Айбат » Пан Ги Мун: “Кыргызстанда мен 2010-жылы келип кеткенден бери карай өтө олуттуу жетишкендиктер байкалууда”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Пан Ги Мун: “Кыргызстанда мен 2010-жылы келип кеткенден бери карай өтө олуттуу жетишкендиктер байкалууда”

Пан Ги Мун«Кыргызстанда мен 2010-жылы келип кеткенден бери карай өтө олуттуу жетишкендиктер байкалууда» деп билдирди БУУ Башкы катчысы Пан Ги Мун мамлекеттик резиденцияда болуп өткөн «Парламенттик демократиянын өнүгүшү: сабактары жана перспективалары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө.

Ал Кыргызстанга экинч  ирет келип атканын, ал биринчи жолу келген 2010-жыл менен бүгүнкү күндүн ортосундагы кырдаалдын айырмачылыктары бар экендигин белгиледи.

«Азыркы тапта мен бардык кыйынчылыктарга жана чакырыктарга карабастан жүзөгө ашкан өзгөрүүлөрдө Кыргызстан парламенти олуттуу роль ойногонун сезип турам. Өтө олуттуу жетишкендиктер байкалып турат. Бийлик бутактарынын функцияларын бөлүштүргөн прогрессивдүү Конституция кабыл алынды, көптөгөн эл аралык укук коргоочу документтерди ратификациялады. Парламент улуттук күн тартибин түзүп жана Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү программасын реализация кылуу менен алектенип келет. Парламенттик көзөмөлдүн деңгээли көтөрүлдү», – деди Пан Ги Мун.

Ал парламенттик демократиянын жетишкендиктери жетишээрлик узак мөөнөттөгү процесс экендигин кошумчалады. Анын жүрүшүндө кандайдыр бир деңгээлде эл тарабынан ишеним көрсөтпөө да байкалат. Бирок Кыргызстанда демократиянын деңгээлеи күн сайын өсүп баратат жана элде ишеним көбүрөөк болгону байкалганын белгилейт ал.

«Мен парламент депутаттарынын өзгөчө ролун белгилегим келет, улуттук жагынан да, глобалдык деңгээл жагынан да белгилүү бир өлчөмдө милдеттерди алган эл аралык инструменттер ратификацияланды. Парламент элдин үнүн уга билгени өтө маанилүү. Сиздердин алдыңыздарда амбициялык күн тартиби турат, ал элдин талабы менен шайкеш келиши керек, билим берүүнүн жана саламаттыкты сактоонун сапатын жакшыртышы керек. Андыктан мен Кыргызстандын жарандык сектору менен көбүрөөк иштөөнү кеңеш кылат элем», – деди БУУ башкатчысы.

Айбат гезити №132




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru