Айбат » Кыргыз жаштары АКШ эки жүздүү саясатына каршы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргыз жаштары АКШ эки жүздүү саясатына каршы

АКШ18-июнда АКШнын Бишкектеги элчилинин алдына студенттер виза бербей жатканын айтып нааразычылык акциясына чыкты. Жыйындын уюштуруучуларынын бири iLAca мекемесинин башкы директору Лариса Логинова митингге 100дөй студент катышууга аракет кылганын бирок, алардын копчүлүгү “кара тизмеге” түшүп калуудан чочулап  сыртта турганын билдирди. Анын айтымында, АКШ өкмөтү Манастагы аба база жабылгандан бери студенттерге виза бербей жатканын айтып нааразы болду. “Өткөн жылы кыргызстандыктардын 70 пайызына виза бербеди. Бул жылы АКШга барууну каалаган жарандарыбыздын 80-90 пайызынын тилеги таш капты. Биз бир канча жолу элчиликке кайрылганыбыз менен эч кандай жооп жок. Бирок, алар ар кандай сөздөр менен алдап келет”, – дейт ал.

АКШда окууну максат кылган же окуп жаткан студенттер Манастагы базанын чыгып кетишинен кийин жана Кыргызстан евразия экономикалык биримдигине кошулгандан тарта аталган өлкөнүн саясаты таптакыр өзгөргөн. Элчиликте иштеп жаткандар деле визинан берилбей жатышына ушул факторлор себеп болуп жатканынын кыйыр түрдө айтып жатыптыр. Демократияны туу туткан бул өлкөнүн мындай эки жүздүү саясатына таң калып турубуз. Алар Россияны күнөөлөбөй эле койсо болчудай. АКШнын мындай кылыгына жаштар эле нааразы болбой, мамлекет да көңүл буруп койсо. Болбосо бизге каршы иштеп жаткан элчиликтин эмне кереги бар?

Айбат гезити №133




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru