Айбат » Марс Сариев, саясат таануучу: “Азыркы тапта көпчүлүк серепчилер КСДПнын салмагы күчтүү болуп жатканын айтып атышат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Марс Сариев, саясат таануучу: “Азыркы тапта көпчүлүк серепчилер КСДПнын салмагы күчтүү болуп жатканын айтып атышат”

Марс Сариев- Марс мырза, алдыда парламенттик шайлоо келатат. Сиздин боолголооңуз боюнча бул шайлоодо кайсы партиялардын алдыга озуп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар?

– Азыркы тапта көпчүлүк серепчилер КСДПнын салмагы күчтүү болуп жатканын айтып атышат. Анан дагы жаңыдан түзүлгөн «Кыргызстан» партиясында мүмкүнчүлүк бар деп айтышууда. Бирок, ошол эле учурда «Ата-Мекен» партиясынын да позициясы күчөп баратат. Андыктан картина өзгөрүлүп кетиши мүмкүн. Себеби КСДП менен «Ата-Мекендин» ортосунда азыр байланыш жок болуп турат. «Эмгек» менен «Бүтүн Кыргызстан» бирикти. «Республика» менен «Ата-Журт» бирикти. Эгер ушулар бир тарапта болуп кетсе, анда картина таптакыр өзгөрүп кетиши мүмкүн.

- Шайлоо алдында ар кандай саясый оюндар жүрүп кетери белгилүү. Бул жолу кырдаал оорлоп кетүүчү жагдай жокпу?

– Аябай чоң тобокелчиликтер бар. Кырдаал курчуп кетиши да мүмкүн. Себеби КСДП менен «Ата-Мекен» тирешип калышы мүмкүн. Муну тышкы оюнчулар пайдаланып кетиши мүмкүн. Ошол эле убакта батышка оогон саясатчылар да бар…

Айбат гезити №133



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru