Айбат » Так талаш күчөгөндөй…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Так талаш күчөгөндөй…

Кресло, депутатБүгүнкү күндө жолдун чок ортосунда жайгашкан Кетмен-Төбө өрөөнүндө күжүлдөгөн аңыз кептер чыгууда. Анткени жакында бир жылдан ашыгыраак райондун акими болгон Токтосун Барманов өз арызы менен кызматтан кетти. Ошол замат “мен аким болуп элдин кызматын кылам” дегендер койдун корголундай үймөлөктөшө калышты. Бир сөз менен айтканда араң турган ээн ооздорго эрмек табылды.

Албетте ишенимди актай турган азаматтар касиеттүү бул өрөөндө жок эмес, бар. Айрыкча мурда аким болуп иштеп жатканда бийлик алмашуу болуп кетип аргасыздан кызматтан буйдалбай кеткен Таалай Чотоевдин тегерегинде сөздөр арбын. Он кишинин сегизи анын аким болуп иштөөсүнө макул болсо, калганы арсар ойдо болоору талашсыз. Мындан сырткары азыркы акимдин орун басары Майор Сатымкулов тууралуу да жылуу пикирлер айтылууда. Ошону менен катар талапкер катары Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай  Жайылов да чыгаары күтүлүүдө. Мына ушул үч жигиттин бирөө буйруп калса акимдик такка отурат. Ошондой болсо да айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү жогоруда сөз кылган Таалай Чотоевдин аким болуп келишине каршы эмес. Кандай болгон күндө да эзелтеден бери карай келаткан эрегишүү, тирешүү болоору маалым. Бирок карапайым элдин басымдуу бөлүгү калк үчүн күйгөн азамат бийликке келишин самап турушат.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №132




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru