Айбат » Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүттү (карта)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүттү (карта)

Биз, түндүк-түштүк альтернативалык автожолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемеси аяктадык. Бул тууралуу «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоордук-иликтөө институтунун башкы директору Жамшитбек Калилов билдирди.

«Биз, мурдарак көрсөткөн тандалган вариантты калтырууну чечтик. ТЭН боюнча гана жол бир аз кыскараак, жолдун узундугу 448 чакырым деп айтып жатышкан, азыр 412 чакырымды түзөт. Жолдун жаңы курулуучу чөлкөмү 200 чакырым болот, эски жолдорду реконструкциялоо дагы 200 чакырымдан бир аз ашыгыраак чөлкөмдү түзөт», – деп билдирди ал.

Анын айтымында, жолдун курулуш баасы 710 млн долларды түзмөкчү.

«Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин узактыгы 3 миң 500 метрди түзөт, деңиз деңгээлинен – 2 миң 500 метр. Экинчи тоннель – 700 метр. Тоннелдин бардык узундугу 4 миң 200 метр. Бул эски вариант калтырылды, жөн гана чакырымдар такталды. Жолдордун калган параметрлери мурда жарыялангандай эле. Жаңы вариантта жолдогу бурулуштар түздөлдү, ошол түздөлгөн жолдордун эсебинен чөлкөмдүн кайсы бир жеринде кыскаруулар болду. Жол тоо ойдуңу боюнча өтөт жана түздөөлөрдүн эсебинен жолдун узундугу 35-36 чакырымга кыскарды», – деп маалымдады Ж.Калилов.

Эске салсак, бардыгы болуп жолдун 3 варианты сунушталган. Биринчи вариант боюнча жолдун жалпы узундугу 589 чакырымды, жаңы курулуш 132 чакырым, 264 чакырымга реконструкциялоо жүргүзүлүп, болжолдуу баа 680-700 млн долларды түзмөк. Экинчи вариантта, жалпы узундугу 463 чакырымды түзүп, жаңы курулуш 238 чакырым, реконструкциялоо 225 чакырым, болжолдуу баа 780-800 млн долларын түзмөк. Ал эми үчүнчү варинт боюнча, жолдун жалпы узундугу 760 чакырымды түзүп, жаңы курулуш 42 чакырым, реконструкциялоо 408 чакырымды түзүп, болжолдуу баасы 540-650 млн долларды түзмөк.

Белгилей кетсек, техника-экономикалык долбоорго ылайык, түндүк-түштүк альтернативалык автожолунун курулушу стратегиялык, экономикалык жана социалдык мүнөзгө ээ.

Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун тандалып алынган варианты

кар




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru