Айбат » Нурлан Орозбаев,  саясат таануучу: “Пан Ги Мундун келиши Кыргызстан үчүн өтө маанилүү”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Нурлан Орозбаев,  саясат таануучу: “Пан Ги Мундун келиши Кыргызстан үчүн өтө маанилүү”

Орозбаев Нурлан- БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Бишкектеги иш сапары учурунда Кыргызстан акыркы 5 жылда парламенттик демократияга багыт алып, өлкөдө жакшы өзгөрүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. Биздин беш жылдык ийгилигибизди сиз кандай баалайсыз?

– Бул бешинчи чакырылыштагы ЖК парламенттик башкарууга чыйыр салып берди. Биздин кайсы бир деңгээлде демократиялык процесстин таасири жүрүш алды. Демократиялык процесстин да оң-терс жактарын айрымдары айтып жүрүшөт. Авторитардык бийлик кулагандан кийинки ачыктык кээ бир адамдарга пикир туудура албай калат. Ошондо демократиялык процесс дайыма жүрүп турат. Ошол жүрүп турган процессти биздин ЖК ачык жүргүзө алды. Бирок кемчилик менен коштолду десек болот. Бул парламенттик башкаруунун табиятын, маани-маңызын, саясатын парламентке келген депутаттар өздөрү түшүнбөй калган. Себептерин айта кетсем, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери партиялык кубулуш жүрбөй, саясий кызыкчылыктардын негизинде партиялар түзүлүп кеткен да. Качан гана партиялык кубулуш, кызыкчылыктар идеялдык жактан өскөндө, саясий кызыкчылыктар төмөндөп, идеялогиялык жактан жогорулайт. Так ошол партиялардын түзүлүүсү ЖКнын курамын аныктайт. Ал эми курамга келгенден кийин ачыктык, демократиялык процесстин жүрүүсү ошол партиянын саясий ишмердүүлүгүнө көз каранды болот. Мурунку парламентибизге салыштырып караганда ачык-айкындык бар. Салыштырмалуу демократиялык процесстер аткарылды. Ошол үчүн Пан Ги Мундун айтымы КМШ өлкөлөрүндөгү парламенттердин алкагындагы эң ачыктыгы, демократиялык процестин жүрүшү катары, акыркы кезде башка КМШ өлкөлөрүнө парламенттик башкаруудан үлгү боло алдык. Дүйнөлүк деңгээлде берген баасы абдан жакшы. Жакшы жөрөлгө деп эсептейм.

- Ошондой эле Пан Ги Мун мырза Кыргызстандагы мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулук орун алганын жогору баалады. Баш катчынын бул пикири Кыргызстан үчүн канчалык деңгээлде маанилүү?

– Пан Ги Мундун мындай пикири бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн абдан маанилү жана баалуу. Себеби адам укуктарына, бийликте канчалык ачыктык байкалган сайын, Пан Ги Мундун пикири эң биринчиден инвестициялык климаттын жакшырышына өбөлгө болот.  Анткени инвестор жабык типтеги, коррупциялашкан өлкөлөргө эч убакта инвестиция салбайт. Кыргызстанга акыркы кезде инвестиция эң көп Кытайдан, Орусиядан келет. Афторитардык өлкөлөрдө коррупциялык жол менен бүтүрүп алуу оңой. Акыркы 20 жылдын ичинде бир катар чоң мамлекеттен же адам укугун коргогон өлкөлөрдөн келген инвестиция болгон жок. Себеби бийликте ачык саясат жүрбөгөндүгү, сот бийлигинин акыйкатсыздыгы, коррупциянын күч алышы инвестициянын келүүсүн токтотот. Бүгүнкү күндө Пан Ги Мундун БУУда чоң орду бар. Анын келиши дүйнөлүк деңгээлде маанилүү. Ошондой эле биз үчүн дипломатиялык кызматташтыкты, инвесторлордун келишине таасирин тийгизет деп ойлойм.

Айбат гезити №132



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru