Айбат » Чолпонкул Арабаев, коомдук ишмер: “Башка мамлекетте качып жүрүп мындай кылды, тигиндей кылды дегени мыйзамга туура келбейт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Чолпонкул Арабаев, коомдук ишмер: “Башка мамлекетте качып жүрүп мындай кылды, тигиндей кылды дегени мыйзамга туура келбейт”

Чолпонкул Арабаев- БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мундун Кыргызстанга болгон иш-сапары Июнь окуясынын 5 жылдыгына туш келип отурат. Бул арада чет мамлекеттерде качып жүргөн бир катар өзбектердин лидерлери Баш катчыга кайрылып, 2010-жылы кыргыз өкмөтү менен армия өзбектерди массалык түрдө кырган деп айтыптыр. Негизи окуяны дал ушул адамдар күчөткөнү аныкталган эле. Мындай адамдардын кадамын кандай баалайсыз?

– Албетте мындай маселе Кыргызстан үчүн, ошону менен бирге Кыргызстанда жашаган эл үчүн өтө өкүнүчтүү окуя болду. Ошол каргашалуу окуяга 5 жыл толуп отурат. Баардык нерсенин дарысы убакыт дегендей, өз учуру менен акырындап дарыланып келатат. Эми мындан наркысында баарыбыз мындай окуяны болтурбаганга аракет жасашыбыз керек. Мындай улуттар коогалаңы жеке бизде эмес, дүйнө жүзүндө болбошу шарт. Ошол үчүн БУУнун баш катчысынын келип жатышы да бекеринен эмес деп ойлоймун. Глобализация доорунда өтө маанилүү, мазмундуу маселе. Келип атканы ошол себептен болушу керек. Мындан наркысында жыйынтык чыгарып, болтурбаганга аракеттенишибиз керек. Тиешелүү иш чараларды мамлекеттик деңгээлде, республикалык бийлик, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу уюмдары тарабынан дайыма көңүлдүн чордонунда болуусу шарт. Ушул каргашалуу күндү дата келип калганда гана көңүл буруп калбай, жыл бою жүрөгүбүздүн түпкүрүндө жашаган маселе болушу абзел. Кыргыз эли айкөлдүк кылып башка улуттун  өкүлдөрүн ичи-коюнубузга батырып, мамыр-жумур болуп жашаганыбыз оң. Кыргыз эли айкөл болушубуз керек. Бирок ошону менен бирге, эртеңки күнү башка улуттагылар башыбызга чыгып албашы шарт. Ошондуктан Кыргызстан деген мамлекетте жашап, шарттар түзүлүп, алдыга жылышыбыз керек деп ойлойм. Ал эми жаңжал салып, чет өлкөдө качып жүргөн башка улуттар, ошонун ичиндеги өзбек улутундагылар тиешелүү мыйзамдын чегинде жазаларын алышы керек. Анан чет өлкөдө жатып алып, “Бизди мындай-тигиндей кылды” дешкени эч качан болбойт. Эгер чындап эле ошондой кылса, караласа, кубаласа келишсин. Чет өлкөдө качып жүрө бербей сот аркылуу далилдесин. Бүгүнбү, эртеңби сөзсүз жооп беришке туура келет да. Ошол үчүн күнөөлү адамдар качат. Айыбы жок адам эмнеге качсын? Бүгүнкү күнү баары ким кандай экени билинип жатпайбы. Андыктан чет өлкөгө жатып алып айтканы мыйзамсыз. Андай болушу мүмкүн эмес. Биздин бийлик ага жол бербеши керек.

- Ошондой эле окуяны иликтеген комиссиялар бир тараптуу жыйынтык чыгарган. Жапа чеккен да өзбектер, жоопко тартылып кысымга алынган да өзбектер деп жатпайбы. Чын эле биздин өлкөдө ушундай көрүнүштөр орун алып жатабы?

– Мен баарына макул эмесмин. Комиссия баарын өз ордуна коёт. Акырындык менен далилденип жатат. Бир эле кыргыздар күнөлүү дегени мүмкүн эмес деп ойлойм. Бир жагында 60 пайызы күнөөлү болушу мүмкүн. Эми баардыгы эле айтып жатышпайбы жашыруунун кажети деле жок деп билем. Сырттан келген күчтөр кызыктар экенин эсибизден чыгарбоо зарыл. Биздин мамлекеттин өнүгүп өсүүсүн каалаган мамлекеттер аз болушу мүмкүн. Бирок биздин мамлекетке кызыккандар, көрө албагандары, зекетке да боору ынабаганы бар. Ошолор туурасында да ар кандай маселелер козголуп айтылды.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru