Айбат » “Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы” коомдук бирикмеси Кыргызстанда иш жүргүзгөнүнө 15 жыл толду!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы” коомдук бирикмеси Кыргызстанда иш жүргүзгөнүнө 15 жыл толду!

6-июнь күнү Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 1,5 миңдей кишинин катышуусунда, эл аралык деңгээлдеги  салтанаттуу маараке болуп өттү. Майрамдык мааракеге БДЖАнын борбордук кеңсесинин генералдык директору Мухаммад бин Саъид  Даммас аль Гамиди, КРнын Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Марипов У.А., КРнын ЖКнин вице спикери Зулпукаров Т. З., КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси Момуналиев Н. С. БДЖАнын Кыргызстандагы президенти Саид Баюми о.э. чет элдик жана мамлекеттик сыйлуу коноктор менен кошо өлкөнүн булуң бурчунан келген делегаттар катышышты.

Саид Баюми

Майрамдык кече алгач куттуктоо сөздөрү менен башталып алгач Президенттин куттуктоо катын окуу менен жана Саид Баюмиге өлкө башчынын энчилүү алтын саатын тапшыруу менен уланды. Ошондой эле КРнын ЖКнин спикеринин куттуктоо  каты  буга катар Өкмөт башчысы премьер министрдин ардак грамотасы да сыйлыктардын катарын толуктады.

БДЖАсы 15 жыл аралыгында тыгыз кызматташкан мамлекеттик  мекемелер жана фонддор, медиа өнөктөштөрүнө атайын сыйлыктарды тапшырды. Бул сыйлыктан “Айбат” коомдук-саясий гезитине дагы берилгени редакциялык жамаатка күч кубат берип койду. Салтанаттуу иш чараны ар кандай концерттик номерлер,  таланттуу студенттердин аткаруусундагы ырлар, элдик күүлөр Женишбек акын кыргыз атка минерлери көпүрө салса деле жумалап мактанарын жар салса Омар аттуу ырчы жигитибиз Алла Тааламды мактоо ырлары менен жыйынтыктап жалпы элге жагымдуу маанай тартуулады.

“Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы”– бул коомдун жашоо турмушун социалдык, руханий илимий абалын жакшыртуу үчүн түзүлгөн  коомдук бирикме. Азыркы учурда дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөлөрүндө иш жүргүзүп келүүдө. Ал эми Кыргызстанда 2000-жылдан тартып  ар түркүн кайрымдуулук иштерди  аткарууда.

“Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” КБси калктын аярлуу катмары менен жана жаштар үчүн зарыл болгон ар тараптуу долбоорлордун үстүндө көптөгөн инвестицияларды тартып коомдун өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет. Тактап айтканда, борбордон алыста жайгашкан шарты оор акыбалдагы айыл кыштактарга медициналык кербендерди уюштуруп дары дармектерди таркатып, муктаж болгон жерлерге 27 жаңы орто мектептерди куруп, суусу жок жаңы конуштарга жэр астынан 1300 артезиан сууларын чыгарып же атайын суу түтүктөрүн орнотуп, атадан эрте ажыраган 2000 жетим балдарга ай сайын 1350  сомдон  материалдык жактан жардам көрсөтүп ж.б.у.с. жаштардын илим билимин өркүндөтүү максатында бир топ алгылыктуу долбоорлорду ишке ашырып келет.

Саид Баюми Саид Баюми Саид Баюми Саид Баюми Саид Баюми Саид Баюми Саид Баюми

Айбат гезити №132



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru