Айбат » Ой пикир: Өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнө нааразы болгон Кочкор районунун айрым депутаттары мандаттарын тапшырууга даяр экенин билдирүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ой пикир: Өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнө нааразы болгон Кочкор районунун айрым депутаттары мандаттарын тапшырууга даяр экенин билдирүүдө

Нурбек ЖусупбековӨкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгү райондордун маселесин чечүү үчүн эмес, сыйын көрүү үчүн түзүлгөн. Мындай ойду Кочкор райондук жергиликтүү кеңешинин айрым депутаттары билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Жергиликтүү депутаттардын баамында, буга чейин Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурбек Жусупбековго байланыштуу бир катар массалык маалымат каражаттарына чыгып жатса да, эч кандай кадам чара колдонулган эмес.

«Райондогу бир катар маданият үйлөрүндөгү кемчиликтер, мамлекетке келтирилген зыяндар сыяктуу маселелер ушул убака чейин сөз болуп, керек болсо Жогорку Кеңешке чейин жеткен болчу. Бирок өкүлчүлүк сен мага тийишпе, мен сага тийишпейм деген таризде жүрөт. Андан сырткары, облустук деңгээлдеги иш-чараларга эч бир депутаттардын чакырылбаганы да өз иштерин билбегендиги катары баа берүүгө болот. Мисалга алсак, 30-майда өткөн «ЭкоНарын» фестивалына райондун бир дагы депутаты чакырылган эмес», – дешет депутаттар.

«Премьер-министр иш сапары менен Кочкор районуна келсе да, Кочкор райондук администрациясы адамдарын топтоп «бизде баары жайында» деп гана жайгарып коюп келүүдө. Эгер мындай бирдиктүү иш алып барууну каалабаса, анда биз мандатыбызды тапшырып эле берели. Элдин үнүн угууда ар бир аткаруу бийлиги жергиликтүү кеңештин депутаттары менен тыгыз иш алып баруусу керек. Мына бир эмес, эки айыл өкмөт дем берүүчү гранд алууда катачылык кетирип кара тизмеде турат. Бул кара тизмеге түшүүдө ошол эле администрация, айыл өкмөттөр күнөөлү болсо да, эч нерсе болбогондой алаканын жайып отуруп калышты. Ушунчалык мыйзамсыз иштерге барган адамдарды жазалоо деген жок го бизде. Өкүлчүлүк келет десе администрация «дежурныйларды» чакырат да калганы калат», – деп билдиришти айрым жергиликтүү эл өкүлдөрү

 

Темага калтырылган пикир.

(Интернеттен алынды. Орфография сакталуу бойдон калды)

Сиздердин райондо болуп жаткан корунуштор ар бир жерде орун алган. Акимди же жергиликтүү бийликтин кызматын чечуудо облус башчысы алсыз экендигин билбейсиздерби. А.Кайыпов ар биринен ай сайын доля алып турат деген да маалыматтар бар. Анын алы аким же мэрге жетпейт ал андан коро озунон денгээли томон карапайым элди кемсинткенди жакшы корот. Анын денгээли садик башчыларына жетип, улам бироонун устонун арыз даярдатып, дежурныйларды текшерууго жиберуудо. Куноосуз жетекчилерди зордоп арызын жаздыртып алышууда. Сиздер «Эко Нарын» фестивалына катышпай калдык деп кейибей эле койсонуздар болот, себеби ал анчейин деле денгээлде болгон жок, озунчо эле башаламан, ага нааразы адамдар аябай коп, эгерде колдуктордой болуп «Кочмондор оюнун» откорсок анда буткул дуйно жузуно шылдын болмокпуз, себеби андай иш чараны откоруу учун Каптагаевдей мыкты жетекчи болуусу зарыл экендигине козубуз жетти. Аянтта откон форум аталыштагы иш чарада 5-6 райондордон келгендер ысыкка какталып кыйналышып, баш калкалаганга жай жок, анан калса кутуусуздон жааган мондур аралаш жаанга туш болушса, жыйынтыгында алардын аракеттенип алыстан басып келген жолун, чыгымдарынын жартысын дагы жаппаган биртике 1 – 2 мин сом акчалай сыйлык дегени менен «жон эле сооротууга» ээ болуп кетишти. Ал эми улуттук жана башка тамак аштардын ярмаркасы мей эле, выставка болуп, келет деген комиссия туштон кийин 16-00га чукул кыдырып, а тугул ошончо эмгек, тйшук менен даярдалган тамактар ээрип, майы агып калды. Ал эми комиссия бизге ар бир боз уйго кирип бизге учтон баштык даярдап бергиле, бироосун Ч.Абдраимакуновага деп айтып жатышты деп катышуучулар нааразычылыгын билдиришти. Эми менин ага жеке тийиштигим жок болгондуктан, эч кандай эч нерсе кыла албай, бийликтин бетине барып айта албай, четте карап, ушул жашоодон тунулуп турдум. Кочкор районунун депутаттарына озунун максатына жетпей калган форумга келбей калдык деп, мандатты тапшыруунун зарылдыгы жоктой. Себеби сиздерди эл шайлады жана эл баа берет. Ал эми А.Кайповду эл тандаган жана шайлаган эмес, аны бул жакка окмот жон гана эч бир денгээлине карабастан жиберген. Ошондой жоопкерчиликтуу эл депутаты деген мандатты алып журуп, Сиздерден суранаарым, андан коро биригип устудогулордун креслолорунан алып тушууго аракет кылгыла.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru