Айбат » Элдин ынтымагы – мамлекет бүтүндүгү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Элдин ынтымагы – мамлекет бүтүндүгү

Элдин ынтымагы – мамлекет бүтүндүгү

Мындан туура беш жыл мурун өлкөбүздүн түштүк аймагында тарыхта кара тамгалар менен жазылып кала турган өтө кайгылуу окуя болуп өткөн. Ошол убакта Кыргызстанда жаңыдан гана бийлик революциялык жол менен алмашып, канкор Бакиевдер кыргыз элинин башына тоодой кайгыны үйүп кеткен кез эле. Казынабыз какшып турган, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө доо кетүүчүдөй болуп турган кыйын кезең болчу. Мына ушундай кезеңде «өлгөндүн үстүнө көмгөн» болуп, мамлекетибиздин, анда жашаган жарандарыбыздын душмандары- сепаратисттер эзелтеден ынтымакта жашаган, базары да, мазары да бир болгон кыргыз жана өзбек элинин ортосуна от жагып, түштүк жергебизди өрткө чулгады. Натыйжада бейкүнөө жарандарыбыз каза болуп, турак-жайлар өрттөлүп күлгө айланды. Жакындарын жоготкондору аз келгенсип, үйлөрүнөн да ажырагандар кайда барып баш калкалаарын билбей турду. Мына ушунун бардыгы көздү ачып жумганча эле, өтө чагылгандай тездик менен жасалып кетти. Демек, мындай окуяны жүзөгө ашыруу үчүн сепаратисттер бир нече жылдап даярдык көрүшкөндөй. Ошол убакта мамлекеттин жоопкерчилигин жаңыдан гана өз мойнуна алган Убактылуу Өкмөт алдастап калбастан, түштүктөгү коогалаңды өз убагында баса алды. Эгерде аны тез арада басып калбаганда, аягы эмне менен бүтөөрү күмөн эле. Балким сепаратисттердин көздөгөндөрү да ишке ашып кетмек. Ошого карабастан бийликти күнөөлөп аткандар жок эмес. Албетте, кандай гана окуя болбосун, ал тууралуу түрдүү пикирлер айтылат. Ошентсе да июнь коогалаңын басууга жана анын запкысын тарткан карапайым адамдардын башын өйдө көтөрүп, моралдык да, материалдык да жардам көрсөткөн жаңы бийликтин эмгегин баалабай коюуга мүмкүн эмес. Ошол убакта жаңы бийлик ишеним артып, коогалаңды басууга жөнөткөн айрым генералдарыбыз качып баса берген учурлары да болду. Кагылыш катуу болуп аткан жерлерде кара жанын аябай барып, элди тынчтыкка, ынтымакка чакырып, коогалаңды басууга далбас уруп жүргөндөрү да болду. Айтор, кантсе дагы коогалаңды баса алдык. Мына ошол убакта «казынабызда акча жок, жардам бере албайбыз го» деп ошол убактагы бийлик алаканын жайып отуруп албастан, бардык күчүн үрөп, үйсүз калгандарды, жабыркагандарды үйлүү кылды. Жакындарын жоготкондорго ири суммада компенсация төлөдү. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мүңкүрөп калган мекендештерибиздин башын көтөрдү. Андан сырткары жер-жерлерден гуманитардык жардамдар жөнөтүлүп турду. Ал жардамдар ким кайсыл улуттан экендигине карабай тегиз таркатылды. Талкаланган шаарларыбыз кайрадан калыбына келтирилди. Көп кабаттуу жаңы турак-жайлар курулду. Жолдор салынды. Бүгүнкү күнгө чейин эки элдин ынтымагын ширетүү максатында тынымсыз иш-чаралар жүрүп келет. Бүгүн 10-июнь күнү мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев ошол каргашалуу күндөрдө элди тынчтыкка чакырып жүргөн азаматтарыбызды кабыл ала турган болууда. Албетте, мына ушундай өлкө тынчтыгын, элдин бүтүндүгүн ойлогон эр-азаматтарыбыз дагы бул коогалаңды басууга зор күчүн жумшаган. Мындай мекендештерибиз менен сыймыктансак болот. Бул июнь коогалаңы биз үчүн, эртеңки муун үчүн сабак болуучу ачуу тарых. Аны кайталоого эч качан болбойт. Ал кайгы, азап гана алып келерин билдик…

Айбат гезити №132



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru