Айбат » Ош окуясына 5 жыл

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ош окуясына 5 жыл

Ар бир доордун өзүнө жараша улуу нарктын  жүзү, символдору, калк кастарлаган кумири болот тура. Мисалга алсак, байыркы дүйнөнүн тарыхын тастыктап, ажарын ачкан «Манас» эпосубуз, тарыхты таасын өзгөрткөн эчендеген  кыргыздын балбандары, Кожомкул сындуу алптар өткөн дүйнөдөн. Мына ушул өңдүү биздин  доордо  дагы ар тармакта эл баатырлары болгон. Кыргыз элинин баатырлары Кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматов, академик М. Мамакеев, КРнын эл артисти Б. Жакиев,Кыргыз эл сүрөтчүсү Т. Садыков. Ал эми генерал Өмүрбек Кутуев накта профессионал иштин чебери аталып,  өз кесибинде тарыхта көптөгөн кылмышты ачканы менен элге белгилүү.  Мына ушул баатырлардын катарына элдик генерал болгон Курсан Асановдун ысымын атоого ашыкча болбос. Кыргыздын кырааны  ИИМдин орун басары, генерал-майор Курсан Асановдун  «Ош окуясы» боюнча жасаган иштери эл оозунда айтылып келет.

Беспорядки в Киргизии

 

Каргашалуу коогалаң

Кыргызстандын тарыхында бир эмес, үч ирет (1967, 1990-жылдары) кайталанган Ош окуясынын жараты эми гана айыга баштаганда бул каргашаны кайра баштап, кылымдар бою кошуна жашап, куда-сөөк болуп, базары менен мазары бир болуп калган кыргыздар менен өзбектердин ортосуна кайрадан от жагууну көздөгөн күчтөр 2010-жылдын 10-июнда каргащалуу Ош окуясынын жалынын  ого бешбетер тутандырды.

10-июнда 2010-жылы өлкөбүздүн түштүк аймагында орун алган Ош коогалаңга 5 жыл болот. Бирок, 500гө жакын адамдын өмүрү кыйылып, 20га жакыны ушул күнгө чейин дайынсыз жоголуп, мамлекетке миллиарддаган сом зыян келтирген, эң негизгиси Кыргызстандын жарымын (түштүгүн) автономия катары бөлүп кетүүнү көздөгөн өзбек сепаратисттердин бири да кармалып, сот жообуна тартылган жок. Кармалмак тургай, К. Батыров, Д. Сабиров, К. Абдуллаева жана башка котур ташын койнуна каткан кыргыз элинин душмандары ар кайсы чет өлкөлөрдө баш калкалап чардап жашап жүрүшкөндүр.

 

От кечкен күндөр

Курсан мырзанын «Ош окуясында»  жасаган эрдиги эбегейсиз. Бул инсандын орчундуу белгиси-ыкчам ишмердүүлүгүндө. Эл достугун бийик койгон эр азаматы тарыхтын тагдыр чечкен бурулуштарында оор кырдаалдарда «тар жол тайгак кечүүдөн» элин аман-эсен алып чыккан азаттыктын тайманбас күрөшкери. Көпчүлүк  «Ош окуясында»  июндун башынан баштап эле эмнеге чара көрүлгөн эмес деп суроо узатканга Курсан мырза да кошулат. Бул жерде кандайдыр бир кырдаалга жараша чечкиндүү кадамдар керек болчу. Бирок мына ошол окуя башталганга чейин ошондой чаралар болгон эмес. Ошол «Ош окуясында» Курсан мырза отту кечип жүргөн күндөрүн мындайча эскерет: «Менин башкы милдетим кандай болгон күндө да өлкөбүздүн тынчтыгын орнотуу эле. Каргашалуу ошол күндөрдүн биринде артымда кыргыздар маңдайымда өзбектер кайсы адашкан ок денемди тешип өтөөр экен деп турганым менен мекенибиздин бейпилдиги биринчи орунда болуп турду». Тарыхка саресеп салсак, кай бир мамлекеттерде  колуна курал алып, жоого чыгып, кан төксө, кээ бирлери таамай жана батыл айткан сөзү менен, же жазган китеби менен, же кара кылды как жарган ойлору, акылмандыгы менен өз элин улуттук күрөшкө чакырган. Биздин каарман да караңгыда жол тапкан ылайыктуу сөз тапкан кеменгерлиги менен эки элди ынтымакка чакырды. Кайсыл гана мезгил болбосун Курсан мырзанын иш тажрыйбасында ага жүктөлгөн милдеттерди аткарып, эл билгендей ошол учурда ордолуу Ош шаарында массалык баш аламандыктарга жол берген эмес. Ал эми 2012-жылдын январь айларында Андракта болгон окуя, Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда өткөн түшүнбөстүктөр, 2013-жылы Баткендеги Ак-Сай айылындагы Кыргызстан жана Тажикистан эки мамлекеттин ортосундагы жана ушул эле жылдын октябрь айында Нарын облусунун Торугарт постунда дунган жана кыргыз айдоочулардын арасында чыр чатакты жөнгө салууда зор салымын кошкон. 2013- жылы К. Ташиевдин тарапташтары тарабынан жол тозууларда, 2014-жылы Алай эли А. Келдибековду колдоп чыккан жол тозууларда аларды сөзгө келтирип, тынчтык жолу менен окуяны өз калыбына орноткон. Өз Мекениңден бир нерсе талап кылыш оңой экен, бирок ага ак ниетиңден, ошол  ыйык милдетти сезе билүү – өзүн чыныгы мекенчил, накта патриот деген ар бир инсандын ыйык милдети окшобойбу…

 

Тажрыйбадан өткөн устат жок, болгону ага төлөнчү акы кымбат

Ар бир жандуу пенденин өмүрү-өзүнчө  баяналуу бүтпөс тарых, бараандуу кен дүйнө. Бул каармандын да  бул тармакты тандап алганы да бекерден эместир. Чечкиндүү  сүйлөшү, дармандуу  үнү  жана таамай айткан чебер сөзү  уккан адамдын  тулку боюна кирип, жашоого олуттуу көз-караш менен жетелейт. Иш тажрыйбасында Курсан мырзанын  эркиндиги жана айныгыс адамдык сапаты менен өз ордун тапты. Анткени адам деген атты сактап жашоо үчүн бүтүндөй адамдын жан-дүйнөсүнүн, дилинин, көкүрөктөгү  ички туюмунун, кулк-мүнөзүнүн тазалыгы менен жасаган аракетинин дал келиши абзел. Адамдык сапатты бийик тутуп, жашоо кечирген адамдар сейрек кездешет. Курсан мырза мына ошол сейректердин бири.

 

Түмөн түйшүктүү кесип

Тартип сакчысы кесиби -устаранын мизиндей эле. Бул ар дайым курмандыкты талап кылат. Иш билги кесипкөйдүн баасы кызмат акыдан өйдөрөөк бейм. Курсан мырза  бут өмүрүн эли-жерин коргоого арнап койгон.  Иштин көзүн билген инсандын   түзгөн өз мыйзамы, өз чындыгы  бар. Адам өзүнө өзү  батпаган бир учур сөзсүз келет. Өзүңдү  тааныш үчүн ар тараптан кагылып-согулуп издей баштайсың. Ойлогон оюң, баскан кадамың  баары башка-башка. Мына ушул учурда  аскердик милдет  өзүңдү-өзүң калыптандырууга жол көрсөтөт. Чыныгы  тартип сакчысы  кайсы тармак болбосун үңүлүп, аны өздөштүргөнгө бүт күчүн  жумшайт. Бардык жаат сага китеп сымал ачылып берет.  Профессионалдуулук-бул өзүңдүн ишиңдин ар тараптуулугун кармай дагы, ошонун технологиясын аңдай билгенинде. Анын кызматташтарына, кол алдындагыларга жасаган жигиттик мамилеси, талап кылынса жанына киши бара албагандай катаал, дагы бир учурда жанынан чыккың келбегендей жагымдуу мүнөзү. ИИМдин орун басарлык милдети  менен адамгерчилик Курсан мырзадан   озуп кетпеди, же артта калбады. Экөө  тең тайлашып келе жатат. Ушунча жыл иштеп бул иштин түмөн-түйшүгүн жон териси  менен сезип келет. Мына ушундан улам, Платондун: «Өз ишиңди жасай бер да, өзүңдү өзүң  тааный бил» деген сөзү  эске келет.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №132



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru