Айбат » Калыгул Бай уулу – ХIХ кылымдын олуясы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Калыгул Бай уулу – ХIХ кылымдын олуясы

Калыгул Бай уулуДүйнөдө турмуштун талуун жана татаал маселелерин талдай билип, башкалар көрбөгөндү көрө билген, доордун добушун тыңшап, тамырын кармаган нечен бир акылгөйлөр өткөн. Бирок ошол орошон ойчулдар менен даркан даанышмандардын арасында да алыскы келечектин кебетесин байкап, турмуштун кай жакты көздөй бет буруп, тарых кай жакты көздөй сүрдүгүп баратканын алдын ала сезген философтор, акылмандар менен көзү ачыктар өтө деле көп эмес.

 

Балалыгы

Нускоочу, ойчул акын Калыгул 1785-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүнүн Карой-Сарой деген жеринде Бай аттуу оокаттуу, төрт түлүгү түгөл адамдын үй-бүлөсүндө туулат. Ал атасынан калган оокатка ээ болуп, өмөрү өткөнчө эч нерседен кор болгон эмес. Калыгулдун чоң атасы, чоң энеси, алардын бир туугандары жөнүндө маалыматтар жок, бирок Калыгулдун өзүнөн тараган укум-тукуму бар. Калыгул жети жашка келгенде бардык арка кыргызындай эле окуу билбестен, азык уруусундагы Сопу ата дегенден намаз окууну үйрөнгөн. Анын диний окуусу ушуну менен чектелген. Ушуга байланыштуу анын чыгармаларында диний көз караштар элементтер катарында гана кезигет. Диний кат сабаты болбогон. Себеби, ал туулган жана эр жеткен мезгилде кыргыз арасында диний көз караштар апчалык канат жая албаган, диний мектептер жок болгондугуна байланыштуу диний окуулар да сейрек боло тургандыгын тарыхый маалыматтар далилдейт.

 

Калыгул

Калыгул өз турмушунда айлана-чөйрөгө адил даанышман, чечен катары таанымал болгондугун кыйла кыргыз өнөрпоздору айтышат. Мисалы, мындай маалыматтар бар: “Калыгул элди аралабаса дагы, бийликке келбесе дагы, анын адилдигине көзү жеткен соң, кээ чакта арка кыргызы чиеленишкен чоң доосу болсо, Калыгулга тапшырган. Калыгул акылынын жетишинче тууралык менен союш, парз албастан, дос-тамыр, өз-жатка карабастан адилеттүүлүк менен чечкен”.

Калыгул бизге белгилүү кыргыз сөз кыргыз сөз устаттарынын алгачкыларынын өкүлү. Ага чейин жашап, эл арасына ырлары кеңири тараган акындар жөнүндө маалыматтар жокко эсе. Ошондуктан аны кыргыз акындарынын ичинен жашы боюнча гана эмес, адабий тажрыйбасы жагынан да аксакал катары кароого болот. Ал айткандарын жалпы жонунан «Акыр заман» сөздөрү деп атаган. Калыгулдан кийин ушул темага кайрылгандар аны тереңдетип гана отурушкан.

 

Олуялыгы

Биз жашаган – тар заман,

Кийин келээр – зар заман¬ – деп эң биринчилерден болуп айтты. Ошол эле Калыгул эски заман бүтүп, алда кандай жаңы заман келатканын, бирок жаңы заманда эл өзгөрөөрүн, «уй пул болоорун, кул бий болоорун, тоо токол болуп, талаа токойго айланаарын» алдын ала айтты. Кийинчерээк “тар заман” деген сөз “зар заман” деген сөз менен алмашылып, ал гана эмес кийин “акыр заман” деген сөз активдүү колдонгон туруктуу поэтикалык фигурага айланды.

Эч кимге күнкор болбой жашап келген кыргыздардын башына түшчү чыныгы оор күн эми келатканын, дагы көп кыйынчылыктар алдыда турганын бир да орусту же орус аскерин көрбөй туруп айтып кеткен экен Калыгул көзү ачык.

 Орус алаар жериңди,

 Сындыраар сенин белиңди..

 Келип калса кокустан,

 Сактайсың сары талааны,

 Солдаттыкка бересиң,

 Ичиңен чыккан баланы,

– деп санат айткан Калыгул.

 

Чыгармалары

Калыгул тамсилчи, маселчи акын катары элге эр жеткен кезинен эле тааныла баштайт. Ал көпчүлүк акындардай комузун күүлөп, үн кошуп ырдабастан, алдына келген адамдарга макалдатып айтып берген. Акындын ырлары эл арасына кеңири тараганы менен, алар бизге толугу менен жеткен жок. Колубуздагы анын «Акыр заман», «Калыгулдун сөзү», «Ысык-Көл тууралуу айтканы», «Терме, санат ырлары» эл оозунан кийинчерээк жыйналып алынгандыктан, алымча-кошумчалардан куру болбосо керек.

Калыгулдун ырларында акыр заман идеясы көбүрөөк орун ээлесе да, санат, насыят, адамдын жүрүм-турумун сындаган, жаштарды адептүүлүккө чакырган саптары да арбын. Албетте, Калыгул феодалдык турмуштун идеологу катары анын салт-санаасын, жорук-жосундарын мактоодон тышкары боло алган эмес.

 

Өзгөчөлүгү

Түп бабалары сарбагыш уруусунан чыккан Надырбек деген манаптын тукумдарынан болсо да, өз атасы Дөөлөт катардагы көп кыргыздын бири экен. Оң жак бетиндеги чоң калы үчүн бала кезинен Калыгул атанып, жаштайынан калыс жашап, калыс жүрүп, ошол калыстыгы, кара кылды как жарган чечендиги үчүн, жорго сөздүн чебери эмес, орошон ойдун дарканы болгону үчүн атагы эрте чыгыптыр. Ошол касиети үчүн короо-короо кою, үйүр-үйүр жылкысы болбосо да менмин деген байлар менен бийлерден адам катары, инсан катары аброю алда канча бийик болуптур. Укурукту алыс таштаган кеп-кеңешин эч кимден аябаганы үчүн, ар качан калыс сөзүн айтып, таза жүргөнү үчүн акын катары эмес, аяр катары, көзү ачык даанышман катары элге бат таанылыптыр Калыгул бабабыз.

Анын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү – салттагы ырчы-төкмөчүлөрдөй абан салып, ыр ырдабай, журт көңүлүн улап, күү күүлөбөй, кээ-кээде гана айта турган оюн, бере турган кеңешин эл алдында кыска, бирок нуска кылып төгүп койгонунда болгон. Сүйлөгөндө да ар бир сөзүн элдин эсинде кала тургандай афоризм катары айтып, айланасындагы эл менен эле эмес, келечек заман менен, доор менен пикирлешкендей, тилинде мөөрү бардай кылып маселе айтчу дешет көрүп-билип калган замандаштары.

 

Улуу кишилердин эскерүүсүндө

Сагымбай Орозбаков

Белгилуу фольклорист Ыбырай Абдыракманов атактуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун Калыгул жөнүндө төмөнкүлөрдү айтканын жазып калтырган: Калыгул акын кыргыз акындарынын атасы эсептелет. Андан мурда эл журтка маалим ырлары сакталбаган биринчи кыргыз акынын уга албадык”.

 

Ыбырай Абдыракманов

Ушуга жакын ойду Ыбырай Абдыракманов да 1940-жылы жазып калтырган: “Калыгул-аттын кашкасындай таанымал акын. Кыргыздар Калыгулдун сөздөрүн олуялыкка такагандан башкага барбагандыктары маалым.

Калыгул чыгарган ырларын обонго салбай, жөн эле маселдентип айтып берген. А кезде ырларын обонго салып, комузга кошуп ырдагандарды “ырчы” дешкен. Ал эми Калыгул болсо, чечендик искусствосунун өкүлү катарында өзүнүн терең образдуу, санат, накыл, макал-лакап иретиндеги сөздөрүнө философиялык маани киргизип, даанышмандык көрк бергендиктен, аны “акын” аташкан. Анын үстүнө анын манаптык даражасы да ырдап отурууга, же комуз кармоого жол бербеген. Мындай даражадагы адамдардын ырдашы ал кездин шарты боюнча “чоң намыстын иши болгон, уят иш болгон” деп жазат Ыбырай Абдыракманов.

 

Акыркы дем

Калыгул өмүрүнүн басымдуу көпчүлүгүн көл жергесинде өткөргөн. Туруктуу жердеген жери Кара-Ой, Сары-Ой-Көл күңгөйүңдөгү жерлер болгон. Калыгул Бай уулу 1855-жылы жай айында 70 жашында көл башындагы Ак-Сууга жол тартып бара жатып, Чолпон-Атага кире бериш жердеги жолдун жээгин көрсөтүп, “Менин сөөгүмдү ушул жерге койгула” деген керээзин айткан имиш. Ал ошонун эртеси күнү Байсоорунда жол үстүндө каза табат. Керээзи боюнча сөөгү коюлган күмбөз Кара-Ойдо. Бул  күмбөз боюнча да бир катар легендалар бар. Мисалы, ушу азыркы күнгө чейин Кара-Ойлук карыялар мындай дешет: “Бул олуя аба каза тапканда ага күмбөз салыш үчүн көп киши келет. Эл күмбөздүн топурагын көл боюндагы беш-он чакырымдан алган экен. Ошондо кол кирпичти бири-бирине берип эл он чакырымча катар турушкан экен. Элдин сүйгөнү ушунчалык экен”…Калыгул 1855-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу деген жеринде 70 жаш курагында дүйнөдөн кайтат. Сөөгү азыркы Ысык-Көл районунун Кара-Ой деген (азыркы Долинка) жерине коюлган.

 

АКЫР ЗАМАН

Азиздер айтып кетиптир

Акыр заман болжолун.

Ак Азирети пайгамбар,

Адам ата баш болуп:

Акыр заман кишиси,

Кичине болоор мүчөсү.

Илгери өткөн адамдан

Башка болот деп айткан.

Адеби жок сүйлөгөн,

Кашка болот деп айткан.

Конушу такыр, чөбү жок

Ташка конот деп айткан.

Элдин нурку азайып,

Ачка болот деп айткан.

Акыр заман адамы

Бакыл болот деп айткан.

Мал азайып арымдап,

Жакыр болот деп айткан.

Эгини өнүп, чөп чыкпай

Такыр болот деп айткан.

Андан кийин замана

Акыр болот деп айткан.

Акыр заман адамы

Алым болот деп айткан.

Аяттын сөзүн бек тутпай,

Залым болот деп айткан.

Аганын тилин ини албай,

Чагым болот деп айткан.

Биринин тилин бири албай,

Жайыл болот деп айткан.

Капыр менен аралаш,

Ошондо айыл конот деп айткан.

 Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №132




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru