Айбат » Шумкарбек Адилбек уулу, экономист: “Жерүйгө каршы чыгып жаткандар тендер өтүп жатканда кайда эле?”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Шумкарбек Адилбек уулу, экономист: “Жерүйгө каршы чыгып жаткандар тендер өтүп жатканда кайда эле?”

Жерүй- Шумкарбек мырза, парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Кумтөр” маселеси чечилмейинче Жерүй кени иштебеш керек деп айтыптыр. Бул кишинин мындай билдирүүсүнө кандай баа бересиз?

– Бул таптакыр туура эмес. Жерүй менен “Кумтөрдүн” маселеси таптакыр эки башка. Биз экономиканы өнүктүрөбүз десек мындай иштерге жол бербешибиз керек. Инвесторлорду чакырып, аларды тендерге катыштырып, утуп чыгып акчасын сала баштаганда ага бут тоскон акылга сыйбаган көрүнүш. Мына ушул каршы чыгып жаткандар тендер өтүп жатканда кайда эле?

- Айрым саясатчылар Жерүйдү иштетпөө айласын катуу көрүп жатканы байкалууда. Буга Таласта өткөн митингдер мисал боло алат. Мындай акциянын артында кимдер турганы да ачыкталды. Биз ушундай саясатчыларды тартипке чакырып койсок болобу?

– Сөзсүз түрдө мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштеген саясатчыларды жоопко тартыш керек. Ал эми инвесторлорго бут тосуп, Кыргызстанга акчасын коротуп жаткан чет элдиктерди кайра артка кайтарсак бизге кандай инвестиция келет? Бул саясатчылар эмнени каалап жатканы түшүнүксүз.

Айбат гезити №133



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru