Айбат » Токтогул Какчекеев, саясат таануучу: “Дүйнөлүк деңгээлдеги уюмдун жакшы пикири биз үчүн маанилүү”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Токтогул Какчекеев, саясат таануучу: “Дүйнөлүк деңгээлдеги уюмдун жакшы пикири биз үчүн маанилүү”

Токтогул Какчекеев- Токтогул мырза, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Бишкектеги иш сапары учурунда Кыргызстан акыркы 5 жылда парламенттик демократияга багыт алып, өлкөдө жакшы өзгөрүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. Биздин беш жылдык ийгилигибизди сиз кандай баалайсыз?

– Парламенттик республика кыргыздардын башкаруу тарыхында болгон эмес. Эгерде биз ачык китептерден карай турган болсо Жусуп Баласагындын, Сагынбай Орозбаковдун “Манас” эпосу боюнча вариантында кыргыздар жеке бийликтин ээси болгон. Биздин элдин башында аскер башчысы болгон. Ошонун баары каныбызга сиңип калган. Эми болсо парламенттик республиканы түздүк. Президенттин укуктары азайды. Башкаруу жолунда жаңылык киргиздик.

- Ошондой эле Пан Ги Мун мырза Кыргызстандагы мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулук орун алганын жогору баалады. Баш катчынын бул пикири Кыргызстан үчүн канчалык деңгээлде маанилүү?

– Негизи БУУ өзүнүн жолун таба элек. Ал акыркы Украинадагы, Югославиядагы окуялардан кийин өзүнүн авторитетин бир топ жоготуп алды. Чындыгында, бул уюм айрым ири державалардын куралы болуп калган. Тактап айтканда, АКШнын. Кантсе да дүйнөлүк деңгээлдеги уюмдун башчысынын Кыргызстан боюнча жакшы пикири биз үчүн маанилүү.

Айбат гезити №132



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru