Айбат » Мурда инисинин ден-соолугун шылтоологон Садыр Жапаров эми эмнени шылтоолойт?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мурда инисинин ден-соолугун шылтоологон Садыр Жапаров эми эмнени шылтоолойт?

Садыр ЖапаровМурдагы бийликтин учурунда жасап койгон «калбырлары» калдырап кетүүсүнөн коркуп өткөн жылы Минскиге кире качкан экс-депутат Садыр Жапаровдун карааны эмдигиче Кыргызстанда жок. Эсибизге жара чыкпаса, ал Кыргызстандын чегинен чыгып кеткенден кийин эле өзүнө караштуу маалымат булактары аркылуу «Мен инимдин бөйрөгүн алмаштыруу үчүн кеттим. Эгер керек болсо мен иниме бөйрөгүмдү берем, анан Кыргызстанга кайтып келем. Эч кимден коркуп качкан жокмун» деп баатырсынып аткан эле. Албетте, бир тууган деген керек, анын ден-соолугу үчүн кам көрүү да зарыл. Андыктан биз Садыр мырза инисине жасала турган операция ийгиликтүү болсо, чогуу кайтып келишет го деп күтүп отурсак, Кыргызстанга иниси Дөөлөтбек өзү эле келиптир. Ал эркин басылмалардын бирине маек куруп, операция ийгиликтүү болгонун, анан агасы Садыр Жапаров азыр Польшада экендигин, качан кайтып келерин билбестигин саймедиреген экен. Анан дагы ал «Биз бир туугандар, ата-энемдер болуп агам Садыр Жапаровдун Кыргызстанга кайтып келишине каршы болуп атабыз. Агам элге жаман көрүнүп калбасын деп атабыз» дейт. Демек, Садыр мырза деле өз сөзүнө тура албаган, позициясы жок саясатчы экендигин тастыктап атат. Эгерде ал эч кимден коркпосо, таза болсо, мамлекет казынасынан эч нерсе жеп-ичпесе, коррупцияга малынбаса, анда кимден жана эмнеден коркот? Же аны Кыргызстанда бирөө куугунтуктап атабы? Куугунтуктаган жок. Болгону ал өз көлөкөсүнөн өзү коркуп атат. Күлгөндүн билгени бар, корккондун себеби бар. Демек, ал өзү эле коркуп чет мамлекетте качып атса, анда сөзсүз бир себеби бар го. Ал эми инисинин ден-соолугу жөн гана шылтоо болуп бергенби? Эгерде ал кара башын гана ойлобосо, иниси менен чогуу келбейт беле?

Айбат гезити №133



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru