Айбат » Бузукуларга сокку басылбайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бузукуларга сокку басылбайт

Кадыржан БатыровКыргыз өлкөсүнүн калкы беш жылдан бери  чуусу жок жашап келатат. Ошентсе да жылына июнь айында баш көтөрүп шайтан оюнду салгысы келгендер бар. Кара башын калкалап качып кеткен Кадыржан Батыров  менен анын куйругу Халил Худайбердиев кыйраткансып БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга өтүнүч кат жолдошту жанталашып.

Алар жөн жерден шойкомдуу оюнду козгогон жок. Дале болсо көзүн кызартып Кыргызстанды карайт. Анткени алар бул бейиш өлкөдө билген намазын окуп тайраңдаган. Чет жакта ар бир кадамы саналуу. Мурдагы жыргалдын бири жок.  Ошондуктан оңкулдап айласы куруп жүрүшпөйбү? Ким эле кенен-чонон ырдагысы келбесин?

Арийне, ушул тапта буга окшогон мителерди тымызын колдогондор да жок эмес. Бекеринен “кой аксагы менен миң” – деген накыл кеп айтылбаган окшобойбу? Тарых эч  убакта чийилип ташталбайт. Анын сыңарындай Кадыржан менен Халилдер бизге жат. Канча какшанса да  алар тилегине жетпейт. Себеби бейкүнөө элдин  өлүмүнө дуушар болушкан. Учурда коюн-колтук алышып жашоосун бирге өткөрүп жаткан  өзбектер да алардын жоболоңдуу кадамдарына  каршы экендигин жашырышпайт. Мурда  өктөм сүйлөгөн, каалагандай бажылдагандарга коомчулукта орун жок. Демек журтчулуктун талабын өзгөртүү мүмкүн эмес. Бузукулук  кылгандар сандалып чет жерде жүрө беришсин. Тагдырын алар өздөрү тандап алышкан. Калк ортосуна жик салгандар ушундай  жашоого  татыктуу.

Айбат гезити №132



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru