Айбат » Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси кызуу талкууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси кызуу талкууда

Токтогул суу саткагычыПарламентте тоо-кен тармагында иштеген инвесторлордун жолун бууй турган жаңы мыйзам талкууланып жатат. Эгер аталган Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси кабыл алынып калса мамлекеттин экономикасына чоң сокку болору айтылууда.

Биздин саясатчылардын кээ бир аракеттерине такыр түшүнбөйсүң. Айрыкча инвесторлорго болгон катаал мамилесин буга мисал кылса болот. Негизи мамлекетти өнүктүрүүнү инвесторлордун жардамы менен гана ишке ашырса болот. Эгер акчасын салып жаткан ишкерлерге ар кандай тоскоолдук жарала берсе, ал мамлекеттин келечеги жок экени жашыруун эмес. Биздин көпчүлүк саясатчыларыбыз эл алдында же башка мамлекеттерге барганда инвесторлорго жагымдуу шарт түзөбүз деп тоодой убада бергени менен иш жүзүндө такыр башка аракеттерди жасап келет. Буга учурдагы депутаттардын аракети даана мисал боло алат. Жакындан бери мөңгүлөрдү сактайбыз деген куру кыйкырык менен “Кумтөрдү” эле эмес бүтүндөй тоо кен тармагын талкалоо алдында турабыз. Муну карап жаткан депутаттардын кебине ишенсек тоо боорунда иштеп жаткан ишканалар муздарды талкалап жатыптыр. Бирок, бул тармакты изилдеп жүргөн адистер мөңгүлөрдүн жок болуп бара жатышы Кыргызстанда эле эмес дүйнөдө болуп жаткан көрүнүш экенин айтууда. Буга глобалдык жылуулук себеп болуп жатканын мисал келтирилген. Кыргызстанда мөңгүлөрдү изилдеген бир эле институт болсо анын чыгымдарын да мамлекет жарытылуу төлөп бербейт экен. Муну Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун директору, академик Дүйшөн Маматканов айтып берди. “Тилекке каршы бизге мамлекет тарабынан эч кандай колдоо жок. Биздин чыгымдарды “Кумтөр” компаниясы гана көтөрүп келет. Биз ошол аймакта жайгашкан Давыдов мөңгүсүн дайыма анализдеп турабыз. Эгер кен иштеткен компаниянын аракети муздардын эришине себеп боло турган болсо аларга айып салып, мындай аракетине тоскоол болобуз”, – дейт ал. Ошондой эле академик Суу кодексине толуктоолор кирип жатканына токтолуп андагы сууга киргизилип жаткан акча үчүн таң калганын жашырган жок. “Чындыгында бизде суу бекер. Коңшу өлкөлөрдө деле суу сатылбайт. Токтогул ГЭСинде суу аз деп жатабыз. Мындай кырдаал сугат маалында аларга бекер суу бергенибизден келип жатат. Эмне үчүн биз жайында аларга суу берип, кышында элдерибиз электр жарыгы жок отурат. Ушундай жагдайда инвесторлордон суу үчүн каражат талап кылып жатканыбыз туура эмес”, – дейт ал. Көптөгөн мамлекеттер инвесторлорду тартуу үчүн ар кандай жеңилдиктерди жарыялап, алар үчүн болгон шартты жасап келет. Ал эми биз болсо сууну да сатуу аракетин көрүп жатабыз. Мындай аракет менен мамлекетти өнүктүрүү кыйын. Тез арада аталган мыйзам долбоорун артка чакыртып, аны ойлоп тапкандарга тиешелүү чара көрүш керек.

Айбат гезити №132




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru