Айбат » Жумакадыр Акенеев, экономист: “Кумтөр” сыяктуу кендер иштеши керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жумакадыр Акенеев, экономист: “Кумтөр” сыяктуу кендер иштеши керек”

Жумакадыр Акенеев- Жумакадыр мырза, өкмөт мөңгүлөргө жакын аймактардагы стратегиялык обьекттерде пайдалуу кендерди казып алууга уруксат берүүнү караган “Суу кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизип парламентке сунуштап жатат. Ал эми айрым депутаттар бул мыйзамды өткөрбөө аракетин көрүүдө. Демилгечилер аталган мыйзам кабыл алынбаса “Кумтөр” сыяктуу кендер токтоп кала турганын айтууда. Депутаттардын мындай кадамын кандай баалайсыз?

– Чындап айтканда, бизде иштеп жаткан кендердин көпчүлүгү тоолордо. Ошонун ичинде “Кумтөр” сыяктуу кендерди иштетиш керек. Бирок, экологияны да сакташыбыз зарыл. Бул жерде таптакыр кендерди иштетүүгө болбойт дегенге экономист катары каршымын. Экологияга кам көрүү менен бирге, экономиканы да ойлоп, экөөнү бирдей алып кетүүгө аракет кылыш керек. Албетте, Жогорку Кеңеште бул өзгөртүүгө каршы пикирлерди айтып келишкени менен акыры аны биринчи окууда эле кабыл алышты. Менимче туура кадамга барышты.

- Мөңгүлөрдүн жок болуп жатышын “Кумтөргө” байланыштыргандар да бар. Чындап эле аталган кен Кыргызстандын муздарын жок кылып жатабы?

– Мөңгүлөрдүн азайып жатышы жалаң эле Кыргызстанда эле эмес дүйнө жүзүндө болуп жатат. Муну окумуштуулар да айтууда. Мисалы, Арктика, Антарктикада муздар азайып жатат. Себеби дүйнө жүзүндө жылуулук болууда. “Кумтөр” боюнча айтсак аталган кенде да экологиялык катачылыктары бар. Ал эми анын кесепети жалпы мамлекеттеги муздарга тийип жатат дегенге кошулбаймын. Андыктан күнөөнү бир гана “Кумтөргө” үйө бербеш керек.

Айбат гезити №133



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru