Айбат » Өндүрүштүн өндүрүшү жыл бою токтобойт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Өндүрүштүн өндүрүшү жыл бою токтобойт

Өндүрүш ТоктонасыровСаясат дегендин ой-чуңкуру көп. Бирин ордон чыгаралбай жүрүшсө, экинчисин тескерисинче капаска тыгалбай убара болгондор бар. Бир сөз менен  айтканда жердин үстү тегерек, бул жашоодо не керек деп күйпөлөктөгөндөр толтура. Анан да бирөөнү шорлоткусу келгендер оңой оокатка тап бергендерди күндүзү чырак менен издеп калышат. Аракетке берекет болуп издеген “салабаттуу” кишилерин Ак үйдүн тегерегинен эле учуратышат.

Маселен, жылдын кайсы мезгилинде болбосун өз өндүрүшүн күрүлдөтүп иштеткен Өндүрүш Токтонасыров деген өтө таанымал инсан бар. Кимдин зарыл иши чыкса, ал керек болсо ак шейшеп жамынып алып ар кайсы элчиликтин алдына сулк жатып калат. Эр болсоң аны ордунан козгоп көр. Казан-аягы да ар дайым жанында. Курсагы ачканда идиштерин калдыратып койсо буту күйгөн тооктой болуп оокатын көтөрүп келгендер болорун далай көрдүк. Ал башкаларга окшоп оптом пикетке чыкпайт. Жалгыздап бирөөнү сокконду жакшы көрөт. Капыстан олжосу өзүнөн ашса жанына бирөөнү кошуп алат. Анткени, зарыл жакка кеткенде анын дүнүйөсүн коргоп турар бирөө болушу керек да. Учурда “Канжар Кадыралиев камалсын” деген тактайын көтөрүп алып ар кайсы жерде сороктоп жүрөт. Чамасы келдибайлар, кетчүбайлар бир нерсе дешкен го…

Айбат гезити №132



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru