Айбат » Оозду каалаган жагына чоё берген Калмаматов

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Оозду каалаган жагына чоё берген Калмаматов

Бактыбек КалмаматовБиздин парламенттеги айрым депутаттар эмоцияга алдырганда оозуна келгенди ойлонбой эле «оттоп» жиберишет. Кээ бирлери элге жагынып калгысы келип, иштеп аткан аткаруу бийлигиндегилерди да мектеп окуучусундай кылып, «такалаганга» маш. Мына ушундай популизм менен өзгөчө шугулданган жаш депутаттардын бири – «атамекенчи» Бактыбек Калмаматов. Башын анча-мынча калчылдатып өзүнүн партиясынын лидерин туурап сүйлөп отурса, карапайым адамдар анын айткандарына муюп да калышы мүмкүн. Бирок, анын көпчүлүгү курулай эле популизм экендигин жакшы эле билип калдык. Маселен, мына ушул эренибиз кече жакында эле парламентте борбор шаарыбыздын мэри Кубанычбек Кулматовду жөнү жок эле «согуп» алды. 8-июнь күнү болуп өткөн катуу шамалдан улам Бишкекте айрым көчөлөрдө бак-дарактар кулап, рекламалык көрнөк-жарнактар учуп кеткенин билебиз. Бул албетте табияттын сыноосу. Катуу шамалды токтотуп калгыдай адам баласынын кудурети жок. Ошого карабастан Бактыбек Калмаматов табияттын катуу шамалы болуп өткөнү үчүн дагы шаар мэри Кубанычбек Кулматовду күнөөлөп чыкты. «Бишкекте болуп өткөн шамал мэр Кубанычбек Кулматовдун чыныгы жүзүн көргөздү. Катуу шамалдан улам шаар таштандыга толуп калды. Бак-дарактарды сугарбагандан улам алар кулады. Рекламалык көрнөктөр кулады. Жарандардын мүлктөрү талкаланды. Буга ким жооп берет жана аны ким кайра калыбына келтирет. Баарынан да кейиштүүсү жергиликтүү бийликтин көңүл кош мамилесинен улам кичинекей кыз каза болду» дейт ал. Адам баласына ажал ар кандай себептер менен келет. Бирок, албетте Кудай дагы сактанганды сактайт. Жаш кыздын кулаган бактын алдында калып каза тапканы өтө өкүнүчтүү. Мындайдан сактаныш керек эле. Бирок, Бактыбек мырза буга Кулматовду күнөөлөбөш керек болчу. Себеби ал кыз борбор шаардын аймагынан эмес, Чүй облусунун Аламүдүн районунан каза таап отурат. Экинчиден, дал ошол катуу шамалдан соң Кулматов шаардын көчөлөрүнө чыгып, бардык муниципалдык кызматтарды жумушка чыгууга чакырып жүрбөдүбү? Шаардын бардык вице-мэрлери, райондун акимдери, түрдүү кызматтардын директорлору менен борбор шаарды кыдырып, муниципалдык мекемелерге тапшырмаларды берип жүрдү. Түнү менен таң атканча көчөдө жүрдү. Кыска мөөнөттө шаар тазаланып, үзгүлтүккө учураган электр энергиясы кайра калыбына келди. Бул убакта Бактыбек Калмаматов үйүндө жылуу төшөктө жатса керек эле. Анан түштөн кийин тура калып, сын айта берүү оңой окшобойбу? Кызыл тилди жөн эле сабай бергенден пайда болобу?

Айбат гезити №132



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru