Айбат » Балдарды лагерге жөнөтүүнүн пайдасы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Балдарды лагерге жөнөтүүнүн пайдасы

Балдарыбыз мектеп окуларын аяктап алдыдагы 3 айлык эс алуусун кандай, кайда өткөрөбүз деп бир гана балдардын баштары оорубастан буга ата-эненин баштары да ооруп жаткан учуру. Албетте кээ бир ата-энелер өз балдарын лагерге жибериштен корккондор да аз эмес. Биз силерге ушул лагердин пайдалуусун жана жайда балдарыңызды лагерге жиберүүңүздү сунуштайбыз. Андыктан ата-эне жана окуучулар лагердин пайдалуусун окуп алаңыздар.

Жаш балдар

Ата-энелердин көпчүлүгү балдарын лагерге жиберүүгө уруксат берүүдө узакка чейин бир чечимге келе алышпай кыйшалышат. Анткени баланы башка адамдар менен өз алдынча, өзүн кандай алып жүрөт деген тынсыздануу, ошондой эле коопсуздугу тынчсыздандырат. Анан суроолор жарала баштайт…

Эмне үчүн баланы лагерге жөнөтүү керек? Анын балага кандай пайдасы бар? Ата- энесинен алыс болгон учурда башкалар менен мамиле түзүп, баарлашууга психологиялык жардам көрсөтүүнүн зарылчылыгы канчалык?….

Буга байланыштуу психолог адистери ата- энелер төмөнкү маселелер тууралуу көбүрөөк ойлонууну сунуштайт.

  1. Тартип

Лагерлердин дээрлик бардыгында тартиптүүлүк эң биринчи кезекте аткарылууга тийиш. Качан ойгонот, жасалуучу көнүгүүлөр, эртең мененки тамак, кызыктыруучу оюн- зооктор, эс алуу жана кайсы маалда уктоого камынышат. Булардын бардыгы балаңыз канча күнгө лагерде болсо ошончо күн өзгөрүлбөй кайталанат. Демек, балаңыз бул убакыт аралыгында күнүмдүк жашоосун иреттеп, тартиптүүлүккө көнөт. Ал эми, сиз балаңыздын лагерде калыпка салынын келген эрежелерин так сактап улантып кетүүгө аракет жасаңыз. Маселен, эртең менен эрте ойгонуп, бети- колун жууп, көнүгүү жасап жана эртең мененки тамагын шашпай сабакка курсагы ток кетсе, жакшы эмеспи?!…

  1. Баарлашуу

Лагерде эң биринчи эле жаңы таанышуулар орун алат. Жаңы достор пайда болот. Пикирлештер табылат. Демек, башка адамдар менен баарлашып, мамиле курууга, кайсы бир буюмду бөлүшүп, чогуу иштетүүгө көнөт. Дүйнө таанымы өзгөрөт. Адептүүлүккө, кичипейилдүүлүккө үйрөнөт. Ал эми тарбиялоочу ар бир топко балдарды өз- өзүнчө бөлүп, оюн ойнотууда биргелешип иш аткарууга үйрөнөт. Ар кандай театралдык оюн ооктор, мелдештер өткөрүлөт.

  1. Өз алдынчалуулук

Мындан сырткары лагерде өз алдынчалуулукту жана жоопкерчилик сапатты мыкты өнүктүрүлөт. Маселен, эртең менен озү уктаган төшөнчөсүн жыйнап, жуунууга керектүү буюмдарын таза кармап, өз ордуна коюуга үйрөнөт. Кийимдерин иреттейт. Эгер көп күнгө бара турган болсо кийимдерин өзү жууганга туура келет. Андан кийин кийимин кирдетпей, этияттап ойноого көнөт.

  1. Талант

Лагерде маданий иш-чаралар көп өткөрүлгөндүктөн балаңыз кайсы бирине баары бир барышына туура келет. Андыктан бул учурда балаңыздын таланты ачылып, өзүнүн жан дүйнөсүнө ылайык, жөндөмү туура келген, керек болсо келечекте ээ боло турган кесибин таап келиши ыктымал. Андыктан лагерден келген балаңыз кайсы бир ийримдерге катышууну суранса, жок дебеңиз, сөзсүз жаздырып, катыштырыңыз.

  1. Эс алуу

Анан албетте лагердин дагы бир пайдасы ден-соолугун чыңдоо жана эс алуу. Таза аба, туруктуу, пайдалуу азыктардан жасалган тамак- аш кабыл алуу, көнүгүүлөр, жакшы маанай, жаңы таанышуулар булардын бардыгы баланы ден- соолугуна оң таасирин берет. Эң эле маанилүүсү, сыналгы, компьютер, интернети жок убакыт өткөрөт. Андыктан эч ойлонбой балаңызды лагерге жөнөтүңүз.

Айбат гезити №132




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru