Айбат » Абдумалик Мурзаев дагы Данчиктен заказ алдыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Абдумалик Мурзаев дагы Данчиктен заказ алдыбы?

Kyrgyz Prime Minister Saniyar Usenov speaks to the mediaКыргызда «Бир карын майды бир кумалак чиритет» деген кеп бар эмеспи? Анын сыңары ошондой «кумалактардын» айынан 2010-жылдын июнь айында өлкөбүздүн түштүк аймагында эзелтеден биримдикте жашап келген эки элдин ортосуна бүлүк салышып, коогалаң жасап жиберишкен эле. Андан бери арадан беш жыл өтүп, жараат жаңыдан айыгып баштаганда кайрадан аны тармагысы келгендер да пайда болду. Маселен, Абдумалик Мурзаев аттуу канкор Бакиевдердин тушунда өкмөт башчылыгын аркалап турган Данияр Үсөновдун ишенимдүү адамы бар. Мына ошол адам кечээ фейсбуктагы өзүнүн баракчасына июнь коогалаңында каза тапкандардын сүрөттөрүн жарыя кылып жибериптир. Бул албетте жарааты тырмоо менен барабар. Эки элди ынтымакка чакырып, мындан ары андай окуя болбосун деген тилектеги адамдар эч качан мындай кылбайт эле. Кыязы Абдумалик мырза өзүнүн «кожоюну» Данчиктен тапшырма алса керек. Эсибизде болсо, өткөн жылы ал Данияр үсөновдун тапшырмасы менен революция жасамакчы да болгон. Мындай бузуку адамдарды башкалардан айра таанып турбасак, өлкө башына кайрадан кара булут айлантууну көздөп турушкансыйт…

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №132




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru