Айбат » Эстен кеткис күндөр

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Эстен кеткис күндөр

Мен сабактан кечиккенде

6 же 7 чи класста окусам керек. Бир күнү сабактан кечигип калдым. Анан мектепти үч жолу айланып чуркадым. Эртеси дагы кечигип калсам болобу. Не кылаарымды билбей калдым. Чынында аябай  уялдым эки күн катар кечиктим да. Эми кантем деп, класска кирүүнүн жолун ойлоно баштадым. Биздин класс биринчи кабатта эле. Мектептин каптал жагына өтсөң көрүнөт. Ошол жака акырын өтүп карасам, сабак баштала элек. Классташтарым ызы чуу. Анан сумкамдан бут арчыган, аарчыгычты алдым да. Терезенин бир көзү ачык экен ошол жерден сумкамды класска ыргыттым да кирүүгө шашып жөнөдүм. Өзүм ойлогондой  мектеп кароолчусуна бут арчыган аарчыгычты көрсөтүп -мен доска аарчыгычты жууганы чыктым деп. Лапшаны илдим да кароолчудан өтүп кеттим. Сүйүнүп  класска кирсем эжей олтурат. Жунусов бул эмне кылганың, уялбайсыңбы, жакшы эле бала элең го. Эмне үчүн сумкаңды менин алдыма ыргытып эч нерсе билбегендей кирип келдиң деп урушту. Көрсө мен сумканы ыргытканда эжей сырттан киргенде алдына түшүп калыптыр да. Кайра эле сумканы айнектен сыртка ыргытып жибериптир. Бар сумкаңды алып келип олтур десе болобу. Эжеке эшикке чыкканда алып келем деп былтыйып олтуруп алгам. Ушул күн эч эсимден кетпейт да.

Сейитгазы Жунусов

Акыркы коңгурооАкыркы коңгуроо чоң турмушка чакырык

Биздин айыл жашыл бактарга бай, чоң ,эли меймандос. Ал эми мектебибиз айылдын так ортосунда жайгашкан. 2009-жылы биздин бүтүрүү жылыбыз эле. Ошентип бат эле майдын 24 болду. Бул күнү кечке жаан жаады. Баарыбыз анын ичинде мен да эртеңки салтанатка даярданып жаттым. Тилегенибиз күндүн ачылып кетиши эле.

25-май күнү апам ойгото электе эле ойгонуп ойлуу жаттым. Апакемдин мээримдүү үнү жаңырып ,мага келип майрамым менен куттуктап, эркелете бетимен өптү. Бүтүрүү кечесине деп даярдалган кийимдеримди кийип, чачымды экиге байлап, аппак барпыраган вантиктеримди тагынып апам менен мектепке жөнөдүм. Ал эми эшикте аба ырайы бүгүнкү салтанатка арналып таптаза, болуп жуулуп даярдалгандай. Мектепке бат эле жете келдик. Сүйүктүү классыбыз химия кабинетине кирип барсам классташтарымдын баары койкоё кийинип алышып линейкада ырдала турчу ырыбызды даярдап жатышкан экен. Көзүмө баары сулуу көрүндү. Линейка башталып ,бүтурүүчүлөрдү тозуп алуу убактысы да келип жетти. Окуучулардын, мугалимдердин, ата-энелердин шаттуу кол чабуусунда биз да бүтүрүүчүлөр үчтөн жетелеше чыга келдик. Баары кол чаап тозуп алышты а биз мурун көрүп жүрсөк да толкунданып, биз үчүн даярдалган оордубузга келип тизилип турдук. Салтанаттуу линейка ачык деп жарыяланып бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо сөздөрү айтылып , белек бечкектер берилип ак жол тиленип линейка аяктап өз сапарын каарытып баратты. Ошентип акыркы коңгуроо кагылчуу убактысы келип жетти. Бир кыз ,бир бала мотурайган 1-класстын окуучуларын жетелеп коңгуроону кагып айланып баратышты. Мына бул конгуроо үнү биз үчүн акыркы жолу кагылып үнү акыркы жолу жаңырып бара жатты. Шыңгыр-шыңгыр-шыңгыр…

Коңгуроо үнүн угуп денем дүркүрөп , чыйрыгып , көзүмө жаш тегеренди. Бул коңгуроо үнү баарын жыйынтыктап,деги койчу баарыңар чоңойдуңар, өстүңөр эми кетесиңер дегенсип чекит, илеп белгилерин коюп жаңырып жаткандай туюлду.

Анан баарыбыз чоогу коштошуу хорун ырдап линейканы жыйынтыктадык.

Өзүбүздү чоң сезип турдук, бирок биз эч нерсени биле элек балапандар элек. Ар бирибизди ар кандай жашоо күтүп турганын, кийин ар бирибиз ар тарапка чачырап учуп кеткенде билсек керек. Алтындарым кимиңер кайда жүрбөгүлө баарыңар аман -эсен бийиктикке карай сапар тартып жүрсөңөр болду. Силер ар дайым эсимдесиңер…

Кыял  Адикинова

 

 

Студенттик күндөр

Студенттик күндөрдө эмнелерди гана көрбөйбүз.  Бир жолу Илимдер академиясынын аялдамасында турсам 1 мектеп окуучусу (2-3-класс) “эже үуйгө кеткенге акчам жок, 10сом бериңизчи” – деп сурады. Жаш баланы жакшы көргөн жаным тим эле элжиреп кетип 10сом берип койдум. Чөнтөгүмдө коп эле тыйыным бардай туюлду. Карасам эле маршурткам келе жатыптыр, акчамды даярдайын деп карасам эле жалаң 1 сомдук тыйындардан алтоо калыптыр  айлам кетип эч кимден акча сурай албай башым катып турган чакта баягы менден акча сураган бала Дюшес алып ичип жатат. Адамдардан сурай албадым. Же телефонумда бирдигим жок, бирөөнү чакыра калайын десем. Кечке аялдамада үмүттөнүп тааныш бирөө келип калаар, же бирөө чалып калаар деп турдум. Тилекке каршы экөө да жок. Ошентип Джалга чейин жөө келдим.

 

Башымдагы шөкүлө

Биз 11-класста окуп жатканда “Нооруз” майрамына карата айылдагы 5,6 мектептер арасында КВН уюштурулду, ал жерден жеңишке жеткен команда районго бармак, ошентип биздин команда районго барып калдык. Программа боюнча ар бир командадан 1 жеке номер аткарылмак, ал номерде мен Аксуубай Атабаевдин “Тоолор”  деген чыгармасын аткармакмын, ошол номерге жакындаганда ырдын сөзүн унутуп, өзүмдү жоготуп бараттым. Кыргыз көйнөктү кийип башыма шөкүлө (топу) табылбай, райондун маданият үйүндө иштеген бир эже шөкүлө алып келип берди эле же башыма батпайт анысы, башымды кыйнап эле бастырып кийгизишип коюшту, ырдын сөзүн унутуп жатканым үчүн башыма деле көңүл бурбай ырды кайра-кайра кайталап жаттым. Ошентип, биз күткөн коркунучтуу учурда келип биздин команданын атын атады. Ал жерде мен ырдап аркамда кыздар балдар клип аткарышмак, клиптин сценарийи боюнча 2 бала ат болушуп, кыз менен бала аларды минип кыз куумай оюнун   көргөзүшмөк, кыз атты чаап баратып башындагы ак жоолугун камчы оордуна алып өйдө асманды карата кармап айлантып атты чаап качмак, ошентип ырдын сөзүн унутуп жаткан мен,  элдин кол чабуусуна берилип, колдорумду жайып тоолорду көрсөтүп ырдап жаттым, катуураак бийлеп жиберсем эле башымдагы түшүп калчудай болуп турат0. Бир маалда качып бараткан кыз менин аркама келгенде кычашып жоолугун алып айлантты эле башымда араң турган учу узуун шөкүлөгө келип жоолуктун учу тийди эле, шашып кетип бир колум менен кармап калдым, бир колумда микрафон бир колум менен башымдагы шөкүлөнү кармап түздөп-түздөп,бастырып-бастырып коём, элдер жылмайып, кол чаап жатышат, коркуп уялганыман бетим помидордой болуп кызарып,температурам көтөрүлүп кеткенсиди, ырдын бүтүшүнө шашам же ыр бүтпөйт кычагансып. Ошентип, башымды кайра-кайра кармап акыры ырдап бүтүп кирип келсем, байкап калган кыздар балдар башыңдагы түшүп кетсе не болот элең дешип каткырып күлүп калышты, мен болсо адашпай, уят болбой ырдап кирип кеткениме кудайга шүгүр деп отуруп калдым.

Айбат гезити №132



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru