Айбат » Баалуу демилге. Токтогулдун өмүрү, чыгармачылыгы бүтпөс дастан

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Баалуу демилге. Токтогулдун өмүрү, чыгармачылыгы бүтпөс дастан

Токтогул Сатылганов, 150 жылдыкСөздү ток этер жерден баштайлы. Былтыр күздө-октябрь айында кыргыз адабиятынын алпы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык торколуу тоюу акындын туулуп өскөн жеринде белгиленген. ”Барчынга” жете электе эле алыстан бышкан эттин жыты каңшаарды өрдөп турду. Ошондо деле Ала-Тоодой эт, Узун-Акмат суусундай чык  даярдалып келген сый конокторго тартууланды. Бул эми биздин каныбызга сиңип калган көрүнүш десек болот. Ал тургай акындын урматына арналып союлган малдын этинен бардык аймактын эли ооз тийгенин айта кетели. Мааракелерди минтип тозбосок кыргыз болбой каларыбыз бышык.

Арийне, баштагыдай эле китеп басып чыгармадан артта калган жокпуз. Биздин колго тийбеген далай китептер азыр окулбай бозоруп турганы жалган эмес. Баары эле изилдөөчү болууга аракеттенди. Арасында омоктуулары да бар экенин айта кетпесек калыстык болбой калат. Мындан сырткары акындын тандалма ырларын дисктерге топтомой да унутта калбады. Бирок аны коммерцияга айлантуунун өзү олдоксондук болорун жаман көрсө да айта кетели. Илимий конференциялар байма-бай өткөрүлүп турганы оң таасир берди. Акындардын айтыштары уюштурулуп кызыл тили менен бүйүр кызыткандар байгеден куру калышкан жок. Негизи акыркы жылдарда айтыш өнөрү бийиктеп баратат. Буга кубануу керек. Себеби Токтогул атабыз да сай-сөөккө жеткирген саптары менен байлардын куйкасын куруштурган. Көп кырдуу кеменгер акындын чыгармачылыгын ар түркүн өңүттө изилдеп чыкканына күбө болдук. Ошентсе да дагы далай көмүскөдө калган жагдайлар бар экенин танууга болбойт. Бирок, мурда эмнеге үзүлүп түшүп изилдебедик экен деген суроо көөдөндү жарбай койбойт. Ошонун кесепетинен биз билбеген туңгуюктар эми чыгып жатпайбы? Чийки жерлери дагы толуктоого муктаж.

Эми жакшы саамалыктын жаралганын кабарлап кетейин. Былтыр акындын мааракесинин урматына тасма тартууга эки азаматыбыз киришкен. Алар убадасын аткарышты. Тактап айтканда “Токтогул” деген аталыштагы тасма көрүүчүлөрдүн ортосуна коюлду. Албетте, муну көпчүлүк азыркыга чейин көрө элек. Антсе да бул тасманы көргөн адам кайдыгер калбайт. Каражаттын жетишпей калганын көрөгөч адам баары бир байкайт. Эгерде ушул маселе дурус чечилгенде акындын образы кенен чагылдырылмак. Анткени менен кыска мөөнөттө, акча тартыштыгына карабастан ушунчалык деңгээлге жетишүүнүн өзү эрдик эмей эмне? Мекенчилдик парасаттын бардыгынан тасма жаралып калбадыбы?

Улуу акынды баалап-барктагандардан дале болсо уучубуз кур эмес тура. Бөксө жерлерин толуктап тасманы кайрадан тартууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин “Шамшыкал-Ата” коомдук фондунун Президенти Таймыр Орозов билдирди. Жакын арада Кожомкул атындагы спорт сарайында оболу күйөрмандарды чакырып тасмадан үзүндү көрсөтүүнү, андан кийин чоң программадагы концерт берүүнү пландаштырып жатышат. Мындай демилгеге Кинорежиссёр Абдиш Айылчиев менен продюссер Муктар Атаналиев кубанычы койнуна батпай турган кези. Алардын кубанычына биз да ортоктош болорубузга саналуу күндөр калды.

Баса андан кийинки долбоор да кызыктуу. Токтогулдун Жамбыл менен жолугушуусу учурундагы таасирлүү эпизоддор да тасмада чагылдырылса ого бетер курч болмок. Кыргыз эли менен казак калкынын ортосундагы бир туугандык мамиле да таасын берилсе тасма өз максатына жетери айтпаса да түшүнүктүү. Чынында азыркы жаштар, мектеп окуучулары Токтогулдун ким экенин билбей калышты. Бул ачуу чындык. Бир жарым кылым мурда жарык дүйнөгө келген Токтогул Сатылганов кыргыздын таалайына жаралган кеменгер. Анын өмүрү, чыгармачылыгы биз үчүн айтып бүткүс түгөнбөс дастан. Ошондуктан анын бизге калтырган аманатын келечек муундардын канына сиңиришибиз абзел. Калкына жарык чачкан инсанды даңазалай берүүдөн талбашыбыз керек. Улуу инсандарды барктай албай жерде басып жүргөнүбүз сокур тыйынга арзыбайт.

 Жора Сулайманов

Айбат гезити №132




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru