Айбат » Кыргызстан дүйнө өлкөлөрү арасынан инсульттун саны боюнча 1-орунда турат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Кыргызстан дүйнө өлкөлөрү арасынан инсульттун саны боюнча 1-орунда турат

Мээдеги нейрондор, инсультКыргызстан дүйнө өлкөлөрү арасынан инсульттун саны боюнча 1-орунда турат. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда парламенттин отурумунда депутат Ташполот Балтабаев («Ата Мекен») билдирди.

«Ден соолук» программасын ишке ашыруудагы негизги багыттардын бири — жүрөк кан тамыр оорулары менен күрөшүү жана алардын алдын алуу. Бул тууралуу сиз өзүңүз айттыңыз. Кыргызстан инсульттун саны боюнча дүйнөлүк рейтингде канчанчы орунда турат дедиңиз?» – деп суроо узатты депутат саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге.

Министр өз кезегинде Кыргызстандын алдыңкы орундарда экендигин билдирди.

«Эгер мен инсульт боюнча жардам көрсөтүү жагынан акыркы орундарда турабыз десем жаңылышпайм», – деди ал.

«Тилекке каршы Кыргызстан инсульттун саны боюнча биринчи орунда болууда», – деди министр.

Айбат гезити №133




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru