Айбат » Онтарионун Жогорку Соту “Кыргызалтындын “”Центерра” компаниясындагы акциялары боюнча чечим чыгарды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Онтарионун Жогорку Соту “Кыргызалтындын “”Центерра” компаниясындагы акциялары боюнча чечим чыгарды

Онтарио жогорку сотуОнтарионун Жогорку Сотунун апелляциялык бөлүмү “Кыргызалтын” ишканасынын доо арызын канааттандырып, Кыргызстандын “Центеррадагы” 47 млн. акциясын жана дивиденддерин камактан бошотту. Бул тууралуу  “Кыргызалтын” ишканасынан кабарлашты.

2014-жылдын 30-июнунда Куттуу-Сай кени боюнча Stans Energу компаниясынын арызын караган Москва Соода-экономикалык палатасынын алдындагы Арбитраж кыргыз өкмөтүн 118 млн. долларга доого жыккан чечим чыгарган. Ал чечимдин негизинде өткөн аптада Канаданын Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алган. 20-октябрда президент Алмазбек Атамбаев бул боюнча өз пикирин билдирип, аны Кыргызстанды кысмакка алуу деп атап, өлкө бийлиги чечкиндүү кадамга бара турганын кошумчалаган.

Айбат гезити №132




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru