Айбат » Кара күчкө салып күпүлдөгөндөр элине күйүп жарытпайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кара күчкө салып күпүлдөгөндөр элине күйүп жарытпайт

Билеги күчтүүКыргыз өлкөсүнүн касиеттүү айдың тоолорунда толгон-токой кен байлыктар катылган. Көбү эмдигиче изилденип бүтө элек. “Кумтөрдөн” кийин эле ушул багыттагы иштерге каршылык көрсөтүү күчөп кеткени коомчулукту түркүн ойго салчу болду. Анткени мына ишти баштайлы дегенде эле кайдан-жайдан болсо да муштумун түйгөндөр пайда болуп калат. Негизи акыркы убакта кен байлыктарын иликтөөгө, аны тыкыр изилдөөгө бут тоскондор көбөйдү. Чындыгына келгенде бул абдан зыяндуу адат. Себеби азчылыкты түзгөн топ мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалган иштерге тескери таасирин тийгизип жатпайбы? Анан ошону көрүп туруп кантип нормалдуу деп эсептемек элек? Мындай кесепеттүү жосундар тууралуу айтып деле, жазып деле жатабыз.

Жакында «Супер Инфо» газетасынын 2015-жылдын 29-майындагы № 656-санында чыккан «Эл-жерибизди оңдойлу», деген макала мени тунжурата  ойго салды… Чын эле мамлекетибиз жаңыдан бир нукка түшүп келе жатканда капталдан чыга калып айгай салгандар эмнени кыйратат? Акыл калчап бир бүтүмгө келбесек биздин келечегибизге көлөкө түшпөй койбойт. Айтайын дегеним Чүй областына караштуу бир катар айылдар бар. Кылым каарыткан  тоолорунда алтындын кору жатат. Анын канчалык деңгээлде экенин изилдөөгө барганда, чалгындоо иштерин баштаганда эле чамынган бир ууч эргулдар кууп чыкма өнөрдү байырлап алышты. Келечек үчүн жерибизде  байлыктардын  канча көлөмдө  экенин билүү керек эмеспи? Казып иштетпесе деле аны  изилдеп, өз байлыгыбызды билип коюу  мамлекетибиз үчүн да, калк үчүн да зарыл  милдеттерден экени талашсыз.

Айрыкча келечегибиз  жаштардын колунда болгон соң көз карашыбызды оңдойлу. Чалгындоо иштерине өзүбүз кошо катышалы, жерибизде канча байлык бар экенин, ал бизге канча пайда берээрин тактап, билип коюш парз. Ошону менен бирге чалгындоо компанияларынын жардамы менен айылыбыздагы көйгөйлүү маселелерди чечип алсак жаман болмок беле? Туура  ойлонуп, терең түшүнгүлө. Элге пайдалуу максаттарга жетүү үчүн биргелешип масилет куруп, майнаптуу чечимге келели. Жашообузга зарыл болгон экологиянын бузулбашы үчүн өзүбүз кошо жүрүп иштешели да кыймыл эткендин баарын катуу көзөмөлгө алалы. Баш аягы жок ызы-чууну, жол тосмойду, кууп чыкмайды токтотуп, бир келишимге келбесек орчундуу маселени түк ордуна келтире албайбыз. Элибиздин, жерибиздин келечеги үчүн иш жасап алууга каршылык көрсөткөндөр эмнеге бирөөлөрдүн куралына айланат? Өзүн көрсөткүсү келген саясатчылардын азгырыгына алданып жүрө бербей ар кимибиз өз оюбузду, туура көз карашыбызды ортого салалы. Келгиле, чалгындоо жумуштарына тоскоолдук келтирбей иштин алга жылышына чын пейилден салымыбызды кошолу.  Ар бир инсан, өзүнүн туулуп өскөн айылынын өсүп-өнүгүүсү үчүн салым кошкусу келет, же калппы? Болгону карөзгөйлүк кылбай мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып калалы. Айылыбыз үчүн сыймыктангандай бололу. Элибиздин ынтымагы үчүн бир добуштан туура чечимге келип  тургундарды ынтымакка чакыралы. Ырыскы, береке, жакшылыктар  кут орногон жерде ыроолойт. Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын дегендей, өз талаптарыбызды туура коюп ар кимибиз  тапшырылган, жооптуу  ишибизди аркалайлы. Малчы малын баксын, дыйкан түшүмүнө кам көрсүн, геологиялык иштер менен алек болгондор жер байлыктарын изилдесин. Көрүнгөн жерге мурдун сала бергенден эч ким пайда таппайт. Бул кызылдай чындык.

Кийинки кездерде багелегин тизесине чейин түрүнүп алып ой-тоону дөөрүп сүйлөгөндөр көбөйдү. Кээде кандай максатты көздөп тополоңго чыкканын билбейт. Болгону биз минтебиз, керек болсо кууп чыгабыз деген даамы жок кепти айтышат. Өлкөгө зарыл иш экенине баштары оорубайт. Албетте булардын артында өзүн кыйын сезген акылы пас кожоюндары турат. Арам жол менен топтогон акчасын майлуу сөөктөй кылып азгырылгандардын алдына таштап койгонуна булар эрдемсинет. Болбогон мыдырга бирөөнүн кекиртегин жулуп алууга даярлар да болору жалган эмес. Айтор кеңкелестик жасоодон кайра тартпагандар коомдун айыккыс шишигине айланды. Кой деген кожосу, акыл айткан аксакалы болбосо ал жерде кантип акыйкаттык орносун? Каруусун казык кылып, акылын азык кылып элине арнаган азаматтардан деле буйруса уучубуз кур эмес. Тилекке каршы, азгантай айгактар ортодон чыга калып жакшыга көө жаап жатпайбы! Миң уйдун мүйүзүн чакалай баскан бир жаман торпок сыздаткандай эле көрүнүш өкүм сүргөндө күйбөгөн жериң күл болот турбайбы? Таза коомду курууга шумпайлар жанталашып бут тоскону абдан өкүнүчтүү.

Панфилов районуна караштуу Орто-Арык, Кум-Арык, Тельман, Букара, Эркин-Сай деген айылдар бар. Жыйын болот дегенде барсаң улуу-кичүүнү, эне-эжени карабай, ата-аганы көздөрүнө илбей  кыйкырган жаштарды көрөсүң. Улууларга  озунуп сөз бербей, кыйкырган баланын эртеңки турмушу арабөк каларын биз айтпасак ким айтат?  Сырттан келген сый адамдарга шылдың болуп жаткандары менен иштери жок, биз кыйраттык, дегендей шерденип калгандар пайда болгону да ырас. Жер байлыгынын пайдасын эл көрсүн, деп мамлекетибиз аракет кылып жатканда түркөйлүк кылып бут тосуунун өзү акылга сыйбайт. Эсиң барда этегиңди жый, деп айтылгандай, эби  менен сүйлөө акылдуулуктун  белгиси экенин эсибизден чыгарбасак. Орду менен иш кылуу ырыскынын белгиси, көтөрүмдүү, кечиримдүү болуу айкөлдүктүн белгиси. Акыл менен келишип биригүү, ынтымактын туу чокусу. Элибиздин, айылыбыздын намысын көкүрөктөн чыгарбайлы.

Өткөндө “Жер үй” кенин каздырбайбыз деп опулдап чыккандарды келечекке ынанган азаматтар дыргаяктата алыс кууп салганына көпчүлүк күбө болду. Таластыктардын баары эле акылынан адашып калбаганын ушул ирет тастыкташты. Көрсө анча-мынча тыйынга ээрчибегендер деле көп экен. Бузукулук иштерге мээси иштегендер каршы болорун  аныктап билдик. Айылдын социалдык маселелеринин чечилишине оң натыйжа берген майнаптуу демилгеден эмне үчүн баш тартышыбыз керек? Буга окшогон жөрөлгөнү башкалар да колдоого аларында шек жок.

Улуусун урматтабаган, ата-энесин көзүнө илбеген чуулдактардын айылы деген сөздүн мааниси тереңде жатат. Оозунда керемет кеби бар аксакалдар, өрнөктүү  иши менен үлгү болгондор  жаңылган жаштарды акыл менен туура жолго салууну башкы маселе катары  кабылдоосу тийиш. Тентекти тыйып, жөнтөктү жөндөп коюу эзелтен бери келатканын кантип көңүлдөн чыгарабыз? “Бир карын майды бир кумалак чиритет” болуп калганыбыз өкүнүч жаратпай койбойт. Башкы орунга өлкөнүн кызыкчылыгын коюну неге унутта калтырабыз? Омоктуу иштерге мурдун балта кеспегендер качанга чейин тоскоолдук келтире беришер экен? Азыр мамлекет чоң сыноону башынан кечиргени турат. Түз жерден чуңкур тапкысы келгендер мындай учурду эч убакта бекерге  өткөргүсү келбейт. Улам тескери карап оңой алданган кишилерди алдына салып алып жосунсуз жоруктарга сөзсүз үндөйт. Андай куйту шылуундарга жем болгондон качан пайда таптык эле деген жүйөөлүү суроо туулбай койбойт. Мына ошондуктан кандайдыр бир тополоңго чыгаарда жети өлчөп бир кесүүгө үйрөнүшүбүз абзел. Элдин жыргал турмушуна  шек келтирген ызы-чууга катышпай койгон оң болорун акыл-эси бар адам көңүл сыртында калтырбайт. Кеп чынынан бузулбасына ынангандар эч убакта өз айылдашына, өлкөгө кесепетин тийгизбөөгө умтулат. Кылт эткендин баарына кылдат мамиле кылганда гана көздөгөн максатыбызга жетерибизди жүрөккө бек сактайлы. Элдин байлыгын өзүнө бергенди билсек кор болбойбуз. Аң-сезимдүү болбосок, ыйманга келбесек мамлекетибизди өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бул ар бирибиздин абийирибизге тиешелүү деп сөзүбүзгө чекит койолу.

Ж.Улукшер

Айбат гезити №132



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru