Айбат » Ичине таруу батпаган Адилет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ичине таруу батпаган Адилет

Айтикеев АдилетКайсалактап эле бир нерсеге мурдун тыкканды жактырган бир кесиптешибиз бар. Анын ким  экенин  сурабай эле билип калышты. Жок жерден түтүн чыгарам деген жазмакер көптөн бери популисттик  “ооруга” чалдыгып калды. Өткөндө Улуу Ата Мекендик  согушка өзүнүн “тарыхый” баасын бере койом деп осол болгон. Ал кезде төрөлбөсө согуштун аки-чүкүсүн кайдан билмек эле? Ага карабастан нөл деген баага басым жасаганды жакшы көргөн Айтикеев  бир өзүнөн башкасына  ушул көрсөткүчтү  коюуга  маашырланат.

Коомчулукка таанымал акын, журналист Жедигер Саалаевдин сот тармагына  барганы анын итатайын карматыптыр. Эки ирет токсон жылдык тарыхы бар “Кыргыз Туусуна” башкы редактор болгон кишини  келекелегени акылга сыйбаган иш.  Андан көрө кесиптештердин ийгилигине  кубанып койсо бир жери кемип калабы? Өзүн өзгөдөн жогору баалаган  адам  түк жакшылык жасабайт. Жаман  дей бергендин оозуна оозул чыга берерин да сынчы  эсинен чыгарбаса. Негизи бул жазмакердин эгоист  экенин кошо жүргөндөр деле жашырбайт. Анан да жыт алгычы укмуш сезгич дешет билгендер.

Айбат гезити №132



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru