Айбат » Бийлик шайлоону таза өткөрөлү деп атса, Темирбек Асанбековдун тескери басканы кандай?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бийлик шайлоону таза өткөрөлү деп атса, Темирбек Асанбековдун тескери басканы кандай?

Темирбек Асанбеков2010-жылдын 7-апрелинен кийин өлкөбүздө бийлик жаңырган. Жаңы келген бийлик мурдагыдай үй-бүлөлүк башкаруудан биртоло баш тартып, парламенттик башкарууга өтүп, анын негизинде бардык мамлекеттик иштерди ачык-айкын жана таза жасоого бел байлады. Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн башкы факторлордун бири бул таза шайлоо өткөрүү экендигин моюнга алып, бул багытта алгылыктуу иштерди жасоодо. Алдыбызда парламенттик шайлоо келатат. Андыктан өткөн жылдан бери карай кыргыз өкмөтү калктын биометрикалык маалыматын топтоо багытында ишти катуу жүргүзө баштаган. Анын натыйжасы жакшы. Бирок аягына чыга элек. Булиш-аракет албетте эң ириде шайлоону таза өткөрүүгө багытталган. Мурдагыдай 3-4 адамдын ордуна бир эле адамдын добуш берип коюусуна жол бербөө максатын көздөгөн. Бирок, мына ушул аракеттен дагы саясат тапкандар чыгууда. Маселен, «Мекен ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков «Биометрикалык каттоо тууралуу мыйзам КР жарандарынын укугун жана эркиндигин одоно бузууга барабар» деп кыйкырып чыкты. Кандайча укук бузулат? Тескерисинче, башка бир адамдын ордуна таптакыр эле бөлөк адамдын добуш берип коюсуна чек коюу болуп жатпайбы? Таза шайлоону өткөрүү аракети болуп жатпайбы? Анан эмнеле Темирбек мырза тескери теминип туру. Же таза шайлоо болсо, анын партиясы адаттагысынча коюу чаңдын арасында кала берерин алдын ала сезип атабы?

Айбат гезити №133



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru