Айбат » Өз өлкөсүнүн тарыхын кылып жатканын сезип турушту

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Спорт » Өз өлкөсүнүн тарыхын кылып жатканын сезип турушту

16-июнь күнү болуп өткөн футбол боюнча мелдеште Кыргызстандын курама командасы учурдагы Азия чемпиону Австралиянын курама командасына 2:1 эсеби менен утулса дагы, эң мыкты оюн көргөзө алды, азаматсыңар!

Атамбаев, селфи

Бирок дүйнөлүк басылмалар коноктор үчүн оюн оңойго турбаганын жазып чыгышты. Лимон.KG чет өлкөлүк беш басылманын кечээги футбол беттеши жөнүндө баяндамасын топтоду.

  1. Daily Mail Online: «Австралиялыктар Бишкекте катуу экзамен беришти. Талаа ээлери Австралиянын дарбазачысы Мет Райанды эс алдырган жок. Кыргызстан көп контрчабуулдарды колдонду. Кыргызстандыктар тынбай аракет кылып, анын үзүрүн көрүштү. Көптөгөн аракеттердин жыйынтыгында 92-минутта алар гол киргизишти»Кыргызстан футбол боюнча курама командасы
  1. News.com.ua: «Кыргызстандык команданын капитаны Азамат Байматов кошумча минуттарда гол киргизгенде, 18 миң күйөрман дүйнө Кубогун жеңип алгандай сүйүнүштү. Бул оюнду көрүү баардык кыргыздарга жакты. Тайпа фактору чоң роль ойноду. Күйөрмандар оюнчуларга дем беришти»

 

  1. Socceroos.com.ua: «Австралиянын курамасынын башкы машыктыруучусу Ангелос Постекоглу (Ange Postecoglou) анын командасынын тез киргизилген тобу атаандаштын каршылыгын мокотот деп ойлогон. Бирок талаа ээлери бир гол киргизе алышты»

 

  1. Espnfc.com: «Кыргызстандык футболчулар үстөмдүк кылып, жеңишке карата чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ болушкан. Тилекке каршы талаа ээлери өзүлөрүнүн чабуулдарын ишке ашыра алышкан жок. Австралиялыктар мындан пайдаланып, өзүлөрүнүн жеңишин 68-минутта дагы бекемдеп алышты»

 

  1. The Sydney Morning Herald: «Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 18 миң күйөрман коллективдүү сүрөөндү баштай электе, кыргызстандыктардын дарбазасына бир гол кирип, кайгыртты. Анткени бул алар өз үйүндө ойноп жаткан эң маанилүү матч болчу. Беттеште керек болсо өз командасын колдоп өкмөт башчы да отурду. Патриот кыргызстандыктар, өз өлкөсүнүн тарыхын кылып жатканын сезип турушту»

 

  1. The Guardian: «Кыргызстан өзүнүн тарыхындагы эң чоң матчты өткөрдү. Талаа ээлери канаттануу менен ойношту. Австралиянын башкы машыктыруучусу кыргыз футболчуларынын даярдык деңгээли ал үчүн «күтүлбөгөн белек» болгонун белгиледи».

Кырыгзстан фанаттары

 

Аскар Салымбеков, “Дордой” ассоциациясынын президенти:

- Бул оюн биздин футболдун өнүгүшү, өсүшүнү бир тенденцияга түшүп калганын көрсөттү да.  Акыркы жылдары биздин федерацияга жаш жигиттер келип, чет мамлекеттер менен болгон мамилелерди жакшынакай түзүп, көп жаңылыктарды алып келип жатат. Акыркы ФИФАнын конгрессинде биздин федерациянын ишин аябай жактырып, ошол жердеги 209 федерациялар – жаштар келип, ишин оңоп, реформалар болуп атат деп айткан. Ал эми кечээ күнкү оюн Кыргызстандын беделин бир топ көтөрдү. Австралиянын машыктыруучусу да “биз 117-орундагыдай болуп, ал эми Кыргызстан биздин ордубуздай болуп ойношту” деп айтты.

Футбол ушундай нерсе экен, канча шанстар келгени менен гол киргизе албай калдык. Биздин коноктор Азиянын чемпиону. Эки жолу тээп, эки гол алып кетишти. Бул беттеште оюнду уттурганыбыз менен Кыргызстандын футболу жалпысынан жеңип алды. Күйөрмандар, элдик намыс жеңди.

 

Анж ПастекоглуАнж Пастекоглу, Австралиянын башкы машыктыруучусу:

Кыргызстандын азыркы курамы сакталышы керек

 Австралиянын башкы машыктыруучусу Анж Пастекоглу оюн жогорку деңгээлде өткөнүн, күйөрмандар оюнга жакшы атмосфера түзүп беришкенин айтып, журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди.

– Биз бул оюнда жеңишке жеткенибизге кубанычтабыз. Жакшы оюн болду. Кыргызстан курамасын куттуктайм. Силердин күйөрмандар керемет атмосфераны түзүп беришти. Алар командаңарга дем-күч берип, алга сүрөп жатышты.

- Кыргызстандын улуттук курамасынын оюнчулары тууралуу сиздерде кандай пикир пайда болду?

– Жогоруда айткандай, оюн эң жакшы өттү. Кыргызстандык футболчулар мыкты оюн көрсөтүштү. Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин эмгегин баса белгилей кетишим абзел. Ал команданы бир бүтүнгө чогулта алды. Эми Сиднейде боло турган жооптук беттеште мындан башкача оюнду күтөм.

- Австралиянын өкүлдөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун абалын сындап жазып чыгышкан. Стадиондун абалы сиздердин оюнга кандай таасир берди? Көйгөй жаралган жокпу?

– Оюн талаасы жакшы эмес сапатта болду. Эгерде деңгээли жакшы болгондо бул беттешти башкача өңүттө ойноого аракеттенмекпиз.

- Оюн жыйынтыгына ыраазысызбы?

– Ооба. Анткени биз жеңдик.

- Австралия курамасы Кыргызстандын оюнчуларын өзүнө теңдеш атаандаштай эле кабыл алыштыбы?

– Биз Кыргызстандын Бангладеш менен болгон оюнун көрдүк. Ал беттеште команда өзүн жакшы жагынан көргөзө алды. Бирок бул беттеште жеңиш ээси биз болдук. Ошондуктан жеңүүчүлөрдү эч убакта сындоого болбойт.

- Кыргыз курамасы үчүн кандай кеңеш бере аласыз?

– Кыргызстандын азыркы курамы өзгөрбөстөн сакталышы керек. Бул курамдын оюнчулары бири-бирин жакшы түшүнүп, мыкты ойношу үчүн бирге көп оюнга чыгуулары зарыл. Бишкекке келип ойной турган Бангладеш жана Тажикстан курамалары дагы биздей эле кыйынчылыкты башынан кечирет деп айтаар элем.

01 02 03 04 05 06 07

 

Футбол федерациясы Кыргызстан-Австралия таймашына кире албай калгандардын билетинин акчасын кайтарып берди

Футбол федорациясы Кыргызстан-Австралия командаларынын оюнуна кире албай калган көрүүчүлөрдүн акчасын кайтарып берди. Бул тууралуу федерациянын маалымат кызматы билдирди.

“Адамдар дайыма келип жатат. Биз билетин текшерип акчасын беребиз. Азырынча канча адам келгенин санай элекпиз. Биз ММКга көрсөтмө берүүгө даярбыз” дейт маалымат кызматы

Эске салсак, 16-июнда Кыргызстан-Австралия курама командалары 2018-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн ат салышкан эле. Ал 2-1 эсебинде жыйынтыкталды. Оюнга 1000ден ашуун күйөрмандар билети менен кире албай калган эле. Премьер-министр күнөөлүлөрдүн жазасын бергенге сөз берген.

Айбат гезити №133



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru