Айбат » Текебаев шайлоону гана ойлобой, өлкө экономикасын да ойлой алабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Текебаев шайлоону гана ойлобой, өлкө экономикасын да ойлой алабы?

ТекебаевШайлоодо элдин добушун көбүрөөк алуу үчүн кандай кадамдарга баруу туура болот? Албетте мына ушундай суроо азыркы тапта ар бир саясатчынын, ар бир партия лидеринин башынан кетпей турат. Андыктан түрдүү жолдор менен элдин көңүлүн көбүрөөк өздөрүнө буруу аракетин жасашууда. Бул багытта “Ата-Мекен” партиясына алдына ат салдырчудай эмес. Мурда “уктап” жаткандай болуп, дал шайлоонун алдында үндөрүн бийигирээк чыгарып калышат. Маселен, кече жакында эле парламент депутаттары тарабынан КР Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды. Ага ылайык эми мөңгүлөргө жакын аймактарда пайдалуу кендерди казуу иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болот. Мына ушуну “Ата-Мекен” лидери сынга алып, кабыл алынган өзгөртүү Давыдов мөңгүсүн биротоло жок кылып тынат деп чыкты. Бирок, ошол эле учурда дүйнө жүзүндө глобалдык жылуулук болуп, мөңгүлөр эч кандай өндүрүшү жок жерлерде деле ээрип жатканын айткысы келбейт. Ага улай эле Текебаев “Мен “Жерүй” алтын кенин иштетүүгө каршы чыгам. Биз али “Кумтөр” маселесин пайдалуу чече элекпиз. Мындай шартта “Жерүйдү” иштетүү негизсиз жана жоопкерчиликсиз болуп калат. “Жерүй” “Кумтөрдүн” тагдырын кайталап калышы мүмкүн” дейт ал. Эгерде анын мындай ою бар болсо неге эртерээк айтып чыккан жок эле? Качан гана тендер өткөрүлүп, алтын кенин иштетүүгө уруксат берилип калгандан кийин элге жагынуу аракетин жасап калуу туура болобу? Эмнеге өкмөттүн жасап аткан иштерине тоскоолдук гана кылып, ошол эле учурда тескерисинче жардам берүүнү көздөбөйт. Эгер “Кумтөрдү” иштетпесек, “Жерүйдү” иштетпесек, анда бюджетибизди эмне менен толтурабыз? Мына ушул багыттан өзүнүн сунушун айтып койсо дурус болор беле?..

Айбат гезити №133



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru