакпаев Марат-  Марат мырза, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Бишкектеги иш сапары учурунда Кыргызстан акыркы 5 жылда парламенттик демократияга багыт алып,өлкөдө жакшы өзгөрүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. Биздин беш жылдык ийгилигибизди сиз кандай баалайсыз?

– БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун Кыргызстан үчүн жакшы пикири өтө маанилүү. Чындыгында, парламенттик башкарууга Борбор Азиянын ичиндеги 5 мамлекеттин арасынан жалгы аттандык. Бул биз үчүн чоң жетишкендик. Баш катчынын айткандары кандай болсо да факт. Анын айткан сөздөрү дүйнө коомчулугунда чоң мааниге ээ. Ага ишенсе болот. Биз деле Кыргызстанда жакшы прецесс жүрүп жатканын түшүнүп жатабыз.

- Ошондой эле Пан Ги Мун мырза Кыргызстандагы мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулук орун алганын жогору баалады. Баш катчынын бул пикири Кыргызстан үчүн канчалык деңгээлде маанилүү?

– Чындыгында парламенттик башкарууга багыт алганыбыздан кийин ачык башкарууга өткөнүбүз факт. Азыр Кыргызстанда жашыра турган эч нерсе жок. Бирок, бир катар чечилбей жаткан ички маселелер да бар. Мисалы, депутаттардын сапатынын начардыгы, жоопкерчиликтин жоктугу маселе болуп жатат. Кадрлардын сапаты начар болууда. Бирок, бара-бара бул маселелер да жолго коюлат. Ал эми баш катчынын айткан сөздөрү чоң мааниге ээ.

Айбат гезити №132




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru