Айбат » Жогорку Кеңештин Төрагасы А. Жээнбеков: “Азыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өзгөчө парламент болду”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жогорку Кеңештин Төрагасы А. Жээнбеков: “Азыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өзгөчө парламент болду”

Асылбек ЖээнбековАзыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өзгөчө парламент болду. Ага мисалдар арбын. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 11-июнда Бишкек шаарында өтүп жаткан «Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүү: сабактар жана келечектер» аттуу эл аралык конференция жүрүшүндө билдирди.

Төраганын айтымында, азыркы Жогорку Кеңеш бардык шайлоочулардын, калктын бардык катмарынын мүдөөлөрү жана таламдары кеңири талкууланган саясий майданга айланып парламенттин ичинде расмий таризделген оппозиция куралган жана иштеп жатат.

“Оппозиция Борбордук шайлоо комиссиясынын, Эсептөө палатасынын, Сотторду тандоо кеңешинин үчтөн бирин шайлоого, парламенттин 2 комитетинин төрагасынын, вице-спикеринин ордун ээлөөгө конституцияда бекитилген укукка ээ болду. Мурдагыдай көчө митингдерин, пикеттерди уюштуруунун актуалдуулугу жоголуп, саясий күрөш парламенттин ичине өттү. Бардык саясий оппоненттерге парламенттин трибунасын пайдаланууга бирдей мүмкүнчүлүк берилди, алар аны активдүү колдонуп жатышат», – деп белгиледи А.Жээнбеков.

Экинчиден, Жогорку Кеңеш парламенттеги бир дагы фракция басымдуу көпчүлүк добушка ээ болбогон шарттарда иштеди. Азыркы чакырылыштын депутаттары оппоненттин ой-пикирин урматтоону, макулдашууну, компромисске жетишүүнү камтыган жаңы саясий маданиятты өздөштүрдү жана калыптандырды. «Фракциялар – бешөө, бирок, мекенибиз – бирөө экенин туу тутуп иш алып бардык. Анын натыйжасында өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган тарыхый чечимдер дээрлик бардык депутаттардын колдоосуна ээ болду», – дейт ал.

Төраганын пикиринде, Жогорку Кеңештин Президент институту менен кызматташуунун жемиштүү жана конструктивдүү формасын таба алганы үчүнчү өзгөчөлүгү болуп саналат. «Бул жагдай парламенттин тагдыры үчүн өтө маанилүү болуп келгенин жакынкы эле тажрыйбабыз кабарлап турат. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаев Жогорку Кеңештин ар кандай прогрессивдүү демилгелерин ар дайым колдоого алып келди. Бул жагдай өлкөдөгү саясий туруктуулукту камсыздоого негиз болду. Ал үчүн сиздердин атыңыздардан Алмазбек Шаршеновичке терең ыраазычылык билдирем», – деп кошулчалады А.Жээнбеков.

Төртүнчүдөн, жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш ыйгарым укуктары абдан кеңейген шартында иштеди. «Өкмөттүн курамын, Жогорку Соттун, анын ичинде Конституциялык палатанын курамын шайладык. Ошол эле убакта өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн жоопкерчилик да жогорку деңгээлде болду. Ошондуктан, мыйзам чыгаруу ишинен башка дагы, мамлекетибиздеги бардык актуалдуу маселелерди, ошонун ичинде ар кандай тармактарды өнүктүрүүгө багытталган концептуалдык документтерди талкуулап, тиешелүү чечимдерди кабыл алдык», – деди ал.

Жогорку Кеңештин ишмердиги максималдуу ачык-айкын шартта жүргүзүлгөнү анын бешинчи өзгөчөлүгү болуп калды. Төрага праламенттин жыйындары радио аркылуу түз эфирде республиканын бардык булуң-бурчуна уктурулуп турганын эске салды. «Бардык орчундуу окуялар телевидение аркылуу көрсөтүлдү. Калктын ар кандай катмарынын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин иши менен таанышууга дайыма анын имаратына байма-бай киргизилип турду. Парламенттин иши коомчулуктун тыкыр көзөмөлүндө болду, жарандык коомдун катуу сын пикири, алардын маалымат алуу боюнча суроо-талабы менен коштолду», – деп белгиледи А.Жээнбеков.

Алтынчыдан, парламенттин Конституцияда белгиленген жаңы статусу эл аралык мамилелерде дагы азыркы Жогорку Кеңештин аброюн жогорулатты деп эсептейт кыргыз парламентинин жетекчиси. «Дүйнөдөгү параламенттик демократиясы өнүккөн өлкөлөр бизди ачык, демократиялык мамлекет катары тааныды. Мисал катары Европа парламенттик ассамблеясы тарабынан Жогорку Кеңешке “Демократия боюнча өнөктөшү” деген расмий макамы ыйгарылганын эсиңиздерге салам», – деп жыйынтыктады өз негиздерин А.Жээнбеков. Ошону менен бирге, Төрага Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кыргыз парламентинин жетекчисине Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан сүйлөө укугу берилгенин эске салып, иш-чарага катышып олтурган Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун мырзага чын ыкласынан чыккан ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мундун катышуусунда «Кыргызстанда парламентик демократияны өнүктүрүү: сабактар жана келечектер» аттуу эл аралык конференция өтүүдө. Бул иш-чаранын максаты Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүү жаатында алынган алгачкы тажырыйбалар менен анын келечегин талкуулоо болуп саналат.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Айбат гезити №132



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru